Роя гезити

Судандагы саясий кризис жана аны чечүүнүн жолу

Судандагы саясий кризис жана аны чечүүнүн жолу

Судан мурда болуп көрбөгөндөй курч саясий кризисти башынан кечирүүдө. Ал күн өткөн сайын күчөп, мамлекеттин, башкаруунун жана турмуштун бардык тармактарына сокку урууда. Судан фунту чет элдик валюталарга карата арзандоосун улантып, бир доллардын баасы 7800 фунтка чейин жетти. Мунун натыйжасында бардык товарлардын жана кызматтардын баалары кымбаттады. Судандагы набайканалар бирлигинин төрагасы бир кап ундун баасы 78 фунттан 108 фунтка чейин көтөрүлгөнүн, мындан улам алар нандын баасын көтөрүп, салмагын азайтууга аргасыз болуп жатышканын билдирди.

Коопсуздук жагына келсек, Суданда улам жаңы түзүмдөр жана куралдуу күчтөр көбөйүүдө. «Араа» электрондук гезитинин 21-санында өткөн апрель айында куралдуу кыймылдардын саны 100гө жеткени айтылган. Алардын 87си Дарфурга, 13ү Кордофанга, Чыгыш аймагына, Көк Нилге жана Нуба тоолоруна тиешелүү кыймылдар. Бул коопсуздук абалына да таасирин тийгизип, мындай куралдуу күчтөр турган шартта адам өз өмүрүнө жана мүлкүнө ишене албай калды. Мунун акыркы мисалдарынын бири — түнкүсүн Аскердик медициналык мекемеден жумушунан кайтып келе жаткан дарыгер аялдын өлтүрүлүп, тонолушу болду.

Электр энергиясы сыяктуу негизги кызматтар болсо көпчүлүк учурда жеткиликсиз болуп калды. Ошондуктан адамдар ысык аба ырайына жана аптаптуу күнгө туруштук берүү үчүн жарыктандыруу, муздатуу жана абаны салкындатуу максатында күн панелдерин сатып алуу сыяктуу жеке чечимдерге кайрылууга аргасыз болушууда. Эл электр энергиясы кайра калыбына келет деген үмүтүн үзгөндөн кийин, премьер-министр Камил Идрис Каржы министрлигине, Судандын Борбордук банкына жана (социалдык) камкордук министрлигине адамдардын күн панелдерин сатып алышы үчүн жеңилдетилген каржылоо жол-жоболорун жеңилдетүүнү тапшырды. Бул болсо адам электр маселесин чечүү үчүн банкка барып, үстөк пайыздуу насыя алат дегенди билдирет.

Ал эми суу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу башка кызматтар тууралуу мурдагы саламаттыкты сактоо министри Мамун Хумайданын билдирүүсү менен эле чектелели. Ал безгекке (малярия) чалдыгып, ушул аптада «Алия» ооруканасына жаткырылган. Безгекке каршы дарылар ага жардам бербей, натыйжада оорусу күчөп, татаалдашуулар пайда болгон. Ал мунун себеби дарылардын жасалма экенин ачыктады! Анда Суданда өкмөт бар деп айтууга болобу? Же Бурхан башында турган элестер гана барбы?!

Ал эми бул саясий кризистин себеби Судан үчүн Америка менен Британиянын ортосундагы эл аралык күрөшкө барып такалат. Америка Судандагы бул согушту тутандырды. Анткени Американын агенти Башир кулагандан кийин Британия Америкага кысым көрсөтүп, Американын агенттери болгон аскерлерди бийликтен четтетүүгө мүмкүнчүлүк тапты жана өзүнүн жарандык агенттерин бийликке киргизди. Кийин Бурхан аларга каршы төңкөрүш жасап, аларды бийликтен четтетти. Ошондон кийин Британия жүрүштөр жана демонстрациялар сыяктуу саясий иштер аркылуу аларга кысым көрсөтүүнү улантты.

Натыйжада аскерлерди бийликтен дээрлик четтетип, казармаларына кайтара турган Алкактык келишим түзүлдү. Бул Америкага ушул согушту тутандырууга түрткү болду. Натыйжада адамдардын баары жер которуп, тентип же өлтүрүлүп, чет өлкөлөргө качышты. Ошого карабастан күрөш токтогон жок.

Британия 2025-жылдын 15-апрелинде өзүнүн, Франциянын, Германиянын, Европа Биримдигинин жана Африка Биримдигинин чакыруусу менен Лондон конференциясын өткөрдү. Анын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Судан эли шайлай турган жарандык өкмөткө өтүүнү колдоо, Судандын бөлүнүшүнө жол бербөө жана параллелдүү өкмөттөрдү жарыялоо боюнча кандай гана план болбосун четке кагуу талап кылынды.

Британиянын параллелдүү өкмөттү четке кагышы — Америка түзгөн жана азыр Дарфурду көзөмөлдөп турган «Таъсис» өкмөтүн четке кагуу дегенди билдирет. Ал Ыкчам колдоо күчтөрүнөн түзүлгөн жана Дарфур бөлүнүп кеткен учурда аны башкара турган өкмөт болуп саналат. Ал эми Британия өзүнүн агенти, Судандын мурдагы премьер-министри Хамдокту кайра бийликке алып келе турган жарандык башкарууну каалайт.

Ал эми Америка, тескерисинче, Дарфурду бөлүп чыгаруу боюнча өз пландарын ишке ашырууда! Массад Булос Суданга курал-жарак жеткирүүгө тыюу салууга байланыштуу 1591-резолюциянын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады. Ал 2026-жылдын 24-августунда Судандагы абал боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги маалыматтык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Америка төмөнкү төрт маселени камтыган катуу резолюцияны сунуштаганын билдирди:

1. Курал-жарак эмбаргосун Судандын бүткүл аймагына жайылтуу.

2. Учкучсуз учуучу аппараттар, аларга байланыштуу системалар жана технологиялар да эмбаргонун чөйрөсүнө кирерин кайрадан ырастоо.

3. Башкы катчыдан 1591-резолюцияга караштуу эксперттер тобундагы эксперттердин санын көбөйтүүнү талап кылуу.

4. 1591-резолюцияга караштуу эксперттер тобуна аймакты камтыган башка топтор менен кызматташып, активдерди тоңдуруу, сапарга тыюу салуу жана курал-жарак эмбаргосун бузуу учурлары тууралуу толугураак маалымат алуу тапшырмасын берүү.

Америка муну менен Судан армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү жана Дарфурду бошотуу үчүн алдыга жылышына жол бербөөнү көздөйт. Ошентип, Дарфур мурда Түштүк Судан бөлүнүп чыгарылгандай, анын бөлүнүп чыгышы жарыяланганга чейин Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө кала берет.

Судандын бул саясий кризистен чыгышы анын себептерин жоюу менен гана ишке ашат. Анын себептери эки нерседе жатат. Биринчиси — колонизатор каапырлардын саясий чөйрөнү, алар аскерлер болобу же жарандар болобу, өкмөттөбү же анын сыртындабы, көзөмөлгө алышы. Демек, чечим ушул саясий чөйрөнү жок кылууда жана бул өкүмдарларды четтетүүдө жатат. Экинчи себеп болсо — Исламдын бийликтен четте калышы. Бул бийлик колунда турган, эң күчтүү жана материалдык күчкө ээ болгондуктан, басымдуу ыктымалдуулук менен болсо да бул четтетүүнү ишке ашырууга жөндөмдүү топко байланыштуу. Бул топ армия.

Ал адашып, башаламандыкка түшүп калбашы үчүн бийликти колго алууга кадам таштап, аны Хизб ут-Тахрирге өткөрүп бериши керек. Анткени анын жигиттери агент болбогон, калыс саясий чөйрөнү түзүшөт. Ошондой эле анда жогорку деңгээлдеги саясий пикирлер жана бардык саясий, экономикалык жана финансылык кризистерди чечүү жолдору бар. Алар Ислам акыйдасынын өзөгүнөн келип чыгып, Исламды бийликке, мамлекетке жана коомго кайра алып келет. Ошондо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык кайра орнойт.

Аллах Субханаху ва Тааладан бизди аны менен урматтоосун жана улуу аалым, кудуреттүү саясатчы жана жаркын пикир ээси Ата ибн Халил Абу ар-Раштаны анын халифасы катары көрүү менен көзүбүздү кубантуусун сурайбыз. Оо, Раббибиз, муну бизге кечиктирбей, тез арада насип кыл! Чындыгында, Сен мунун Ээсисиң жана ага Кудуреттүүсүң.

Роя гезити

Доктор Ахмад Абдулфадил

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button