Роя гезити

Рохинжа мусулмандарынын азап-тозогу унутулгандардын тизмесинде

Рохинжа мусулмандарынын азап-тозогу унутулгандардын тизмесинде
Биз бул жерде Бирманын буддист башкаруучуларынын колунан азап тартып жаткан мусулмандардын оор абалын сөз кылып жатабыз. Алардын азап-тозогун сөз кылып жатканыбыздын себеби — бизди алар менен тил же улут байланыштырып турбаса да, жер жүзүндөгү эң күчтүү байланыш, тагыраагы, Ислам робытасы бириктирип турат. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ، وَتَرَاحُمِهِمْ، وَتَعَاطُفِهِمْ، مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى».
 «Момундар бири-бирин сүйүүдө, бири-бирине ырайым кылууда жана боорукердик көрсөтүүдө бир дене сыяктуу. Эгер дененин бир мүчөсү ооруса, бүт дене уйкусуздук жана ысытма менен аны менен бирге азап тартат». Мусулмандар жатка билген бул хадис алардын абалын гана сүрөттөп койбостон, алардын арасынан кимдир бирөө азап тартса, бардыгы биргеликте ага жардамга аттануусун да важиб кылат. Демек, рохинжа мусулмандарынын башына түшкөн азап-тозокко да, Үммөткө келген башка бардык балээ-кырсыктар сыяктуу эле, Үммөт өз денесиндеги жараат катары мамиле кылышы керек. Бул жараат үчүн өзгөчө кырдаал жарыялап, өзгөчө кырдаалдын өкүмдөрү жүктөгөн милдеттерди аткаруу талап кылынат.
Рохинжа калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар. Алар мурда Бирма деп аталган азыркы Мьянма мамлекетиндеги, мурда Аракан вилаяты деп белгилүү болгон Ракхайн вилаятынан. Мьянма калкынын саны болжол менен 60 миллион адамды түзөт. Мусулмандардын үлүшү тууралуу кеңири тараган расмий эсеп болжол менен 4%ды түзөт. Башкача айтканда, бул пайызды жогоруда айтылган калктын санына колдонсок, болжол менен 2,4 миллион мусулман болот. Бирок бул статистикалык маалыматтар так эмес же туура эмес. Буга жалпы аймакта жүргүзүлүп жаткан саясаттар себеп болууда. Мисалы, Индияда расмий маалыматтар боюнча мусулмандардын саны 20%дан ашпайт. Алардын статистикасы ушундай дейт. Ал эми чындыгында мусулмандардын үлүшү 40%дан ашат. Башкача айтканда, маалымат каражаттарында жарыяланган же мамлекеттердин расмий мекемелеринде статистикалык жактан эсепке алынган көрсөткүчтөн эки эсе көп.
Албетте, алардын жамааты Ислам Үммөтү менен тыгыз байланышта. Атүгүл алардын этникалык түпкү теги араб мусулмандарын жана Индиядагы монгол башкаруучуларын да камтыйт. «Рохинжа» сөзү «Рохангдын тургундары» дегенди билдирет. Роханг — Аракандын байыркы исламий аталышы. Рохинжа калкы негизинен Аракандын тарыхый аймагында топтолгон. Бул Түштүк Азия менен Түштүк-Чыгыш Азиянын чек арасында жайгашкан байыркы жээк вилаяты. Бенгал булуңунун жээгинде жайгашкандыктан, Аракан Бирма менен тышкы дүйнөнүн ортосундагы деңиз соодасынын маанилүү борбору болгон.
Тарыхый жактан алганда, араб өлкөлөрүнөн келген мусулман соодагерлер Ислам даъватын Араканга чектеш жайгашкан Түштүк-Чыгыш Бенгалдын жээк аймактарына алып келишкен. Бул окуя биздин замандын IX кылымынан тартып башталган. Мусулмандар кылымдар бою соода-сатык аларды Исламга даъват кылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну унуттурбашы керектигин түшүнүп келишкен. Натыйжада, көптөгөн мушрик буддисттер Исламды кабыл алышкан. Ошондуктан рохинжа калкынын тарыхый түпкү теги ошол доорго барып такалат. Алар бүгүнкү күнгө чейин Исламга берилген бойдон калышты.
Буддисттердин рохинжаларга душмандык кылуусунун себеби — кара ниет Британия. Анткени Азия элдери жалпысынан токтоолук жана тынчтыкты сүйүү касиеттери менен айырмаланышат. Ислам бул аймакты, анын ичинде Индия жарым аралын көптөгөн кылымдар бою башкарган. Ошол мезгилде бул аймакта тайпачылык, мазхабчылык же диний негиздеги эч кандай көтөрүлүштөр, башаламандыктар же жаңжалдар болгон эмес. Бирок кара ниет Британия бул аймакты, анын ичинде Индия жарым аралын колониялоо үчүн келгенде, адаттагыдай эле уруулук, улуттук, диний жана башка бөлүнүп-жарылууларды козутууга киришкен. Ошондой эле буддизм, индуизм жана сикхизм философияларын ширкке негизделген сыйкырчылык жана көз боёмочулуктан диндерге айландырган. Муну менен ал ар түрдүү диндерди карманган адамдарды бири-бирине каршы коюп, алардын бири-бири менен кагылышуусуна жетишүүнү көздөгөн. Натыйжада, аларга зомбулук кылуу жана үстөмдүк орнотуу Британия үчүн жеңил болмок. Бул колонизаторлордун эң сүйүктүү саясаты.
Ошондуктан душмандыктын дагы бир себеби акыйдавий фактор болуп калды. Бул Аллах Субханаху ва Тааланын төмөнкү сөзүндө чагылдырылган:
﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾
«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).
Албетте, буддисттер мушриктерден болуп эсептелишет. Буга кошумча, аймактагы балээнин башаты болгон англиялык христиандар да бар.
Рохинжа боордошторубуздун азыркы азап-тозогу 2012-жылдын башында башталган. Ошол кезде полиция Ракхайн вилаятында күзөт жүргүзө баштаган. Буддист кечилдер рохинжаларды террористтер деп сыпаттаган жана алардын «көзөмөлсүз» төрөт көрсөткүчтөрүнөн улам вилаятты басып алышарын айткан журналдарды тарата башташкан. Ошондой эле мусулмандардын негизги шаары болгон Ситтведе «Силер бул адамдарды жок кылышыңар керек, антпесе алар силердин жериңерди басып алышат» деген баракчаларды таратышкан.
Ситтведеги мусулмандардын эң чоң кварталы жана экономикалык борбору болгондуктан бутага алынган Нарзи аймагы өрттөлүп, жер менен жексен кылынган. Ал жерде он миңге жакын рохинжа жашачу. Ал эми урандылардын арасында сакталып калган имараттар кийинки күндөрү бульдозерлер менен сүрдүрүлүп жок кылынган.
2012-жылдын октябрь айында куугунтук кайрадан күч алган. Аны жергиликтүү аткаминерлер жана буддист кечилдер пландаштырып, тутандырышкан. Коопсуздук күчтөрү кол салууларды карап турушкан же аларга өздөрү катышкан. Ошондой эле полиция качып бара жаткан рохинжаларга ок чыгарган. Ошентип, Ракхайн вилаятында бийлик жүргүзгөн этникалык тазалоо процесси бекем орун алган. Маселен, 2012-жылга чейин Ситтве шаарында 75 миңге жакын рохинжа жашаган болсо, алардын төрт миңи гана калган. 2012–2013-жылдары Борбордук Ракхайндагы лагерлер түзүлгөндөн кийин бийлик рохинжалардын эркин жүрүп-туруусун чектөө үчүн бири-бири менен байланышкан түрдүү тартиптерди киргизе баштаган. Аларга текшерүү өткөрмө пункттары, тикенектүү зым тосмолорду орнотуу, коменданттык саат киргизүү, уруксат кагаздарын алуунун өтө катаал жол-жоболору, полициянын коштоосунда жүрүү, күнүмдүк кысым көрсөтүүлөр, коркутуулар, опузалап акча талап кылуулар жана пара төлөөлөр кирген.
Этникалык тазалоо процесси уланып, 2017-жылдын август айындагы окуяларга чейин жеткен. Ошол кезде Мьянманын коопсуздук күчтөрү Ракхайн вилаятынын түндүк бөлүгүндө рохинжалар жашаган жүздөгөн айылдарды талкалап, аялдарды, эркектерди жана балдарды өлтүрүшкөн. Натыйжада, кеминде 700 миң адам Бангладешке качууга мажбур болгон. Бирма армиясы Ракхайн вилаятындагы Маунг-Ну айылында ондогон рохинжа мусулмандарын ошол жерден эле өлүм жазасына тарткан.
Акыркы мезгилде, 2023-жылдын ноябрь айында Ракхайн вилаятында Мьянманын аскердик кеңешинин күчтөрү менен Аракан армиясынын ортосундагы согуштук аракеттер кайрадан башталган. Эки тарап тең жарандарга атайылап кол салуу, мүлктөрдү өрттөө жана мыйзамсыз түрдө аскерге тартуу сыяктуу олуттуу мыйзам бузуулар үчүн жооптуу болгон. Ракхайн вилаятында дагы эле жашап жаткан 600 миңге жакын рохинжа куугунтукка жана зомбулукка дуушар болууда. Алар эркин жүрүп-туруу укугунан ажыратылып, лагерлер менен айылдарда камалып турушат. Ошондой эле жетиштүү азык-түлүккө, медициналык жардамга, билим алууга жана тиричилик кылып, каражат табуу мүмкүнчүлүктөрүнө жетүүдөн ажыратылган.
Аллах Субханаху ва Таала:
﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾
«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал: 72), — деп айтканына карабастан, бүгүнкү күндө рохинжалардын жардам сураган чакырыктарына жооп бере турган Муътасим, Мухаммад ибн Касым жана Аурангзеб сыяктуулар жок. Ошондуктан алар мушрик буддисттерден болгон биринин артынан бири келген башкаруучулардын бийлиги астында ондогон жылдар бою басмырлоого жана зулумдукка дуушар болуп келишти. Мындай жардам мусулмандардын азыркы башкаруучуларынан келбейт. Бул алардын Палестинада, басып алынган Кашмирде, Индияда жана Чыгыш Түркстанда азап тартып жаткан мусулмандарга жардам берүүдөн баш тартып жатканынан айкын көрүнүп турат.
Андан да жаманы, мусулмандардын башкаруучулары, айрыкча Бангладеш менен Малайзиянын башкаруучулары алардын азап-тозогун ого бетер күчөтүп жатышат. Анткени алар рохинжаларды атүгүл жаныбарларга да ылайык келбеген шарттарда жашоого мажбурлап, андан соң кайрадан Бирмадагы куугунтуктоочуларынын колуна түшүшү үчүн өлкөдөн кууп чыгышууда. Чындыгында, Бангладеш, Пакистан, Индонезия жана Малайзиянын аскердик-деңиз флоттору Аурангзебдин доорундагы баатыр кол башчылар жасагандай эле, Бирманын мушрик буддист башкаруучуларын оңой эле жеңүүгө кудуреттүү. Албетте, Ислам Үммөтү жана анын армиялары Үммөттүн чыныгы душмандары болгон бул башкаруучуларды бийликтен кетирип, Исламий башкаруу түзүмүнүн коргоочу калканын кайрадан тикелеши керек.
Ислам Үммөтүнүн маселелери бири-бирине окшош жана өз ара тыгыз байланышкан. Ошондой эле алардын азап-тозоктору да бири-бирине дээрлик толук дал келет. Араканда болуп жаткан окуялар Газада болуп жаткан окуяларга көп жагынан дал келет. Кашмир менен Чыгыш Түркстанда болуп жаткан окуялар, ошондой эле Чеченстанда жана Босния-Герцеговинада болуп өткөн окуялар тууралуу да ушуну айтууга болот. Бул балээ-кырсыктардын бардыгынын чечими бирөө гана, башка чечим жок. Ал — Үммөттүн көйгөйлөрүн түп-тамырынан чечүүчү чечим. Ал эми Үммөттүн көйгөйү анын мойнуна минип алган мусулман башкаруучулары жана алардын башкаруу түзүмдөрү. Аларды бийликтен кулатып, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Исламга жана мусулмандарга жардам бере турган халифаны бийликке орнотуу важиб.
Роя гезити
Билал Аль-Мухажир

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button