Фикхий

Мөөнөтү белгиленген карыздын бир бөлүгүн кечүү ордуна аны мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн өкүмү 

Мөөнөтү белгиленген карыздын бир бөлүгүн кечүү ордуна аны мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн өкүмү 

Суроо: 

Эгер бир киши товарды он миңге сатып алып, анын бир бөлүгүн дароо төлөп, калганын, мисалы, бир жыл ичинде бөлүп-бөлүп төлөөгө келишсе, андан кийин, мисалы, үч айдан соң сатуучу келип: «Эгер калган карызыңды, мисалы, беш миңди азыр төлөсөң, мен сага миңин кечип берем да, сенден төрт миң гана алам», — десе, бул төлөмдү тездетүү үчүн карызды өз наркынан төмөн баага сатуу болуп эсептелеби же карызды сатуу эмес, шарттуу түрдө анын бир бөлүгүн кечүү болуп эсептелеби? Эгер бул жаиз болсо, анда анын бир келишимде товарга эки баа белгилөөдөн кандай айырмасы бар?

Жооп: 

Мөөнөтү белгиленген карыздын бир бөлүгүн кечүү ордуна аны мөөнөтүнөн мурда төлөө карызды карызга (фикхте карыз – дайн дегенде белгилүү бир валютадагы акча (динар же дирхам) же адамдын зиммасындагы карыз назарга тутулат) сатуу болуп эсептелбейт. Тескерисинче, бул фикхте «ضع وتعجل» – «Карыздын бир бөлүгүн кеч жана төлөмдү тездет» деген бөлүмгө кирет. Башкача айтканда, мөөнөтү белгиленген карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө ордуна анын белгилүү бир бөлүгүн кечүү дегенди билдирет.

Ал эми карызды карызга сатууга мисал катары төмөнкү абалды келтирүүгө болот: сенин бир кишиде миң динар карызың бар. Сен ошол карыздын эсебинен андан жүз килограмм жасмык (чечевица) сатып аласың жана ал жасмыкты сага бир айдан кийин берүүгө келишесиң. Бул жерде сен миң динар карызды мөөнөтү кийинкиге калтырылган жасмыкка, башкача айтканда, карызга саткан болосуң. Бул харам, анткени ал карызды карызга сатуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, бул капиталы карыз болгон салам соодасы болуп саналат. Бул да харам, анткени салам соодасында капитал башынан эле колго алынган болушу керек.

Карызды карызга сатуунун дагы бир көрүнүшү мындай: сенин Амирде миң динар карызың бар, ал эми менин Замирде жүз кийим карызым бар. Мен сага: «Замирдеги жүз кийим карызымды сенин Амирдеги миң динар карызыңа сатам», — дейм. Бул карызды карызга сатуу болуп эсептелет.

Мындан башка да көрүнүштөрү бар, бирок алардын баары карызды карызга сатуу болуп эсептелет. Бул ошондой эле «байъул-калиъ бил-калиъ» жана «байъун-насиъа бин-насиъа» деп аталат.

Карызды карыз адамдан башка кишиге сатуу бир добуштан харам болуп эсептелет. Буга Хакимдин «Аль-Мустадрак алас-Сахихайн» китебинде Ибн Умардан (разияллаху анхума) риваят кылынган төмөнкү хадис далил болот. Пайгамбар ﷺ айтты:

«نَهَى عَنْ بَيْعِ الْكَالِئِ بِالْكَالِئِ»

«Карызды карызга сатууга тыюу салынды».

Башка бир риваятта буга «هُوَ النَّسِيئَةُ بِالنَّسِيئَةِ» — «Бул мөөнөтү кийинкиге калтырылган нерсени мөөнөтү кийинкиге калтырылган нерсеге сатуу» деген сөздөр кошулган.

Ал эми карызды карыз адамдын өзүнө сатуу маселесинде ихтилаф бар. Айрым аалымдар муну жаиз дешсе, башкалары харам деп эсептешет.

Сенин сурооңо келсек, жогоруда айтылгандай, бул маселе факихтерде «ضع وتعجل» – «Карыздын бир бөлүгүн кеч жана төлөмдү тездет» деген бөлүмгө кирет. Башкача айтканда, мөөнөтү белгиленген карызды же анын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөө ордуна карыздын белгилүү бир бөлүгүн кечүү дегенди билдирет. Бул маселеде да ихтилаф бар:

– Айрым аалымдар буга уруксат беришпейт жана төмөнкү далилдерге таянышат:

  1. Байхакий «Ас-Сунан аль-Кубра» китебинде Микдад ибн Асваддан риваят кылган. Ал мындай дейт:

«Мен бир кишиге жүз динар карыз бердим. Андан кийин Аллахтын Элчиси ﷺ жөнөткөн аскердик кошуунга катышуу үчүн мага чүчүкулак чыкты. Ошондо мен ал кишиге: “Мага токсон динарды мөөнөтүнөн мурда төлөп бер, мен сага он динарын кечип берем”, — дедим. Ал: “Макул”, — деди.

Андан соң бул окуя Аллахтын Элчисине ﷺ айтылганда, ал мындай деди:

«أَكَلْتَ رِبًا يَا مِقْدَادُ، وَأَطْعَمْتَهُ»

«Эй, Микдад! Сен риба(дан) жедиң жана аны башкага да жегиздиң».

(Маалымат үчүн, имам Ибн Каййим «Игасатул-лахфан» китебинде: «Байхакий риваят кылган бул хадистин санадында алсыздык бар», — деп айткан.)

Алар мындай дешкен: Жахилият доорундагы риба белгилүү бир мөөнөткө, шарт кылынган үстөк менен берилген карыз болгону белгилүү. Андагы үстөк мөөнөттү узартуунун ордуна болгон. Аллах Таала муну жокко чыгарып, харам кылган жана мындай деген:

﴿وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ﴾

«Эгер тообо кылсаңар, мүлкүңөр өзүңөргө.» (Бакара: 279).

Алар мындан тышкары, карызды төлөө мөөнөтүн жакындатуунун ордуна анын бир бөлүгүн кечүү да харам экенин айтышкан. Анткени мында да мөөнөттүн ордуна акы белгиленүүдө. Ал акы көбөйтүү түрүндө болобу же азайтуу түрүндө болобу, айырмасы жок.

Ханафий, маликий, шафий жана ханбалий мазхабдарындагы факихтердин көпчүлүгү «ضع وتعجل» – «Карыздын бир бөлүгүн кеч жана төлөмдү тездет» маселесин харам деп эсептешкен. Зайд ибн Сабит, Ибн Умар жана бир катар табииндер болсо муну макрух деп эсептешкен.

– Ал эми айрым аалымдар буга уруксат беришет жана төмөнкү далилдерге таянышат:

  1. Ибн Аббастан (разияллаху анхума) риваят кылынат. Ал мындай деген:

«Аллахтын Элчиси ﷺ Бану Надир уруусун сүргүнгө чыгарууну каалаганда, алар: “Эй, Аллахтын Элчиси! Сен бизди сүргүнгө чыгарууга буйрудуң, бирок биздин адамдарда төлөө мөөнөтү келе элек карыздарыбыз бар”, — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ:

«ضَعُوا وَتَعَجَّلُوا»

“Карыздын бир бөлүгүн кечкиле жана калганын мөөнөтүнөн мурда алгыла”, — деди».

Бул хадисти Хаким «Аль-Мустадрак алас-Сахихайн» китебинде риваят кылып: «Бул хадистин санады сахих, бирок Бухарий менен Муслим аны риваят кылышкан эмес», — деген.

(Маалымат үчүн, Захабий бул хадистин кыскача талдоосунда: «Занжий алсыз, ал эми Абдулазиз ишенимдүү эмес», — деген.

Ал эми Ибн Каййим «Ахкам ахлиз-зимма» китебинде: «Анын санады хасан. Анда Муслим ибн Халид аз-Занжийден башка эч ким жок. Анын хадиси хасан даражасынан төмөн түшпөйт», — деп айткан.)

Абдуллах ибн Аббас (разияллаху анхума) мындай деген:

«Риба деген — “Мага мөөнөттү узартып бер, мен сага үстөк кошуп берем” деген нерсе. Ал эми “Мага мөөнөтүнөн мурда төлөп бер, мен сага карыздын бир бөлүгүн кечип берем” деген нерсе риба эмес».

Бул иштин жаиз экендиги Ибн Аббас, Нахаъий, Хасан жана Ибн Сиринден риваят кылынган. Ошондой эле бул имам Ахмаддан келген риваяттардын бири жана шафий мазхабындагы пикирлердин бири болуп эсептелет. Бул пикирди Шейхул-Ислам Ибн Таймия жана анын шакирти Ибн Каййим тандашкан. Ханафий факихтеринен Ибн Абидин да «Ад-Дурр аль-Мухтар» китебине жазган хашиясында буга уруксат берген.

Биз бул маселеде белгилүү бир пикирди табанний кылууну каалабайбыз. Ошондуктан бул маселеге туш болгон киши факихтердин ичинен кимдин пикирине көңүлү толсо, ошону таклид кылсын.

Көрүп турганыңдай, бул маселе товарды нак акчага же бөлүп төлөө шарты менен сатуу маселесинен айырмаланат. Эгер сатуучу: «Бул товардын баасы нак төлөсөң миң, ал эми бөлүп төлөсөң миң үч жүз», — деп, баа ушул бойдон такталбай калса, анда мындай соода жаиз эмес. Анткени товардын баасы белгисиз болуп калат.

Ал эми баа так белгиленсе, мисалы, сатып алуучу: «Мен муну нак акчага мынчага сатып алам», — десе же «Мен муну бөлүп төлөө шарты менен мынчага сатып алам», — десе, анда мындай соода жаиз болот. Анткени баа так белгиленип, товардын бир гана баасы калган болот.

27.12.2012

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button