Сакофий

Пикирий ибара

Пикирий ибара (текст) 

Суроо 

«Тафкир» китебинде мындай деп айтылган (88-бет кырг.): «Ушул жактан, мурунку маалыматтарга кошумча, пикирий ибараны түшүнүүдө үч шарт бар: Биринчи, мурунку маалыматтар өз деңгээлиндеги пикир болушу зарыл. Экинчи, анын вакиълиги аны аныктап турган, башкасынан айырмалап турган абалында, кандай болсо, ошондой абалда идирек кылынышы зарыл. Үчүнчү, бул вакиълик чыныгы сүрөттү көрсөтө турган даражада туура элестетилиши зарыл». 

Вакыйлыкты элестетүү (тасаввур кылуу) менен вакыйлыкты идирек кылуунун айырмасы эмнеде? Мүмкүн болсо мисалдар менен түшүндүрүп берсеңиз. 

Жооп: Вакыйлыкты идирек кылуу — бул нерсенин маңызын талдоо. Мисалы, жеке эркиндиктин вакыйлыгын идирек кылуу үчүн бул ибараны талдаган соң, адамга эч ким тоскоол болбостон каалаганын кылуу укугу берилерин түшүнөсүң: каалаган кийимин киет, каалаган адамы менен өзү каалаган таризде мамиле кылат ж.б.

Ал эми вакыйлыкты тасаввур кылуу — аны иш жүзүндө колдонулуп жаткан абалда элестетүү жана андан келип чыккан натыйжаларды көрүү. Ошентип, жеке эркиндиктин колдонулушунун натыйжасын түшүнөсүң: ахлакый бузулуу, көптөгөн бузукулуктар, жеке каалоолордун чектен чыгып кетиши ж.б. көрүнүштөрдү көрөсүң. Башкача айтканда, аны колдонулуп жаткандай элестетесиң, кудум көзүң менен көрүп жаткандай болосуң.

Дагы бир мисал, секуляризм. Анын вакыйлыгын идирек кылуу үчүн аны изилдеп, динди турмуштан ажыратуу деген мааниде экенин билесиң. Дин мечиттин ичинде гана болуп, андан чыкпайт; адамдардын ортосундагы мамилелерди дин аралашпастан адамдар чыгарган мыйзамдар жөнгө салат.

Ал эми бул вакыйлыкты тасаввур кылуу — аны колдонулуп жаткан абалда элестетүү. Ошондо секуляризмге ишенген мусулмандын абалы кандай болорун көрөсүң: ал инсаний эки жүздүүлүккө окшош абалда калат. Ал

﴿وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ﴾

«…намазды толук аткаргыла». (Бакара: 83) аятын окуп, ага амал кылып намаз окуйт. Бирок,

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ﴾

“(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын”. (Мааида: 49) аятын окуса, ага амал кылбай, адамдардын мыйзамдары менен өкүм жүргүзүүгө кайрылат, бирок эки аятта тең буйрук берүүчү Аллах Субханаху ва Таала болуп саналат.

Ошондуктан Ислам менен өкүм жүргүзбөй, вадъий мыйзамдарды алган мусулмандардын ойгонбой жатканын жана күч-кубат себептерин чындап колдонбой жатканын көрөсүң. Анткени алар өздөрү ишенбеген нерсени колдонуп жатышат. Алар мусулман болуп туруп Исламдан башка нерсе менен өкүм жүргүзүшөт.

Жыйынтык: 

Вакыйлыкты идирек кылуу — анын маңызын, курамын, тексттерин жана мазмунун билүү. 

Ал эми вакыйлыкты тасаввур кылуу — аны турмушта колдонулуп жаткан абалда элестетүү, андан эмне натыйжа чыгарын жана кандай кесепеттер келип чыгаарын көрүү. 

07.06.2010-ж. 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button