Басма сөз

Мусулман акимдери БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан сөз сүйлөөдө бири-бири менен жарышып жатышат, бирок аларда иш-аракет жок!

Басма сөз баянаты

Мусулман акимдери БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан сөз сүйлөөдө бири-бири менен жарышып жатышат, бирок аларда иш-аракет жок!

Түркиянын президенти Эрдоган шейшемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө: «Эл аралык коомчулук (израилге) көбүрөөк басым жасашы керек», — деп, дагы көп мамлекеттерди Палестина мамлекетин таанууга чакырды.

Ал эми Иорданиянын падышасы Абдулла II дүйнө Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган кризистер менен кагылышууларды көз жаздымда калтыруунун акысын төлөп жатканын айтып, алардын кесепеттери аймактын чегинен чыгып, дүйнө жүзүндөгү экономикага жана адамдардын жашоосуна таасир берип жатканын баса белгиледи. Ал: «(Израилди) жоопко тартууга келгенде чечимдер кагаз бетиндеги сыя бойдон калууда. Мунун натыйжасында ал эч кандай ооздуктоосу жок мамлекетке айланууда», — деп кошумчалады.

Ал эми Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Палестина маселеси эл аралык системанын «көзгө көрүнбөгөн чекити» бойдон кала берсе, адилеттүү эл аралык система жөнүндө сөз кылууга болбой турганын айтты. Ал Газада болуп өткөн окуяларды «сөздүн толук маанисиндеги геноцид» деп баалап, келечек муундар гуманитардык апааттын көлөмү менен аны токтотуу үчүн жасалган эл аралык аракеттердин деңгээлинин ортосундагы чоң айырмага таң каларын билдирди.

Башка мусулман акимдери да ушулар сыяктуу. Айрым сөздөрүндө жана кооз сүйлөгөн сөз айкаштарында айырмаланышканы менен, маңызы жагынан баары бирдей. Алардын баары дагы эле тынчтык долбоорлорун даңазалап, Палестинанын төрттөн үч бөлүгүнөн көбүн басып алуунун мыйзамдуулугун таанууга негизделген эки мамлекеттүү чечим көз карашы боюнча кагылышууну чечүүгө умтулуп келишет. Ага ылайык, Палестинанын жанында палестиналыктар үчүн алсыз бир кичинекей мамлекет түзүлмөкчү. Алар муну Палестинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышууну токтотуучу сыйкырдуу чечим деп ойлошот. Анткени алар Ислам үммөтү өзүнүн чечкиндүүлүгүн жана өзгөрбөс принциптерин акыйдасынан жана дининин өкүмдөрүнөн аларын унутушту же унуткансып жатышат. Ал өкүмдөр Исра жана Мираж жеринин бир карышын да кайсы бир колонизаторго берип коюуну ага арам кылат.

Алардын баары жөөттөрдүн мамлекети Палестинадагы элибизге каршы жасап жаткан иштер геноцид жана өтө оор кылмыш экенине макул болгонуна карабастан, муну чечүү үчүн аны кылмыштарын токтотууга мажбурлоо максатында ага басым жасоого чакыруудан башка эч кандай чечим сунушташпайт. Кудум ал өзүнөн-өзү, сүйүү жана урмат үчүн токтоп калчудай! Же эл аралык система мусулмандардын жана Палестинанын маселесине көңүл бурчудай! Анткен менен Иорданиянын падышасы өзү: «(Израилди) жоопко тартууга келгенде чечимдер кагаз бетиндеги сыя бойдон калууда. Мунун натыйжасында ал эч кандай ооздуктоосу жок мамлекетке айланууда», — деп айтып жатат.

Демек, алардын баары Бириккен Улуттар Уюму ири жана колонизатор мамлекеттердин куралы гана экенин, анын чечимдери колонизаторлордун максаттарына жана пландарына кызмат кылганда гана мааниге ээ болорун түшүнүшөт. Ошого карабастан, алар өздөрү да ал сөздөрдүн БУУнун дубалдарынан ары чыкпай турганын билип туруп, сөз сүйлөө жана кайрылуу жасоо үчүн БУУнун трибунасына кайра-кайра жөнөшөт!

Палестинага нусрат берүүнүн жолу белгисиз эмес. Палестинаны толугу менен азат кылуу мусулмандардын армиялары аракетке келүүсү аркылуу гана ишке ашарын баары билет. Ибн Умардан, Пайгамбар ﷺ айтты:

«لَتُقَاتِلُنَّ الْيَهُودَ فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ حتّى يَقُولَ الْحَجَرُ: يَا مُسْلِمُ، هَذَا يَهُودِيٌّ فَتَعَالَ فَاقْتُلْهُ».

«Силер сөзсүз жөөттөр менен согушасыңар жана аларды өлтүрөсүңөр. Акыры таш: “Эй, мусулман! Бул жерде жөөт бар, кел да аны өлтүр”, — деп айтат».

Бирок бул акимдер дагы эле колонизаторлордун чечимдерин жана долбоорлорун айтып, чыныгы жана натыйжалуу иштерди таштап коюшууда. Аллах Таала айтты:

﴿وَقُلِ اعْمَلُواْ فَسَيَرَى اللّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ وَسَتُرَدُّونَ إِلَى عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ﴾

Айткын: «(Каалаган) ишти кылгыла. Анткени, Алла, Анын пайгамбары жана момундар кылган иш-амалыңарды көрүп турат жана жакында көмүскө жана көрүнөөнү (жашыруун жана ашкере нерселердин баарысын) Билүүчү Затка кайтарыласыңар. Анан, Ал Зат силерге кылып өткөн амалдарыңардын кабарын берет». (Тообо: 105).

Акимдердин жөөттөрдүн мамлекетинин кылмыштарын жана БУУнун алсыздыгын түшүнүшү аларды үммөттүн кызыкчылыктарын коргогон баатырларга айлантпайт. Тескерисинче, бул алардын колонизатор кафир менен тил бириктиргенине далил. Анткени алар чындыкты түшүнүп турушат, бирок ошого карабастан Палестинага жана анын элине нусрат берүү үчүн кымындай да аракет кылышкан жок.

Үмүт жана ишеним үммөттүн армияларындагы ыкластуу адамдарда. Алар үммөттү жана анын маселелерин колдоо, Палестинаны жана мусулмандардын басып алынган башка жерлерин азат кылуу үчүн аракетке келишсин жана муну менен чыккынчы, тил бириктирген малай акимдерди четке кагышсын.

Андыктан, шашылгыла, шашылгыла, эй мусулман армиялары!

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

25.09.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button