Тайвань: Кытайдын күчөп жаткан басымы менен Американын олку-солку абалынын ортосунда

Тайвань: Кытайдын күчөп жаткан басымы менен Американын олку-солку абалынын ортосунда
Дүйнө Украинадан тартып Жакынкы Чыгышка чейин созулган согуштар менен алек болуп жаткан учурда, Кытай XXI кылымдагы эң кооптуу геосаясий кагылышуу чекити болгон Тайвань тарапка эсептелген күч менен жылып баратат.
Тайвань деңизиндеги ылдам күчөп жаткан аскерий чыңалуу эми жөн гана кезектеги машыгуулар же дипломатиялык басым көрсөтүү билдирүүлөрү болбой калды. Тескерисинче, ал дүйнөлүк күчтөр тең салмагындагы терең стратегиялык өзгөрүүнүн көрсөткүчүнө айланды. Анткени, Бээжин Азия жана Тынч океан аймагындагы америкалык үстөмдүккө каршы туруп, эл аралык күч катары өзүнүн өсүшүн бекемдей турган жаңы вакыйлыкты таңуулоого аракет кылууда.
Ал эми Вашингтон татаал дилемманын алдында турат. Ал Тайванды жоготуу Чыгыш Азиядагы стратегиялык таасири алсырашын билдирерин түшүнөт. Бирок ошол эле учурда Кытай менен түздөн-түз кагылышуу экономикага да, эл аралык түзүмгө да оор кесепеттерди алып келе турган дүйнөлүк согушка жол ачышы мүмкүн экенин да билет. Ошондуктан, өзгөчө Трамп доорундагы ири державалардын ортосундагы жарыяланбаган түшүнүшүүлөрдүн табияты тууралуу суроолор көбөйүүдө. Тайвань чындап эле Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы ири келишимдердеги кыйыр соодалашуу куралына айландыбы? Же бул Трамптын Кытайды тузакка түшүрүп, аны аймактык жана эл аралык көйгөйлөргө батыруу үчүн жасаган айласыбы?
Дүйнө азырынча, убактылуу болсо да акыркы чечүүчү учурдан алыс. Себеби биз азыркы доордун эң кооптуу кризистеринин бирин баштан кечирип жатабыз.
Мурда Кытай Тайвань айланасында аскерий машыгууларды өткөргөн сайын чыңалуу күчөп, аны убактылуу күч көрсөтүү катары кабыл алчубуз. Ал эми бүгүн биз Азиядагы түзүмдүн тарыхый өзгөрүшүнө даярдык көрүлүп жатканын байкап жатабыз. Кытай эми бул аралга кийинкиге калтырылган маселе катары эмес, өзүнүн улуттук долбоорундагы негизги маселе катары карап жатат жана аны чечүү убактысы жакындап калды деп эсептейт. Ошол эле учурда Америка Тайванды коргоо боюнча милдеттенмесинде мурдагыдан да бүдөмүк көрүнүүдө.
Биринчиден: Кытайдын Тайвань айланасындагы учурдагы күчөп жаткан аракеттери эмнени билдирет?
Акыркы айларда Кытай аралдын айланасындагы деңиз жана аба машыгууларын кыйла күчөттү. Тайвань аба жана деңиз мейкиндигине жакын аймактарда жүргөн кеме жана учактардын саны байкаларлык өстү. Тайбэйдин билдиришинче, 100дөн ашуун согуштук кеме жана Кытайдын жээк күзөтүнө таандык кемелер Сары деңизде жана Түштүк Кытай деңизинде, башкача айтканда Тайванга жакын аймактарда жайгаштырылган. (Ал-Жазира, 23.05.2026).
Мындан тышкары, Тайванга караштуу чакан аралдардын айланасында деңиздик басым көрсөтүү операциялары улам-улам жүргүзүлүүдө. Кытайдын максаты жөн гана аскерий коркутуу эмес, жана аны үч деңгээлде түшүнүүгө болот:
1. Баскыч-баскыч менен курчоону ишке ашыруу. Башкача айтканда, Тайвань айланасындагы кытайлык аскерий катышууну күнүмдүк жана кадимки көрүнүшкө айландыруу аркылуу аралды психологиялык жана аскерий жактан курчалган мейкиндикке айлантуу.
2. Тайвань коомунун эркин алсыратуу. Кытай согуш ар дайым басып кирүү менен гана чечилбей турганын түшүнөт. Кээде коомдун өзүн коргоо мүмкүнчүлүгүнө жана союздаштарынын аны коргой аларына болгон ишенимин сындыруу аркылуу да жеңишке жетүүгө болот.
3. Американын чыныгы позициясын сыноо. Кытай кризис жарылуу чекитине жакындаганда Америка Тайванды коргоо үчүн иш жүзүндө канчалык деңгээлге чейин барарын билүүнү каалайт.
Ошондуктан көптөгөн талдоочулар Кытай түздөн-түз жана кымбатка түшүүчү басып кирүүнүн ордуна «жай муунтуу» стратегиясы менен аракет кылып жатат деп эсептешет. Ошол эле учурда ал бардык тараптардын чыныгы ниеттерин ачып берүүгө аракеттенүүдө.
Экинчиден: Бул чыңалуудан кийин Америкадагы абал кандай?
Америка ичинде Тайвань маселеси боюнча ачык эле башаламандык байкалууда. Вашингтон расмий түрдө азыркы абалды күч колдонуу аркылуу өзгөртүүгө каршы экенин билдирип келет. Бирок бул маселеде Кытайга кандайдыр бир жеңилдик берип жатабы же тескерисинче аны Тайвань маселесине көбүрөөк аралаштырып, тузакка түшүрүүгө аракет кылып жатабы — бул так белгилүү эмес.
Ошол эле учурда Тайвань үчүн тынчсыздандырган бир катар белгилер пайда болду. Алардын ичинде:
1. Американын Жакынкы Чыгыштагы башка аскерий артыкчылыктарына байланыштуу Тайванга курал сатуу боюнча айрым келишимдерди токтотуу же жайлатуу тууралуу маалыматтар бар. Америкалык аскерий кызматкер мындай деген: «Иран менен болгон согуш үчүн ок-дарыларды сактап калуу максатында Тайванга 14 миллиард долларлык курал сатуу келишими токтотулат». (Ал-Жазира, 22.05.2026).
2. Трамп өзү да Тайвань маселесине соода тили менен кайрылып, курал сатуу келишимдери Кытай менен сүйлөшүүлөрдө соодалашуу куралы болушу мүмкүн экенин билдирген. (Рейтер, 19.05.2026).
3. Азыркы америкалык администрация Кытай менен согушка киришүүдөн көрө, анын алдын алууга көбүрөөк көңүл буруп жаткандай көрүнөт. Айлакерлик алардын табиятынан болгондуктан, алар эмнени жашырып жатканы белгисиз.
Бул Америка Тайвандан баш тартты дегенди билдирбейт, бирок Вашингтондун азыркы артыкчылыгы Бээжин менен ири кагылышууга кирип кетпестен, жаңжалды башкаруу болуп калганын көрсөтөт.
Үчүнчүдөн: Трамп менен Кытайдын ортосунда Тайвань боюнча жашыруун келишим болгонбу?
Бүгүнкү күнгө чейин Кытайга Тайванды алууга уруксат берген жашыруун келишим бар экенине расмий далилдер жок. Бирок арал маселеси эки өлкөнүн ортосундагы ири соодалашуулардын бир бөлүгүнө айланып калганы көрүнүп турат.
Трамп менен Кытай жетекчисинин жолугушууларында Тайвань маселеси олуттуу көтөрүлгөн жана Кытай тарабынан күчтүү басым жасалган. Ал жолугушууларда Америка Тайбэйге аскерий колдоосун токтотуу маселеси талкууланганы гана белгилуү болгон. (Ал-Жазира, 23.05.2026).
Трамп тышкы саясатка салттуу идеологиялык союздар көз карашы менен эмес, келишимдер жана соодалашуулар көз карашы менен карагандыгы бул маселенин өзөгү болуп саналат. Бул, албетте, тайвандыктарды тынчсыздандырат. Анткени алар өздөрүнүн келечеги Кытай менен Американын ортосундагы экономикалык, коопсуздук жана аскерий түшүнүшүүлөрдүн ичинде соодалашуу барагына айланып калышы мүмкүн экенин түшүнүшөт.
Бирок Американын Тайвандан толук баш тартуусуна жол бербеген терең чектөөлөр да бар. Алардын ичинен: аралдын Кытайды ооздуктоодогу стратегиялык мааниси; дүйнөлүк жарым өткөргүчтөр өнөр жайындагы борбордук орду; Тайванды колдогон америкалык Конгресстин басымы; Тайвань кулап калса, Американын Азиядагы союздаштары болгон Түштүк Корея жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн Вашингтонго болгон ишениминин солгундап кетишинен коркуу бар. Ошондуктан Америка согуштун алдын алган, чечимди кийинкиге жылдырган жана Тайваньдын Кытайга кайтып келишин узак убакыт аралыгында табигый көрүнүшкө айландырган татаал жана узак процессти башкарууга аракет кылышы мүмкүн.
Төртүнчүдөн: Тайвандын Кытайга кайтып келиши убакыт маселесине айландыбы?
Кытай Тайвандын кайра биригишин жөн гана саясий тандоо катары эмес, Батыш үстөмдүк кылган «кордук кылымынан» кийин Кытайдын тарыхый аброюн калыбына келтирүүнүн бир бөлүгү катары карайт. Ошондуктан арал маселеси канча убакыт өтсө да баш тартууга болбой турган максат болуп саналат.
Бирок Тайвандын Кытайга кайтып келиши оңой иш эмес. Буга бир нече себептер бар:
• Тайвань коому Кытайдан айырмаланган өзүнчө саясий өздүккө ээ болуп калды.
• Ар кандай түздөн-түз басып кирүү кыйраткыч аймактык согушка айланып кетиши мүмкүн.
• Тайвандагы электрондук микрочип заводдору иштен чыкса, дүйнөлүк экономика чоң соккуга туш болот.
• Япония менен Америка Кошмо Штаттары Тайвань жоголсо, Кытай Тынч океандын батыш бөлүгүндө толук үстөмдүк кылып калат деп кооптонушат.
Ошого карабастан, күчтөрдүн тең салмагы Кытайдын пайдасына өзгөрүп жатат. Айрыкча Кытайдын деңиздеги аскерий кубатынын кеңейиши жана Американын азыркы ички бөлүнүүлөр шартында, ачык согушка кирүүгө даярдыгынын төмөндөшү ушул көрүнүштү күчөтүүдө.
Бүгүнкү Тайвань кризиси Кытай менен баш ийбеген аралдын ортосундагы жөнөкөй чек ара талашы эмес. Ал бүтүндөй дүйнөлүк түзүмдүн келечеги үчүн сыноо болуп калды.
Америка тарыхый чечимдин алдында т.а. же Тайванды коргоп, Кытай менен чоң согуш коркунучун кабыл алуу, же акырындап Кытай жетектеген жаңы азиялык түзүмдүн көтөрүлүшүнө көнүү алдында турат.
Бүткүл эл аралык түзүмдө болуп жаткан бул терең өзгөрүүлөр Кансыз согуш аяктагандан кийин Американын абсолюттук үстөмдүгү алдында калыптанган дүйнөнүн азыр таасирди кайра бөлүштүрүү дооруна киргенин көрсөтүүдө. Анткени салттуу Батыш борборуна саясий, экономикалык жана аскерий жактан каршы тура ала турган жаңы күчтөр көтөрүлүүдө.
Бул өзгөрүүлөрдүн чордонунда жаңы эл аралык күч пайда болушу мүмкүн. Эң кыска убакытта чокуга көтөрүлүп, жаңыдан өсүп келе жаткан күчтөн ири державага айлана ала турган жалгыз талапкер — Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык болуп саналат. Батыш мындай кайтуунун маанисин жакшы түшүнөт. Анткени ал Американын текеберлигин жана капиталисттик мабдасын токтото ала турган, Кытайды өзүнүн табигый көлөмүнө кайтара турган жана жер жүзүнө адилеттик менен нурду жайылта турган жалгыз күч болуп саналат. Бул тууралуу Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:
«إِنَّ اللَّهَ زَوَى لِي الْأَرْضَ فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مُلْكُهَا مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»
«Аллах мага жерди жыйып көрсөттү. Мен анын чыгышын да, батышын да көрдүм. Менин үммөтүмдүн бийлиги мага көрсөтүлгөн жерлердин баарына жетет».
Роя гезити
Набил Абдулкарим




