Кабар
«Мухаммад» ысымы Англия менен Уэльсте үчүнчү жыл катары менен эң популярдуу ат болду

«Мухаммад» ысымы Англия менен Уэльсте үчүнчү жыл катары менен эң популярдуу ат болду
Мухаммад ысымы Англия менен Уэльсте жаңы төрөлгөн эркек балдарга коюлган эң популярдуу ысымдардын рейтингинде үчүнчү жыл катары менен биринчи орунду ээледи. Британиянын Улуттук статистика бюросунун (ONS) маалыматына ылайык, 2025-жылы бул ысым 5 957 ымыркайга коюлган.
2024-жылга салыштырмалуу Мухаммад деп аталган жаңы төрөлгөн балдардын саны 236га көбөйгөн. 2024-жылы да бул ысым биринчи орунда турган.
Статистика көрсөткөндөй, «Мухаммад» деп жазылган варианты эң көп тандалган бойдон калууда. Бул ысымдын башка формада жазылган түрлөрү да эң популярдуу 100 ысымдын катарына кирген: «Мохаммед» 20-орунду, ал эми «Мохаммад» 55-орунду ээлеген.




