Роя гезити

Орусиянын аскерий логистикасына жана экономикасына каршы жаңы согушпу же Борбор Азияны Орусиянын таасиринен ажыратуу саясатыбы?

Орусиянын аскерий логистикасына жана экономикасына каршы жаңы согушпу же Борбор Азияны Орусиянын таасиринен ажыратуу саясатыбы?

2026-жылдын июль жана август айларында украиналык дрондор Орусиядагы «Вайлдберис» компаниясына таандык логистикалык кампаларды бир нече жолу бутага алып, анын ири логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу зыян келтирди. Украина бул объектилерди дрондордун тетиктери жана кош максатта колдонулуучу башка продукциялар Орусия армиясына жеткирилген тармактын бир бөлүгү деп эсептейт. Чабуулдар 400 миңден ашуун сатуучуга таасирин тийгизди. «Дата Инсайттын» баалоосу боюнча, сатуучулардын чыгымы 445–507,8 миллиард рублга жетиши мүмкүн, инфраструктураны кайра курууга 147–223 миллиард рубль талап кылынышы мүмкүн, ал эми жалпы чыгым 600–800 миллиард рублдин (7–10 миллиард доллар) тегерегинде болушу мүмкүн. Бул — расмий акыркы эсеп эмес, эксперттердин баалоосу.

Украина «Вайлдберисти» Орусиянын аскерий камсыздоо чынжыры менен байланышкан объект катары көрсөтүүдө, ал эми Орусия аны негизинен жарандык электрондук соода компаниясы деп эсептейт. Ошондуктан соккулар аскерий камсыздоого гана эмес, жүз миңдеген чакан бизнеске, логистикага жана Орусиянын ички рыногуна да басым кылууда. Бул чабуулдар Орусия үчүн согуштун чыгымдарын көбөйтүү жана анын экономикалык инфраструктурасын алсыратуу максаты менен түшүндүрүлүүдө. Бирок эң маанилүү маселе — Борбор Азиянын абалы. Украинанын соккулары, Орусиядагы логистикалык тобокелдиктердин көбөйүшү, «Вайлдберистин» альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү издеши жана Казакстанда кампаларга болгон муктаждыктын өсүшү аймактагы соода жана логистикалык чынжырларды кайра калыптандырууда.

«Вайлдберис» компаниясы Казакстанда аянты 100 миң чарчы метрден башталган кампа жайларын издеп жатканы жана Алматы менен Астанада ири логистикалык борборлорду куруп жатканы кабарланды. Бул согуш Орусияда жүрүп жатканына карабастан, анын экономикалык жана логистикалык кесепеттери Борбордук Азияга да өтүшү мүмкүн дегенди билдирет.

Бул Борбор Азия үчүн бир эле учурда коркунуч да, мүмкүнчүлүк да болуп саналат б.а. бул процесс Орусиянын аймактагы экономикалык таасирин алсыратабы же жаңы инфраструктура аркылуу аны күчөтөбү? Анткени «Вайлдберис» — орусиялык компания, анын Казакстанда жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө кеңейиши Орусиянын таасирин жок кылбастан, анын формасын гана өзгөртүшү мүмкүн.

Экинчи жагынан, Орусия менен байланышкан соода чынжырларынын туруксузданышы Борбор Азияны Каспий деңизи, Түштүк Кавказ, Түркия жана Европа аркылуу өтүүчү багыттарга жакындатат. Бул объективдүү түрдө аймакты Орусияга болгон көз карандылыктан чыгарууга багытталган Батыш стратегиясына шайкеш келет.

Бул мааниде соккулар Орусиянын ички логистикасына болгон тобокелдиктерди көбөйтүп, Орусия менен Борбор Азиянын ортосундагы соода чынжырларынын кайра бөлүштүрүлүшүн тездетиши мүмкүн. Бул Орусиянын аймактагы экономикалык таасирин азайтууга багытталган Батыш стратегиясы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Орусия эмне кылат? Орусия бул процессти пассивдүү түрдө карап турган жок. Путин мамлекеттин катышуусу менен жабыркаган кампаларды жана логистикалык инфраструктураны кайра куруп, аларды жаңы технологиялык деңгээлге көтөрүүнү тапшырды.

Орусиянын ыктымал жообу ири борборлоштурулган кампалардан бөлүштүрүлгөн жана корголгон аймактык логистикалык борборлордун тармагына өтүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Вайлдберис» компаниясынын Казакстанда кеңейиши Москвага Борбор Азиядагы логистикалык позициясын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул процесс дагы бир суроону жаратат: Борбор Азия өлкөлөрү өз экспортчуларын тышкы рыноктордогу тобокелдиктерден канчалык деңгээлде коргой алат?

Бул контекстте Өзбекстан Орусиядагы чабуулдардан зыян тарткан өзбек соодагерлерине компенсация төлөө боюнча азырынча ачык чараларды жарыялаган жок жана Орусияга эч кандай талап койгон жок. Орусия да бул маселе боюнча унчукпай турат. Тышкы рыноктордогу тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизмдери жок болгондуктан, экспортчулар альтернативдүү рынокторду жана логистикалык багыттарды издөөгө аргасыз болуп жатканын белгилөө керек.

Бул Өзбекстан үчүн кечиктирилгис суроону жаратат: жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер өз товарларын, капиталдарын жана инвестицияларын коргоодо мамлекетке канчалык деңгээлде ишене алышат? Ушул өңүттөн алганда, Өзбекстандын Сингапур конвенциясына кошулуу ниети көңүл бурууга арзыйт. Юстиция министрлиги бул тууралуу 2026-жылдын 10-августунда жарыялады. Конвенция инвестицияларга же кирешеге кепилдик бербейт, бирок эл аралык коммерциялык талаштарды медиация аркылуу жөнгө салуу боюнча чечимдерди таануу жана аткаруу механизмдерин күчөтөт. Бул чет элдик инвесторлордун коммерциялык талаштарындагы укуктук тобокелдиктерди азайтуучу кошумча «камсыздандыруу» болушу мүмкүн. Бирок суроо ачык бойдон калууда: чет элдик капитал үчүн кепилдиктер күчөтүлүп жаткан учурда, жергиликтүү ишкерлерди тышкы экономикалык тобокелдиктерден коргоо да күчөтүлүп жатабы?

«Вайлдбериске» жасалган чабуулдун түздөн-түз максаты Орусиянын логистикасына жана экономикасына сокку уруу болушу мүмкүн, бирок анын кыйыр натыйжасы Борбор Азиядагы Орусия менен байланышкан соода чынжырларын өзгөртүп, аймакты альтернативдүү транспорттук жана соода багыттарына жакындатат.

Биз азырынча бул Борбор Азияны Орусиянын таасиринен ажыратууга багытталган атайын жашыруун операция деп ачык айтпасак да, бул процесс объективдүү түрдө Орусиянын аймактагы экономикалык таасирин азайтуу жана альтернативдүү коридорлорду күчөтүү боюнча Американын кызыкчылыктарына шайкеш келет.

Орусия-Украина согушу эми эки өлкөнүн аймагы менен гана чектелбей калды. Анын экономикалык соккусу Борбор Азиядагы ишкерлерге, логистикага жана транспорттук коридорлорго чейин жетти. Демек, негизги геосаясий күрөш кампалар үчүн эмес, Борбор Азиянын товарлары, капиталдары жана соода агымдары кайсы экономикалык борборго багыт алышына байланыштуу жүрүүдө.

Жыйынтык: куфр калкынын ортосундагы геосаясий күрөштүн шартында Борбор Азиядагы миңдеген мусулмандар экономикалык жана турмуштук жактан зыян тартууда. Эгер алардын акимдери Орусияга же Батышка таянуунун ордуна көз карандысыз саясат жүргүзүп, Аллахтын өкүмдөрүнө таянышканда, Аллахтын нусратына татыктуу болушмак.

Куфр күчтөрүнө таянуудан келип чыккан кесепеттер бул дүйнөдөгү саясий жана экономикалык көз карандылык менен гана чектелбейт. Акыретте адамдар, айрыкча акимдер өздөрүнүн тандоолору жана амалдары үчүн эсеп беришет. Азырынча убакыт бар, эгер алар Раббисине тообо кылып, Анын өкүмүн бекем карманып, тышкы күчтөрдүн кызыкчылыктарынан мусулмандардын кызыкчылыктарын жогору коюшса, Аллахтын уруксаты менен иззатка жана күч-кубатка жетишет! Аллах Таала айтты:

﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Алланыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы. Бирок мунаафыктар (муну) билишпейт». (Мунафикун: 8)

Роя гезити

Устаз Ислам Абу Халил — Өзбекстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button