Намаз жана орозо убактылары

Намаз жана орозо убактылары
Суроо:
Мен Финляндияда жашайм. Биздеги ифтар убактысынын өкүмү тууралуу сурайын дедим. Анткени күн батканы менен, «түндүн караңгылыгы» болбойт жана күн баткандан кийин деле алыстан шафак (кызылдык) көрүнгөн абал сакталып турат. Мен Финляндиянын түндүгүндөгү алыскы аймакта, борбор шаар Хельсинкиден 800 чакырым алыстыкта жашайм. Ал жерде мусулмандардын жамааты да дээрлик жокко эсе.
Биз таң аткандагы имсак (тамактан ж/а жыныстык катнаштан тыйылуу) убактысын кантип белгилейбиз? Күндүн батуу убактысы дээрлик белгилүү (эске сала кетсек, «күн батышы» болжол менен кечки саат 11де болот). Ал эми таңдын убактысын аныктоо кыйын, анткени жалпыга белгилүү маанидеги «түн» жок. Ушундай абалда Рамазан орозосунун казасын башка убакта өтөсөк болобу? Имсактын так убактысынын жоктугу орозонун дурус болушуна таасир этеби:
﴿حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الْأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الْأَسْوَدِ مِنَ الْفَجْرِ﴾
«Дагы тээ таңда ак жип менен кара жиптен даана айырмаланып таанылган убакка чейин тамактана бергиле». (Бакара: 187). Же мен борбор шаар Хельсинкидеги мечиттин убакыттарына ээрчишим керекпи?
Жооп:
Убакыттар намаз менен орозонун себептери болуп эсептелет. Себеп бар болсо, өкүм да бар болот, ал эми себеп жок болсо, өкүм да болбойт. Ошондуктан усулда себеп жөнүндө мындай айтылат: «Себеп — истилахта, өкүмдү шаръий кылуу үчүн эмес, өкүмдүн бар экенин таанытуучу экенине самъий далил далалат кылган ар бир ачык жана так белгиленген сыпат». Башкача айтканда, себептер — Шариъ мукаллафка Өзү тарабынан өкүмдүн бар экенин билдирүү үчүн белгилеп койгон белгилер. Демек, себептин бар болушу менен өкүм бар болот, анын жок болушу менен өкүм да жок болот.
Ошого ылайык, багымдат же бешим ж.б. намазы жагынан да, Рамазандагы имсак убактысы жана ифтар убактысы жагынан да өзүң жашаган аймактан башка аймактын убакыттары боюнча намаз окууга же орозо кармоого болбойт. Сен борбор шаардан 800 чакырым алыстыкта, Финляндиянын түндүгүндөгү аймакта жашап туруп, борбордогу Хельсинки мечитинин убакыттары боюнча орозо кармай албайсың.
Урматтуу бир тууганым, көрүнүп тургандай, силердеги маселе ифтар жана имсак жагынан шам менен багымдат убакыттарына байланыштуу. Бул маселе төмөнкүдөй:
Күндүн батышы белгилүү болгондуктан, шафактын абалы кала берсе да, орозо кармаган адам күн батар замат ооз ачат. Анткени шам азаны күн баткан учурда болот. Муслим риваят кылган хадисте Расулуллахтан ﷺ намаз убакыттары тууралуу сурап келген кишиге Расулуллах ﷺ мындай деген:
«…ثُمَّ أَمَرَهُ فَأَقَامَ بِالْمَغْرِبِ حِينَ وَقَعَتِ الشَّمْسُ»
«…Андан соң ага күн баткан учурда (хина вакоъат) шам намазын окууну буюрду».
Башка бир риваятта:
«ثُمَّ أَمَرَهُ بِالْمَغْرِبِ حِينَ وَجَبَتِ الشَّمْسُ…»
«Андан соң ага күн баткан учурда (хина важабат) шам намазын окууну буюрду…»
Башкача айтканда, күн батканда. Мына ушул — ифтар убактысы. Демек, ифтар шафак жоголгон учурда эмес. Ал эми шафактын жоголушу — куптан намазынын убактысы. Муслим риваят кылган жогорудагы хадисте мындай келген:
«ثُمَّ أَمَرَهُ فَأَقَامَ الْعِشَاءَ حِينَ غَابَ الشَّفَقُ…»
«Андан соң ага шафак жоголгон учурда куптан намазын окууну буюрду…»
Башка бир риваятта:
«ثُمَّ أَمَرَهُ بِالْعِشَاءِ حِينَ وَقَعَ الشَّفَقُ…»
«Андан соң ага шафак жоголгон учурда куптан намазын окууну буюрду…»
Башкача айтканда, кызыл сызык жоголгондо. Ошондуктан күн баткандан кийин шафактын кала бериши ифтарга таасир этпейт.
Кээ бир факихтерде шафак — күн баткандан кийинки кызылдык. Ал эми башка факихтерде ал — күн баткандан кийинки кызылдыктан соң келген актык. Демек, куптан намазы үчүн шафактын жоголушу күн баткандан кийинки кызылдыктын жоголушу же кызылдыктан кийинки күндүзгү жарыктын актыгынын жоголушу.
Ибн Асир мындай деген:
«الشَّفَقُ مِنَ الْأَضْدَادِ يَقَعُ عَلَى الْحُمْرَةِ الَّتِي تُرَى فِي الْمَغْرِبِ بَعْدَ مَغِيبِ الشَّمْسِ وَبِهِ أَخَذَ الشَّافِعِيُّ وَعَلَى الْبَيَاضِ الْبَاقِي فِي الْأُفُقِ الْغَرْبِيِّ بَعْدَ الْحُمْرَةِ الْمَذْكُورَةِ وَبِهِ أَخَذَ أَبُو حَنِيفَةَ»
«Шафак — карама-каршы маанилерди билдирген сөздөрдөн. Ал күн баткандан кийин батыш тарапта көрүнгөн кызылдыкты билдирет, Шафи ушуну кабыл алган. Ошондой эле ал аталган кызылдыктан кийин батыш горизонтунда калган актыкты да билдирет, Абу Ханифа ушуну кабыл алган».
Ал эми имсак кылуу важиб болгон таң — багымдат азаны жана намазынын убактысы. Муслим риваят кылган жогорудагы хадисте:
«فَأَقَامَ الْفَجْرَ حِينَ انْشَقَّ الْفَجْرُ…»
«Таң ата баштаган учурда багымдат намазын окуду…»
Башка бир риваятта:
«فَأَمَرَ بِلَالًا فَأَذَّنَ بِغَلَسٍ، فَصَلَّى الصُّبْحَ حِينَ طَلَعَ الْفَجْرُ…»
«Билалга таң караңгылыгында азан айтууну буюрду. Анан таң аткан учурда багымдат намазын окуду…»
Тирмизи риваят кылган, Жабраил Расулуллахка ﷺ имам болгон хадисте мындай келген:
«ثُمَّ صَلَّى الفَجْرَ حِينَ بَرَقَ الفَجْرُ، وَحَرُمَ الطَّعَامُ عَلَى الصَّائِمِ…»
«Андан соң таң жарыгы көрүнгөн учурда багымдат намазын окуду жана орозо кармаган адамга тамак арам болду…»
«بِغَلَسٍ» — «галас убагында» деген сөздүн мааниси тууралуу Ибн Асир мындай деген:
«الغلس ظلمة الليل إذا اختلطت بضوء الصباح»
«Галас түндүн караңгылыгы таңдын жарыгы менен аралашкан учур».
Бул жердеги таң — субху содик (чыныгы таң), башкача айтканда, түндүн караңгылыгынын актыкка карай өзгөрүшү. Силердегидей түндүн караңгылыгы жарым-жартылай болсо да, ошол караңгылык өзгөрүп, горизонтто туурасынан жайылган актык пайда болсо, мына ошол субху содик болот. Ошол учурда имсак кыласың жана намаз окуйсуң.
Бул субху казибден (жалган таңдан) айырмаланат. Субху казиб да түндүн караңгылыгынын актыкка өзгөрүшү, бирок анда актык горизонт боюнча туурасынан жайылбастан, асманга карай тик өйдө көтөрүлүп көрүнөт. Бул учурда багымдат намазын окууга болбойт, анткени ал дагы эле түн убактысына кирет. Ошондуктан жеп-иче бересиң… Башкача айтканда, ал учурда имсак кылуу шарт эмес.
Субху содик учурунда түндүн караңгылыгына аралашкан актык бардык нерсени көрө баштайсың дегенди билдирбейт. Бирок чыгыш тараптагы горизонтту байкап турсаң, «жарым-жартылай» караңгылык тарай баштаганын көрөсүң. Башкача айтканда, горизонтто көрүнүш мурунку абалдан айырмаланып, оңго жана солго карай жайыла баштайт.
Ибн Хажар «Фатхул Барий» китебинде Муслим Абдуллах ибн Масъуддан (رضي الله عنه) риваят кылган төмөнкү хадисти шархтап мындай деген. Пайгамбар ﷺ айтты:
«لاَ يَمْنَعَنَّ أَحَدَكُمْ – أَوْ أَحَدًا مِنْكُمْ – أَذَانُ بِلاَلٍ مِنْ سَحُورِهِ، فَإِنَّهُ يُؤَذِّنُ – أَوْ يُنَادِي بِلَيْلٍ – لِيَرْجِعَ قَائِمَكُمْ، وَلِيُنَبِّهَ نَائِمَكُمْ، وَلَيْسَ أَنْ يَقُولَ الفَجْرُ – أَوِ الصُّبْحُ -»
«Билалдын азаны силердин эч бириңерди сухурдан тоспосун. Анткени ал силердин кыямда (түнкү намазда) турганыңарды кайтаруу жана уктап жатканыңарды ойготуу үчүн түндө азан айтат. Муну таң же багымдат үчүн кылбайт».
Андан соң ал манжалары менен көрсөтүп, аларды өйдө көтөрүп, анан төмөн түшүрүп, кийин мындай кылган, Зухайр айтты:
«بِسَبَّابَتَيْهِ إِحْدَاهُمَا فَوْقَ الأُخْرَى، ثُمَّ مَدَّهَا عَنْ يَمِينِهِ وَشِمَالِهِ»
«Ал эки сөөмөйүнүн бирин экинчисинин үстүнө коюп, андан соң аларды оңго жана солго карай жайды».
Ибн Хажар айтты:
«… وَالصُّبْحُ يَأْتِي غَالِبًا عَقِبَ نَوْمٍ فَنَاسَبَ أَنْ يُنَصَّبَ مَنْ يُوقِظُ النَّاسَ قَبْلَ دُخُولِ وَقْتِهَا لِيَتَأَهَّبُوا وَيُدْرِكُوا فَضِيلَةَ أَوَّلِ الْوَقْتِ وَاللَّهُ أَعْلَمُ… وَكَذَا قَوْلُهُ “وَقَالَ بِأَصَابِعِهِ وَرَفَعَهَا” أَيْ أَشَارَ… قَوْلُهُ “إِلَى فَوْقُ” بِالضَّمِّ عَلَى الْبِنَاءِ وَكَذَا “أَسْفَلُ” … وَكَأَنَّهُ جَمَعَ بَيْنَ إِصْبَعَيْهِ ثُمَّ فَرَّقَهُمَا لِيَحْكِيَ صِفَةَ الْفَجْرِ الصَّادِقِ لِأَنَّهُ يَطْلُعُ مُعْتَرِضًا ثُمَّ يَعُمُّ الْأُفُقَ ذَاهِبًا يَمِينًا وَشِمَالًا بِخِلَافِ الْفَجْرِ الْكَاذِبِ وَهُوَ الَّذِي تُسَمِّيهِ الْعَرَبُ ذَنَبُ السِّرْحَانِ فَإِنَّهُ يَظْهَرُ فِي أَعْلَى السَّمَاءِ ثُمَّ يَنْخَفِضُ وَإِلَى ذَلِكَ أَشَارَ بِقَوْلِهِ رَفَعَ وَطَأْطَأَ رَأْسَهُ…»
«…Багымдат көбүнчө уйкудан кийин келет. Ошондуктан анын убактысы кире электе адамдар даярданып, убакыттын башындагы фазилетке жетишсин деп ойгото турган кишинин дайындалышы ылайыктуу болду. Аллах жакшыраак билет… Ошондой эле анын: “Манжалары менен көрсөтүп, аларды көтөрдү” деген сөзү — ишарат кылды дегенди билдирет… “Өйдө карай” деген сөзү дамма менен мабний болгон, “ылдый” деген сөз да ошондой… Ал эки манжасын бириктирип, андан соң экөөнү ажыраткандай. Муну менен субху содиктин сыпатын көрсөткөн. Анткени ал туурасынан пайда болуп, андан соң горизонтту толугу менен каптап, оңго жана солго карай жайылат. Ал эми субху казиб мындан айырмаланат. Арабдар аны “карышкырдын куйругу” деп аташат. Анткени ал адегенде асмандын жогору жагында пайда болуп, андан соң төмөндөйт. “Башын көтөрүп, анан төмөн түшүрдү” деген сөзү менен мына ушуга ишарат кылган…»
«مُعْتَرِضًا» — туурасынан, башкача айтканда, горизонт боюнча кеңири жайылган дегенди билдирет.
Жыйынтык: силердин аймак үчүн ишенимдүү имсак убактысы жок болгондуктан, төмөнкүлөрдү кылыңыз:
Күн батканда ооз ачыңыз…
Силерде түнкүсүн болот деп айткан «жарым-жартылай» караңгылыкка салыштырмалуу горизонт боюнча актык көбүрөөк пайда болгондо, башкача айтканда, чыгыш тарапта караңгылыктын горизонт боюнча оңго жана солго карай актыкка өзгөрүп жатканын ачык байкаганыңызда субху содик болот. Ошол учурда имсак кылып, багымдат намазын окуңуз…
Муну мүмкүн болушунча аныктоого аракет кылыңыз жана колуңуздан келген күч-аракетти жумшаңыз. Жаныңыздагы бир туугандарыңыздан жардам сурап, алар менен кеңешиңиз. Ошонун негизинде ооз ачып жана имсак кылыңыз. Имсак жана ифтарда өзүңүз үчүн этияттык кылыңыз. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
﴿وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ﴾
«…жана бул динде силерге бир да хараж-тарлык кылбады». (Хаж: 78).
Расулуллах ﷺ Байхакий «Сунанул Кубра» китебинде риваят кылган хадисте айтты:
«إِنَّ هَذَا الدِّينَ مَتِينٌ، فَأَوْغِلْ فِيهِ بِرِفْقٍ»
«Албетте, бул дин бекем. Андыктан ага жумшактык менен терең кир».
Аллах бизден да, сизден да жана мусулмандардан да орозо менен намаздарды кабыл кылсын. Аллах сиз менен болсун.
10.08.2011




