Мунайдын ордуна азык-түлүк, накталай акчанын ордуна тамактануу: Йемендеги системалуу жакырчылык каапырлардын куралы

Мунайдын ордуна азык-түлүк, накталай акчанын ордуна тамактануу: Йемендеги системалуу жакырчылык каапырлардын куралы
Йемендин Пландоо жана эл аралык кызматташтык министри, ошондой эле Йемендин Дүйнөлүк банк тобу алдындагы өкүлү Афрах аз-Зуба расмий билдирүүсүндө Дүйнөлүк банк Йеменде «Тамактануу жана жашоо каражаттары үчүн накталай акча» долбоорун каржылоону жактырганын айтты. Долбоорго 100 миллион доллар грант бөлүнүп, андан тышкары өлкөнүн туруктуулугун колдоо, калыбына келүүсүн жана кайра курулушун чыңдоо үчүн дагы 1,8 миллион доллар каралган. (Россия сегодня).
Бул дипломатиялык кооз сөздөрдүн жана болжолдуу каржылык гранттардын артында чыныгы абалдан таптакыр айырмаланган жүз жашырылган. Бул долбоордун жарыяланышы азап-тозокту жеңилдетүүгө багытталган гуманитардык кадам эмес. Тескерисинче, ал жаңжалдардан жана согуштардан жабыркаган элдердин байлыктарына колониялык көзөмөлдү күчөтүүнүн жана көз карандылыкты бекемдөөнүн кезектеги баскычы болуп саналат. Йемен да капиталисттик ири державалардын, алардын башында турган Американын тил алчаак куралы катары кызмат кылган Дүйнөлүк банктын мына ушул чирик саясатынан сырткары эмес. Америка эл аралык акча-кредит саясатын багыттоону көзөмөлдөп, аны элдерди моюн сундуруу жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин саясий чечимдерин баш ийдирүү үчүн жумшак курал катары колдонот. Мунун баары өнүгүү жана кайра куруу деген жалтыраган ураандардын артына жашырылганы менен, чындыгында жакырчылыкты долбоорлоо жана экономикалык алсыздыкты түбөлүккө сактап калуу болуп эсептелет. Ошондуктан «Тамактануу жана жашоо каражаттары үчүн накталай акча» долбоорун эл аралык институттардын узакка созулган колониялык мурасынан бөлүп кароого болбойт. Бул түшүнүк дароо өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында Иракка таңууланган, жаман аты чыккан «Мунайдын ордуна азык-түлүк» программасын эске салат. Ыкмалары жана аталыштары өзгөргөнү менен негизги маңызы бир эле. Башкы максат — эркин элдерди жана мүмкүнчүлүктөргө бай өлкөлөрдү чыныгы көз карандысыз экономиканы куруп, өзүнүн эгемендигине жана өндүрүштүк чечимине ээ кылуунун ордуна, күн сайын жардамдын күкүмүнө көз каранды болуп жашаган керектөөчү коомдорго айландыруу.
«Тамактануу үчүн накталай акча» түшүнүгү кыскача айтканда, адамдын ырыскысын жана анын тирүү калышын Батыштан Дүйнөлүк банк жана ага караштуу мекемелер аркылуу каражаттын келип турушуна байлап коюуну билдирет. Бул кыйыр ыкма алар ырастагандай экономиканы курбайт жана туруктуулукту да бекемдебейт. Тескерисинче, түзүмдүк алсыздыкты бекемдеп, ачарчылыкты саясий куралга айлантат. Ал курал элдердин экономикалык жана саясий жактан күчтүү абалында эч качан кабыл албай турган саясий пландарды жана эгемендик боюнча багынып берүүлөрдү таңуулоо үчүн колдонулат.
Бул түшүнүктүн жана анын системалуу жардам берүү механизмдеринин майда-чүйдөсүнө чейин караганда, гуманизмдин жүзү айкын көрүнөт. Программа сыртынан салттуу азык-түлүк жардамдарына ийкемдүү альтернатива катары сунушталып, түздөн-түз акчалай жардам берүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун жоктугун жана жетишсиз тамактанууну азайтууну көздөйт. Бул жардам алуучуларга өздөрүнүн жергиликтүү базарларынан муктаждыктарына ылайык жаңы жана ылайыктуу азык-түлүктөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүк берет деп айтылат.
Бул багыт өзгөчө белгилүү топторго көңүл бурат. Аларга туура тамактанууну камсыз кылуу үчүн кош бойлуу жана бала эмизген энелер, жашоонун ушул маанилүү мезгилинде боюнун өспөй калуусун жана жетишсиз тамактанууну алдын алуу үчүн эки жашка чейинки балдар, ошондой эле азык-түлүк менен камсыздоодо көбүрөөк кыйынчылыктарга туш болгон аялдар баккан үй-бүлөлөр кирет.
Программадагы колдоо механизмдери шарттуу акчалай которууларга негизделет. Анда энелерге саламаттык жана туура тамактануу боюнча түшүндүрүү жыйындарына катышуу, саламаттык борборлорунда көзөмөлдөн өтүү шарттары менен акча берилет. Же болбосо гуманитардык уюмдар менен келишим түзгөн дүкөндөрдөн негизги азык-түлүккө алмаштырууга боло турган азык-түлүк купондору колдонулат.
Бирок бул техникалык майда-чүйдө көрүнгөн механизмдердин саясий маңызы тереңде жатат. Алар ачарчылыкты жоюу эмес, аны жумшак ыкма менен башкаруунун жолу болуп саналат жана коомдун күнүмдүк жашоосунун негизги тармактарын донорлордун көрсөтмөлөрүнө байлап коюунун каражаты болуп эсептелет.
Дүйнөлүк банк — талап-тоноонун жана экономикаларды кыйратуунун куралы
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун негизги максаты эч качан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү өнүктүрүү же жакырларды куткаруу болгон эмес. Тескерисинче, алардын милдети эл аралык тартипти ири державалардын кызыкчылыктарына кызмат кыла тургандай кылып калыптандыруу болгон жана азыр да ошондой бойдон калууда. Дүйнөлүк банк өз стратегиясында «түзүмдүк реформалар» жана шарттуу гранттар деп аталган программалар аркылуу өлкөлөрдүн экономикалык инфраструктурасын системалуу түрдө кыйратууга басым жасайт. Бул программалар өз күчүнө таянууга болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кылган кыйратуучу талаптарды таңуулайт.
Эл аралык акча-кредит уюмдарынын кыйратуучу ишмердүүлүгү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү тажрыйбаларында ачык көрүнгөн төмөнкү негизги пункттарда жыйынтыкталат:
Соода эркиндиги жана валюта алмаштыруунун эркиндиги. Бул импортко коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууну билдирет. Натыйжада жергиликтүү базарларды чет өлкөлүк товарлар каптап, жергиликтүү өнөр жай менен өндүрүш атаандашууга жөндөмсүз болуп калат. Бул алардын тез банкрот болушуна алып келет, ал эми мамлекеттин казынасы чет өлкөлүк валютадан жана алтындан куру калат.
Улуттук валютанын наркын төмөндөтүү. Бул системалуу чара ири өнөр жай мамлекеттерине гана кызмат кылат. Алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн байлыктарын жана чийки заттарын эң арзан баада сатып алышат. Ал эми өлкөнүн ичинде бул элдин сатып алуу жөндөмүнүн кыйрашына жана чыныгы өндүрүштүк камсыздоосу жок акчаны ашыкча чыгаруудан келип чыккан коркунучтуу инфляциянын тузагына түшүүгө алып келет.
Катуу үнөмдөө программалары жана эмгек акыны тоңдуруу. Бул жергиликтүү насыялоого чектөө киргизүүнү, рибанын өлчөмүн жогорулатууну, негизги мамлекеттик кызматтарга болгон чыгымдарды кыскартууну, салыктарды жана электр энергиясы, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүүнү, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын тоңдурууну жана керектөөчү товарларга берилген субсидияларды токтотууну камтыйт. Мунун натыйжасында экономикалык токтоп калуу күчөп, ички көтөрүлүштөрдүн чыгышына түрткү болот.
Системалуу карыз тузагына түшүрүү. Өнөр жай мамлекеттери үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн насыя алууга кызыктырат. Ал насыялар же керектөөчү импортту каржылоого, же өндүрүшкө пайда алып келбеген жасалма жана көңүл ачууга багытталган долбоорлорго жумшалат. Карызды төлөө мөөнөтү келгенде мамлекет төлөй албай калса, Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк жаңы графикти таңуулап, карыздын жүгүн жана үстөк пайызды дагы көбөйтөт. Натыйжада карыз өлкөнүн эгемендүү байлыктарын түздөн-түз ээлеп алууга, анын мүлктөрүн сатууга жана аны банкрот деп жарыялоого шылтоо болуп калат.
Мындай өнүгүүнүн ийгиликсиздиги кокустук эмес. Тескерисинче, бул капиталисттик эл аралык түзүлүштүн көздөгөн максаты болуп саналат. Муну Дүйнөлүк банктын өзү 1991-жылы жүргүзгөн расмий изилдөө да көрсөтөт. Изилдөө өнүгүп келе жаткан элүү өлкөнү камтыган. Таң калычтуу жыйынтык мындай болгон: Фонд менен Банктын программаларын кабыл албаган өлкөлөр экономикалык өсүшкө жетишкен, ал эми алардын программаларын кабыл алган өлкөлөрдүн бирөө да олуттуу ийгиликке жете алган эмес. Бул ошол программалар кыйроону жана жакырчылыкты жаратууга даярдалган даяр рецепттер экенин тастыктайт.
Йемен — системалуу уюштурулган бороондун чордонунда
Йеменге байланыштуу бул долбоор 101,8 миллион доллар көлөмүндө сунушталып, көзгө күл чачуу жана кырсыкка кабылган элди алаксытуу аракети болуп саналат. Эбегейсиз байлыктарга жана өзгөчө стратегиялык жайгашууга ээ болгон өлкө, эгер иштерди башкаруунун туура мабдасы колдонулса, өзүн толук камсыздай алмак. Бирок бүгүн андан каапыр колонизатор Батыш берген ушул аз өлчөмдөгү жардамга көз каранды бойдон калышы талап кылынууда.
Дүйнөлүк банк гуманитардык абалды адеп-ахлактык себептерден улам сактап калуу үчүн эмес, Йемендин капиталисттик эл аралык түзүлүштүн алкагында калышын камсыз кылуу жана Батыштын үстөмдүгүнөн чыныгы экономикалык бошонууга алып бара турган ар кандай багыттын алдын алуу үчүн аракет кылууда. Калыбына келтирүү менен кайра курууну ушул эл аралык мекемелердин көзөмөлүнө жана башкаруусуна байлоо өлкөнүн келечегин көп жылдарга күрөөгө коюу дегенди билдирет. Ошондой эле мындай кайра куруу колониялык саясий чечимдерди кабыл алуу жана өлкөнүн эл аралык ири державалар олжону жана пайдаларды өз ара бөлүштүрүп турушу үчүн дайыма алсыз абалда калышы шарты менен байланыштырылат. Бул атактуу арстан, карышкыр жана түлкү жөнүндөгү жомоктогудай, анда алсыз тарапка зыяндан башка эч нерсе тийбейт.
Акырында мындай дейбиз: Үммөттүн жаштарына бул кылдат чындыктарды ачып берүү, капиталисттик гуманитардык жардамдын кабыгына оролгон арам колониялык саясаттарды ашкерелөө, каапыр колонизатордун жана анын куралдарынын колун кесүү, ошондой эле экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө шаръий важип болуп саналат. Алар «тамактануу жана жашоо каражаттары үчүн накталай акча» долбоору жакырчылыкты жана көз карандылыкты бекемдөөнүн, ошондой эле элдердин эркин жана келечек муундардын тагдырын кыйыр түрдө талап-тоноонун гана куралы экенин билиши керек.
Дагы бир жолу баса белгилейбиз: чыныгы жана акыркы кутулуу эч качан Дүйнөлүк банктын уулуу гранттары жана насыялары аркылуу келбейт. Ал бардык түрдөгү чет элдик саясий жана экономикалык кийлигишүүнү токтотуу, үммөттүн өз чечимин жана толук эгемендигин кайра кайтарып алышы, ошондой эле адилеттүү Раббаний түзүм болгон Ислам системасын колдонуу аркылуу гана ишке ашат. Анткени ал адамдардын иштерин чыныгы мааниде башкарууну камсыз кылат, байлыктарды адилеттүү бөлүштүрөт жана капиталисттик колониялык үстөмдүктүн узак жылдарга созулган көз карандылыгы менен кордугуна чек коёт.
Роя гезити
Устаз Абуд аль-Факих —Йемен вилаяты




