Талфик жана мазхаб кармануунун мааниси

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо–жооп
Талфик жана мазхаб кармануунун мааниси
Абу Аланга.
Суроо: Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатуху. Биринчиден Аллахым сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө камкордук кылуусун тилейм. Мен төмөнкү суроолорду бергим келет:
1. Мусулмандар белгилүү бир мазхабды кармоого милдеттүүбү же жокпу?
2. “талфик” (бир маселеде бир нече мазхабдын карама-каршы чечимдерин бириктирип амал кыла берүү) деген эмнени билдирет? Ал эми белгилүү бир мазхабды карманбаган адам талфик менен алектенет деп эсептелеби?
3. Хизб-ут-Тахрирдин бул маселе боюнча пикири кандай?
4. Мен бул маселени кимдир бирөө менен талкуулап, ага мусулмандын милдети белгилүү бир мазхабды кармануу эмес, анын милдети ислам өкүмдөрүнө ылайык иш кылуу экенин жана белгилүү бир мазхабды кармануу ислам мыйзамдарына ылайык иш кылуунун бир ыкмасы экенин айттым. Сиз бул сөздү туура деп эсептейсизби?
Эгер сиз мага маселени ачык-айкын кылып, жүрөгүм тынчтангандай жооп берсеңиз, мен ыраазы болмокмун. Жообуңуз үчүн Аллах сизге мол сыйлык берсин.
Жооп: Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Биринчиден, Аллах сиздин жакшы тилегиңиз үчүн сизге жакшылыгын берсин, биз сиздин амандыгыңызды тилейбиз. Ал эми сиздин суроолоруңузга жоопту “Ислам шахсиясы” китебинин биринчи бөлүгүнүн “Мужтахиддер ортосунда көчүп жүрүү” темасынан кененирээк таба аласыз (188-189-бет).
Мужтахиддердин ортосунда көчүп жүрүү: “Алла бизди бир мужтахидге же имамга же мазхабга ээрчүүгө буйрубады, тескерисинче, шаръий өкүмдү алууга буюрду. Алла бизди расулу Мухаммад (с.а.в) алып келген бардык нерселерди алууга жана кайтарган нерселеринин баарынан тыйылууга буюрду. Алла Таала айтат:
«Пайгамбар өзү силерге тартуу эткен нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла» [59:7].
Ошондуктан, шариятта Алланын өкүмдөрү үстөм болуп, адамдарга ээрчүү мүмкүн эмес. Таклиддин вакыйлыгы мусулмандар бирер мужтахиддин өкүмдөрүнө ээрчип, аларды өздөрүнө имам деп билишип, ал ижтихад кылган өкүмдөрдү өздөрүнө мазхаб деп эсептешине алып барды. Натыйжада мусулмандардын арасында Шафий, Ханафия, Маликия, Ханбалия, Жаъфария, Зайдия мазхабдары ж.б. жүзөгө келди. Эгер мусулмандар мужтахиддер истинбат кылган шаръий өкүмдөргө ээрчиген болушса, алардын амалдары шаръий амал болуп эсептелет. Себеби, бул шаръий өкүмгө ээрчүү болуп эсептелет. Эгер алар мужтахиддин өзүнө ээрчиген болсо, алардын бул иштери шаръий эсептелбейт жана алар ээрчиген өкүм шаръий деп аталбайт. Себеби, ал бир адамдын сөзү болуп, Алланын расулу Мухаммад (с.а.в) алып келген Алланын буйрук жана кайтаруулары эмес. Ошондуктан бардык мазхабды ээрчүүчүлөрдүн ушуну жакшы билүүсү важып, алар мужтахиддер истинбат кылган Алланын өкүмдөрүнө ээрчишүүдө. Эгер башкача түшүнүктө болушса, Алланын өкүмдөрүн таштап, пендеге ээрчигендиктери үчүн жооп беришет. Булар мазхаб өкүмдөрүнө ээрчүү жөнүндөгү пикирлер.
Ал эми мазхаб өкүмдөрүн таштоо маселесинде каралат, бир өкүмдү алса, бирок ага амал кыла элек болсо, бул кишинин ушул өкүмдү алуусу же андан баш тартып, башкасын алуусу мүмкүн. Албетте, бул орунда алуу же баш тартуу Алланын ыраазылыгы үчүн күчтүү далилдер негизинде болуусу керек. Ал эми мукаллид өзү алган өкүмгө амал кылган болсо, ал үчүн бул өкүм Алланын өкүмүнө айланат жана анын бул өкүмдү таштап, башкасын алуусу жайиз эмес. Ал эми экинчи өкүм өз далили менен бирге келсе жана биринчи өкүмдүн далили анык болбосо, же үйрөнүп чыгууда экинчи өкүмдүн далили биринчи өкүмдүн далилинен күчтүү экендиги аныкталса, биринчисин таштоосу важып. Себеби, шаръий далилге канааттануусу жана аны тастыктоосу аны Алланын өкүмүнө айландырат. Себеби, мужтахиддин өзүнө да истинбат кылган райына караганда күчтүүрөөк далилди тапкан убакта өзүнүн алгачкы райын таштап, кийинки далили күчтүү райды алуусу важып. Мындан башка абалдарда болсо өзү ээрчип амал кылып жаткан өкүмдү таштап, башка өкүмдү алуусу мүмкүн эмес. Ал эми башка өкүмдөрдө болсо башка мужтахидге ээрчүүсү жайиз. Себеби, мукаллид бирер маселеде ар кандай чечимден сурап билишинин жайиздиги сахабалар ижмасы менен далилденген. Ал эми мукаллид эгер өзү үчүн бир мазхабды дайындап, мен балан мазхабдамын жана ушул мазхабды кармаймын деп айтса, бул киши өзү ээрчиген мазхабдагы амал кылган маселелерде башка мужтахидге ээрчибейт. А бирок, амал кыла элек маселелеринде башка мужтахидге ээрчүүсү жайиз. Бирок ушул нерсени билүүсү керек, таклид кылып жаткан өкүмдү таштап, башкасын алуу мүмкүн болгон маселе башка маселеге байланышы жок өзүнчө маселе болушу жана аны таштоо менен башка шаръий өкүмдүн бузулуусу келип чыкпоосу важып. Ал эми башка маселеге байланыштуу болсо, андан баш тартуу мүмкүн эмес. Баш тартса да ушул маселеге байланыштуу бардык маселелерди таштоосу важып. Себеби, ал маселелердин баары бири-бирине байланыштуу болгондугу үчүн алар бир бүтүн деп эсептелет. Кудум намаз, даарат жана башка намаздын рукндары сыяктуу.
Шафиъий мазхабындагы адамдын Абу Ханифанын «Аял кишини кармоо дааратты бузбайт» деген райын кабыл кылып туруп, Шафиъий мазхабы негизинде намазды окуусу жайиз эмес. Же намазда ар канча көп аракет кылуу намазды бузбайт деп, же «Фатиха» сүрөсүн окуу намаз рукндарынын бири эмес деп эсептеген адамдын мунун тескерисин айткан мужтахидге ээрчүүсү туура эмес. Демек, башка шаръий өкүмдөр негизинде аткарып жаткан амалдарга таасири болбой турган өкүмдөрдү гана таштап, башкасын кабыл алуусу мүмкүн”. (Аягы).
Бул текст сиздин суроолоруңузга кенен жооп берет жана андан ары тактоо үчүн төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
1. Мусулман белгилүү бир мазхабды ээрчүүгө милдеттүү эмес, тескерисинче, ал шарьий өкүмдү истинбат кылып чыгарган мужтахиддин ижтихадына карабастан шарий өкүмгө баш ийүүгө милдеттүү. Эгер ал белгилүү бир аалымдын пикири туура шарий чечим экенине жана ал басымдуу көз караш деп ишенсе, анда ал ага баш ийиши керек… Бирок, таклид кылуучу аамий басымдуу пикирди аныктоо үчүн далилдерди таразалай албайт, анткени анын муну жасоого мүмкүндүк берүүчү изилдөө илими жок. Анын тандоосу аалымга болгон жалпы ишеним критерийлерине же аалымдын билимине жана такыбалыгына негизделет… тактап айтканда баланча аалым илимдүү такыба деп ишенишине негизделет. Эгер ал Шафий башкаларга караганда илимдүү жана жалпысынан анын пикири чындыкка жакыныраак деп эсептесе, анда ал Шафинин пикирин кабыл алышы керек…
2. Мусулман адам бардык маселелерде белгилүү бир мазхабды кармануусу жаиз. Бул мурда мусулмандар арасында кеңири таралган болчу, бирок азыр азыраак кездешет… Бирок, ал өзүнүнүн карманган мазхабына фанаттык менен ээрчүүсү жана ар бир маселеде, ал шарьий далилдерге карама-каршы келсе да, ушул мазхабдыкы эле туура деп таклид кылуусу жайиз эмес. Эгерде ага башка бир мазхабдын пикири күчтүүрөөк экени айкын болсо, анда ал бул маселеде өзүнүн биринчи карманган мазхабында фанатизм жана аны бек кармануу менен кала берүүсү болбойт, анткени шарият ага белгилүү бир мужтахидди же белгилүү бир мазхабды ээрчүүнү буйруган эмес, тескерисинче, шарияттын өкүмүн ээрчүүнү буйруган.
3. Ал эми таклид кылган аамийге келсек, ал үчүн белгилүү бир мазхабды ээрчип, бардык маселелерде аны ээрчигени жакшы, анткени аамий далилдерди карап чыгуучу илимге ээ эмес. Эгер ал ар кандай мазхабдардан алса, аны карама-каршылыктарга жана көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, катардагы аамийлерге айрыкча, ал жашаган өлкөдө кеңири таралган мазхабга, мисалы, Египетте Шафий мазхабы же Мароккодо Маликий мазхабы сыяктуу белгилүү бир мазхабга ээрчүү сунушталат.
4. “талфик” термини бир нече мааниде колдонулат, бирок эң көрүнүктүү эки мааниси бар:
А) Бир маселе боюнча бир нече аалымдардын пикирин алуу, башкача айтканда, ал маселенин бир бөлүгү боюнча бир аалымдын, ал эми экинчи бөлүгү боюнча башка аалымдын пикирин алуу. Натыйжада, биринчи да, экинчи да аалым айтпаган куралган чечим чыгарат. Ошондуктан, анын бул куралган өкүмгө ылайык амалын эки мужтахид тең туура эмес деп эсептешет… жана бул маанидеги айкалыш “Ислам шахсиясы” китебинен келтирилген текстте хизбдин пикиринде да уруксат берилбегени түшүндүрүлөт: “Бирок ушул нерсени билүү керек, таклид кылып жаткан өкүмдү таштап, башкасын алуу мүмкүн болгон маселе башка маселеге байланышы жок өзүнчө маселе болушу керек жана аны таштоо менен башка шаръий өкүмдүн бузулуусу келип чыкпоосу шарт. Ал эми башка маселеге байланыштуу болсо, андан баш тартуу мүмкүн эмес. Баш тартса да ушул маселеге байланыштуу бардык маселелерди таштоосу важып. Себеби, ал маселелердин баары бири-бирине байланыштуу болгондугу үчүн алар бир бүтүн деп эсептелет. Кудум намаз, даарат жана башка намаздын рукндары сыяктуу. Шафиъий мазхабындагы адамдын Абу Ханифанын «Аял кишини кармоо дааратты бузбайт» деген райын кабыл кылып туруп, Шафий мазхабы негизинде намазды окуусу жайиз эмес. Же намазда ар канча көп аракет кылуу намазды бузбайт деп, же «Фатиха» сүрөсүн окуу намаз рукндарынын бири эмес деп эсептеген адамдын мунун тескерисин айткан мужтахидге ээрчүүсү туура эмес. Демек, башка шаръий өкүмдөр негизинде аткарып жаткан амалдарга таасири болбой турган өкүмдөрдү гана таштап, башкасын кабыл алуусу мүмкүн”. (Аягы).
Б) Намаз маселесинде Шафийди ээрчип, андан кийин ажылыкта Ханбалилердин пикирин алуу сыяктуу, таклид кылуучунун бир маселеде бир мужтахиддин райына башка маселеде бөлөк мужтахддин пикирине амал кылуусу…
Бул маанидеги “талфик” жогоруда “Ислам шахсиясы” китебинин биринчи бөлүмүнөн алынган текстте айтылгандай уруксат берилет...
Булар мазхаб өкүмдөрүнө ээрчүү жөнүндөгү пикирлер. Ал эми мазхаб өкүмдөрүн таштоо маселесинде каралат, бир өкүмдү алса, бирок ага амал кыла элек болсо, бул кишинин ушул өкүмдү алуусу же андан баш тартып, башкасын алуусу мүмкүн. Албетте, бул орунда алуу же баш тартуу Алланын ыраазылыгы үчүн күчтүү далилдер негизинде болуусу керек. Ал эми мукаллид өзү алган өкүмгө амал кылган болсо, ал үчүн бул өкүм Алланын өкүмүнө айланат жана анын бул өкүмдү таштап, башкасын алуусу жайиз эмес. Ал эми экинчи өкүм өз далили менен бирге келсе жана биринчи өкүмдүн далили анык болбосо, же үйрөнүп чыгууда экинчи өкүмдүн далили биринчи өкүмдүн далилинен күчтүү экендиги аныкталса, биринчисин таштоосу важып. Себеби, шаръий далилге канааттануусу жана аны тастыктоосу аны Алланын өкүмүнө айландырат. Себеби, мужтахиддин өзүнө да истинбат кылган райына караганда күчтүүрөөк далилди тапкан убакта өзүнүн алгачкы райын таштап, кийинки далили күчтүү райды алуусу важып. Мындан башка абалдарда болсо өзү ээрчип амал кылып жаткан өкүмдү таштап, башка өкүмдү алуусу мүмкүн эмес.
Ал эми башка өкүмдөрдө болсо башка мужтахидге ээрчүүсү жайиз. Себеби, мукаллид бирер маселеде ар кандай чечимден сурап билишинин жайиздиги сахабалар ижмасы менен далилденген. Ал эми мукаллид эгер өзү үчүн бир мазхабды дайындап, мен балан мазхабдамын жана ушул мазхабды кармаймын деп айтса, бул киши өзү ээрчиген мазхабдагы амал кылган маселелерде башка мужтахидге ээрчибейт. А бирок, амал кыла элек маселелеринде башка мужтахидге ээрчүүсү жайиз. (Аягы).
Демек, “Ислам шахсиясы” китебинен алынган тексттин үстүнөн ой жүгүртүү сиздин бардык суроолоруңузга жооп берет.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рашта.
1448-х, 15-робиул аввал.
2026-ж, 28-август.




