Франция жана анын хижабга каршы согушу!

Франция жана анын хижабга каршы согушу!
Франциядагы президенттик шайлоого «Улуттук биригүү» партиясынан талапкер Марин Ле Пен коомдук жайларда исламий хижаб кийүүгө тыюу салуу маселесин кайрадан саясий талкуунун алдыңкы сабына чыгарды. Ал Елисей сарайына жеткен учурда хижаб кийүүнү кылмыш деп эсептеген мыйзамды жалпы элдик референдумга коюуга убада берди. Бул чаранын конституцияга шайкештиги жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча талаш-тартыштар жүрүүдө. Ле Пен X платформасы аркылуу француздарга референдум жолу менен «исламий идеяларга каршы күрөшүү боюнча чоң мыйзамды» сунуштай турганын билдирди. Ал мыйзам өзү күчтүү деп мүнөздөгөн бир катар чараларды камтыйт. Алардын арасында коомдук жайларда хижаб кийүүнү кылмыш деп эсептөө да бар.
Бул маселе боюнча талкуу күчөп, жалпы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда колдогондор менен каршы болгондордун ортосунда көптөгөн талаштар жаралды. Ушул учурда CNews каналы CSA институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Анда француздардын 60 пайызы коомдук жайларда хижабга тыюу салуу идеясын колдой турганы айтылган. Ал эми TikTok жана башка социалдык тармактарда француз таасирдүү айымдары бул долбоорду эркиндиктерге кол салуу деп эсептеп, ага каршылыгын билдирүү үчүн хижаб кийген өнөктүк тарады.
Ашыкча оңчулдар бир нече жылдан бери адамдарды өздөрү «исламий басып кирүү» деп атаган нерсеге каршы тукуруп келишет. Алар өз сөздөрүндө хижабды экстремизм жана коопсуздуктун жоктугу менен байланыштырып, диний эркиндик, жеке эркиндик, Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана башка принциптерди четке кагып, Исламга тиешеси бар бардык нерсеге каршы согуш жарыялап келишет.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар канаты чыгарган басма сөз баянатында мындай деп айтылды: Белгилей кетүүчү нерсе, Франция акыркы жылдары башынан өткөрүп жаткан саясий, экономикалык, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук көйгөйлөрү анын тарыхындагы эң оор кыйынчылыктардын катарына кирет. Ошого карабастан, оңчулдардын шайлоо долбоорлору бул көйгөйлөрдүн баарына олуттуу чечимдерди сунуштоонун ордуна, Исламга тиешеси бар бардык нерсеге каршы согуш жарыялоого жан үрөп жатышат. Бирде абаяга каршы согуш жарыялашса, бирде мечиттерге жана уюмдарга, дагы бирде мектеп окуучуларын экскурсияларда коштоп жүргөн энелердин хижабына каршы чыгышат… ж.б.!
Баянатта дагы мындай деп айтылды: Ашкере оңчулдар өздөрүнүн четке кагуучу, расисттик сөздөрү аркылуу кандайдыр бир деңгээлде көптөгөн адамдардын жүрөгүнө коркунуч себүүгө жана Исламды адам өмүрлөрүн кыйып, эркиндиктерди жок кылуу үчүн мүмкүнчүлүк күтүп турган коркунучтуу нерсе катары көрсөтүүгө жетишкендиги терең жана чыныгы көйгөй болуп саналат. Буга кошумча, маалымат каражаттары да көптөн бери Исламды бурмалоодо, мусулмандарды адаштырууда, фактыларды бурмалап көрсөтүүдө жана жалаа жабууда ролу чоң. Ошондуктан жогоруда айтылган сурамжылоодо тыюуну колдогондордун басымдуу көпчүлүгү улуу курактагылар экени, ал эми жаштар бул сунушту азыраак колдой турганы айтылган. Анткени жаштардын көбү окуу жана жумушунда мусулмандар менен түздөн-түз аралашып, маалымат каражаттары окуяларды кандай чагылдырарын түшүнө башташкан. Ошондой эле алар социалдык тармактарда жарыяланган, көп учурда бири-бирине карама-каршы келген башка версиялар менен да таанышып турушат.
Андан ары: Францияда оңчулдардын дал ушул учурда хижабга каршы согуш жарыялоосу — адамдардын жүрөгүнө коркунуч жана жалган маалыматтар сиңирилгенден кийин, алардын сезимтал жерлерин козгоп, добуш топтоого багытталган шайлоо айла-амалы. Болбосо чыныгы саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелери алда канча маанилүү болуп, Франция өкмөтү туш болуп жаткан терең кыйынчылыктарга каршы олуттуу чечимдерди жана чараларды сунуштоону талап кылат.
Басма сөз баянаты мындай сөздөр менен аяктады: Тилекке каршы, экстремисттер өздөрүнүн ийгиликсиздигин жана цивилизациясынын улам-улам каптап жаткан кризистерди чечүүгө, ошондой эле өздөрү түшүп бара жаткан төмөндөөнү токтотууга жөндөмсүздүгүн Исламга төңкөрүп, аны шылтоо кыла беришет. Алар дайыма өз күч-аракеттерин чыныгы күрөш майданынан тышкаркы жаңжалдарга жумшай беришет жана бардык учурда жеңилген тарап болушат.
Роя гезити




