Комментарий

Россия Уиткофф менен Кушнерди жылуу тосуп алууну көздөп жатат

Россия Уиткофф менен Кушнерди жылуу тосуп алууну көздөп жатат

Жаңылык:

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков учурда Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга байланыштуу эч кандай белгилер жок экенин айтып, Россиянын аскерий операциясы уланып жатканын жана Уиткофф менен Кушнердин сапарынын мөөнөтү белгилене электигин ырастады. Ал маалымат жыйынында Украинанын позициясы учурда тынчтык жолу менен жөнгө салууга оптимисттик көз карашта болууга түрткү бере турган эч кандай оң белгилерди бербей жатканын түшүндүрдү. Ошондой эле фронттордогу динамика жакшы белгилүү экенин жана Россиянын аскерий операциясы уланып жатканын кошумчалады.

Ушуга байланыштуу Песков америкалык өкүлдөр Уиткофф менен Кушнерди Москвада дайыма жылуу кабыл алынуучу коноктор деп мүнөздөп, алар россиялык кесиптештери жана жеке президент Путин үчүн да кааланган сүйлөшүүчүлөр экенин белгиледи. Ал алардын Россияга сапарынын так мөөнөттөрү белгилене электигин айтып, азырынча бул сапар үчүн конкреттүү күндөр белгиленбегенин түшүндүрдү. Ошондой эле Москвада болгон маалыматтарга ылайык, америкалык сүйлөшүүчүлөр Американын тышкы саясатынын алкагындагы башка маселелер боюнча да активдүү иштеп жатышканын кошумчалады.

Комментарий:

Москва америкалык сүйлөшүүчүлөр Уиткофф менен Кушнерди жылуу кабыл алууну көздөп жатат, ошол эле учурда мындан эки айдан ашык убакыт мурда Россия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан жаңжалда ортомчулук кылууну каалаган европалык өкүлдү жылуу кабыл алган эмес.

Россиялык саясатчылар жана жетекчилер согушту тутандырган Европа эмес, Америка экенин билишпейби? Европа бул согуштун курмандыгы экенин билишпейби?

Ооба, Россия мунун баарын билет жана Европанын эң оор мезгилин башынан кечирип жатканын да билет. Ал тургай, Европа аны ар тараптан курчап турган чоң оттордун ортосунда калды. Анын чыгыш капталында от тутангандан кийин, аны өчүрүүгө алсыз болуп калды. Ал тургай экономикасы менен өнөр жайы кыйрады, Россиядан импорттолуп келген арзан мунай, газ жана өнөр жай үчүн чийки заттардын доору артта калды. Ошентип, анын өнөр жайы коркунучта, келечеги болсо караңгы. Ошондой эле анын стратегиялык өнөктөшү болгон Америка ага каршы кутум уюштуруп Европаны Американын эсебинен коопсуздукта жана бакубат жашаган жылдары менен коштошууга мажбур кылууда. Эми ал өз коопсуздугунун акысын өзү төлөп, өзүнө тиешелүү аскерий арсенал түзүүгө тийиш. Бирок бул арзан баадагы Россиянын энергетикалык булагынан ажыратылгандыктан кризистерден жапа чегип жаткан анын солкулдаган экономикасына оор жүк болот.

Демек, Россия өзүнүн душманы Америка экенин о.э. ал Европанын ортосунда согуш тутантып, андан соң сүйлөшүүлөрдүн айлампалары аркылуу андан пайда көрө баштаганын жакшы билеби? Анысы аз келгенсип, Россия америкалык сүйлөшүүчүлөрдүн сапары расмий жарыялана электе эле аларды жылуу кабыл алууга даяр экенин билдирүүдө.

Россия өзүнүн каршылашын өзү каалаган нерсеге мажбурлоого жана бул көйгөйдүн чечими анын колунда болсо да, андан жалынбоого тийиш эле. Анткени тарых ийилүү жана душмандын кызыкчылыктарын камсыз кылуу менен эмес, баатырдыктар, ардактуу позициялар жана тобокелчиликтер менен жазылат. Бирок булар муну аңдап-түшүнүүдөн өтө алыс!

Доктор Мухаммад Сулайман

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button