Сириянын бийлигинин яхудий жетекчилери менен жолугушуулары — чоң кылмыш

Сириянын бийлигинин яхудий жетекчилери менен жолугушуулары — чоң кылмыш
Axios сайты жекшемби күнү Иорданияда жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөнүн ачыктады. Ага Сириянын тышкы иштер министри Асъад аш-Шайбаний жана яхудий түзүмүндөгү Моссад кызматынын директору Роман Гофман катышып, яхудий түзүмүнүн акыркы аба соккуларынан кийин чыңалууну ооздуктоонун жолдорун талкуулашкан.
Буга чейин яхудий түзүмү Идлиб аймагындагы Абу аз-Зухур аскерий аэропортунун учуп-конуу тилкелерин жана ангарларын бутага алган бир нече аба соккусун жасаган. Муну Түркиянын аскерий күч топтошуна жол бербөө ниети менен түшүндүргөн. Бирок Дамаск менен Анкара муну четке кагып, ал жерде Түркиянын эч кандай аскерий кызматкерлери же туруктуу аскерий базалары жок экенин ырасташкан.
Аш-Шайбаний Reuters жана Axios аркылуу Дамаск чыңалууну азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого жана кол салууларды токтотуу, жакында басып алынган жерлерден чыгып кетүү шарты менен коопсуздук келишимине жетишүүгө умтулуп жатканын билдирген. Ал эми яхудий түзүмүндөгү коопсуздук системасы буфердик аймактарды түзүүнү, куралсыздандырууну жана Түркиянын кандайдыр бир аскерий катышуусуна тыюу салууну талап кылууда.
Мындай чечүүчү учурда, яхудийлер өлкөнүн жерин да, аба мейкиндигин да тебелеп-тепсеп, Газадагы элибизге каршы кыргын артынан кыргын жасап жаткан кезде, биз чоң кылмышка жана саясий жаңылууга күбө болуудабыз, башкача айтканда, «чыңалууну ооздуктоо» жана «коопсуздук чаралары» деген шылтоо менен Сириянын тышкы иштер министри менен Моссад жетекчисинин жолугушууларын көрүп жатабыз! Бул кадам малайлык туңгуюгуна карай кооптуу бет алуу болуп эсептелет. Бул болсо мындан кийин эгемендүүлүктү, ар-намысты, жерди жана ыйык жайларды колдон чыгарууга алып бара турган иштерден кабар берет.
Ушуга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн басма сөз баянатында төмөнкү акыйкаттар баса белгиленди:
Биринчиден: жерибизди басып алып, бизге карата текебердигин жүргүзүп жаткан душман менен нормалдаштыруучу жолугушууларды өткөрүү — эч кандай шылтоо менен кабыл алууга да, актоого да болбой турган чоң кылмыш. Ошондой эле аба соккуларынан кийин сүйлөшүүлөргө шашылуу — кылмышкерди кылмышы үчүн сыйлоодон башка нерсе эмес.
Экинчиден: келишимдерди бузуу менен белгилүү болгон яхудийлер менен удаалаш мунасага баруу жолунда жүрүү — түбөлүк душман менен мамиледе өтө кооптуу адашуу. Биздин абалыбыз Осло бийлигинин абалынан жакшы болбойт. Бул түзүм менен сүйлөшүүлөр жерди азат кылбайт, бизге коопсуздук алып келбейт жана ар-намысты сактабайт. Тескерисинче, бул — душманга көз карандылык таңууланып, эрк тартып алынуучу жол. Айрыкча бүгүн таңууланып жаткан шарттар бизди шантаждын астында кармап, күч элементтеринен ажыратууга багытталган, кабыл алынгыс коопсуздук көзөмөлүнөн башка нерсе эмес.
Үчүнчүдөн: кечээ кылмыш жана кыянаттык деп эсептелген нерсе бүгүн саясий кыраакылык болуп калбайт жана аны эч кандай шартта же шылтоо менен мыйзамдаштырууга болбойт.
Билдирүүдө дагы мындай деп айтылды: негизги туруктуу принциптер себептер менен шылтоолордун өзгөрүшү аркылуу өзгөрбөйт. Кимде-ким Американын жана анын кол баласы яхудий түзүмүнүн ыраазылыгына жетүүгө умтулуу жана алардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү коопсуздук же туруктуулук алып келет деп ойлосо, ал закымдын артынан чуркаган адашуучу. Бүгүнкү окуялар болсо ушул акылсыз саясаттардын ачуу жемиштери гана.
Баянатта дагы мындай деп баса белгиленди: бүгүн бул улуу мункардан жана чоң кылмыштан толук баш тартканыбызды жарыялоо, ошондой эле яхудийлер менен түзүлгөн ар кандай коопсуздук же саясий келишимдер батыл келишимдер экенин, алар бизге өкүлчүлүк кылбасын жана биз алардан ыраазы болбой турганыбызды баса белгилөө баарыбызга важиб болгон иш. Биз бул үммөттүн акыркысы анын алгачкылары оңолгон нерсе менен гана оңолоруна бекем ишенебиз: ал — Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык көлөкөсүндө Ислам менен башкаруу. Ал шариятка эгемендүүлүктү, үммөткө бийликти кайтарып, кылмышкерлер менен баш ийүүчүлөрдүн доорун токтотот.
Роя гезити




