Пайгамбарлардын ижтихад кылуусу жаизби

Пайгамбарлардын ижтихад кылуусу жаизби
Суроо:
Бардык пайгамбарлардын ижтихад кылуусу жаиз эмеспи же бул бир гана пайгамбарыбыз Мустафага ﷺ тиешелүүбү?
Анткени Анбия сүрөсүнүн 78-аятында Ибн Касирдин тафсиринде Ибн Масъуд жана Ибн Аббас мындай дешкен: Давуд алейхи салам койчулар менен алардын койлору жеп кеткен эгин талаасынын ээсинин ортосунда өкүм чыгарып, койлор эгин талаасынын ээсине берилсин деп өкүм кылган. Андан кийин анын уулу Сулайман: «Мындан башкача, эй Аллахтын пайгамбары», — деп, алардын ортосундагы өкүмдү төмөнкүдөй баяндаган: эгин талаасынын ээси койлорду алып, алардын сүтүнөн пайдаланат, ал эми койлордун ээлери жерди мурдагы абалына, башкача айтканда, койлор жеп кеткенге чейинки абалына келтирип эгишет. Бул тууралуу Аллах Таала:
﴿فَفَهَّمْنَاهَا سُلَيْمَانَ﴾
«Анан, Биз аны Сулайманга түшүндүрдүк», — деген.
Бул Давуд алейхи салам ижтихад кылганын жана Сулайман алейхи салам анын ижтихадын тууралаганын билдирбейби?
Жооп:
Бардык пайгамбарлар жеткирген өкүмдөрүндө катасыз, башкача айтканда, алар өздөрүнүн оюнан өкүм айтышпайт. Анын набий же расул болушу шарият өкүмдөрүн жеткирүүдө катасыз болушун талап кылат. Башкача айтканда, ал шарият өкүмдөрүн жеткирүүдө өзү ижтихад кылбайт. «Шахсия» китебинин биринчи бөлүмүндөгү «Пайгамбарлардын күнөөсүз экендиктери» жана «Расулулла жөнүндө мужтахид болгон деп айтуу жаиз эмес» деген темаларды караңыз. Демек, пайгамбарлар шарият өкүмдөрүн жеткирүүдө өздөрү ижтихад кылышпайт, тескерисинче, Аллахтан келген вахий менен жеткиришет.
Ошондуктан Давуд жана Сулайман алейхи саламдар чыгарган өкүмдөр вахий менен болгон. Сулайман алейхи салам чыгарган өкүм Давуд алейхи салам чыгарган өкүмдү насх кылуучу болгон. Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө караңыз:
﴿وَدَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ إِذْ يَحْكُمَانِ فِي الْحَرْثِ إِذْ نَفَشَتْ فِيهِ غَنَمُ الْقَوْمِ وَكُنَّا لِحُكْمِهِمْ شَاهِدِينَ فَفَهَّمْنَاهَا سُلَيْمَانَ وَكُلًّا آتَيْنَا حُكْمًا وَعِلْمًا وَسَخَّرْنَا مَعَ دَاوُودَ الْجِبَالَ يُسَبِّحْنَ وَالطَّيْرَ وَكُنَّا فَاعِلِينَ﴾
«Давуд жана Сулаймандын эгинзар туурасында өкүм кылып жаткан чактарын (эстегин). Ошондо ага коомдун койлору бошонуп кирип (аны талкалап жиберген) эле. Биз алар (чыгарган) өкүмгө күбө элек. Анан, Биз аны Сулайманга түшүндүрдүк». (Анбия: 78–79).
Аллах Субханахунун:
﴿فَفَهَّمْنَاهَا سُلَيْمَانَ﴾
«Анан, Биз аны Сулайманга түшүндүрдүк», — деген сөзүндө Сулаймандын өкүмү вахий менен болгондугуна далил бар.
Ошондой эле Аллах Субханахунун:
﴿وَكُلًّا آتَيْنَا حُكْمًا وَعِلْمًا﴾
«Биз экөөнө тең даанышмандык-пайгамбардык жана билим бердик», — деген сөзүндө Давуддун өкүмү да вахий менен болгондугуна далил бар. Ал эми Сулаймандын өкүмү андан кийин келгендиктен, ал Давуддун өкүмүн насх кылуучу болот.
Маалымат үчүн айта кетсек, кээ бир тафсирлерде Давуд жана Сулайман алейхи саламдар ижтихад кылышкан жана Сулаймандын ижтихады туурараак болгон деп айтылат. Мындай пикирди айткандар пайгамбарлар менен расулдардын шарият өкүмдөрүн жеткирүүдө ижтихад кылышын четке кагышпайт жана эгер алар ижтихадында ката кетиришсе, Аллах Субханаху алардын ижтихадын оңдоп коёт деп айтышат…
01.12.2011




