Макала

Терроризм менен күрөшүү – бюджетти толуктоо ыкмасы

Терроризм менен күрөшүү – бюджетти толуктоо ыкмасы

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор араралык комиссиянын 18-жыйынына катышты. Анда Кыргызстандын Евразиялык топтун (ЕАГ) өз ара баалоосунун үчүнчү раундуна даярдыгы жана бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү чаралары талкууланды.

Бирок күн тартибиндеги жарыяланган маселеге көз чаптырсак, ал талкууланган жыйынтыктарга таптакыр туура келбей турганы көрүнөт. Берилген баяндаманын текстинен “жалаа жабуу саясаты” байкалат. Тактап айтканда, анда түшүнүктөрдү алмаштыруу, максаттарды бурмалоо жана курулай айыптоолорго толо аракеттер бар экени маалым болду. Иш-чаранын расмий себеби жана күн тартиби катары улуттук коопсуздук маселеси көтөрүлгөнү менен (акчаны адалдоо/оффшорго чыгаруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү) бирок, айтылган жыйынтыктар фискалдык көрсөткүчтөр жана экономикалык өсүш тууралуу сөздөр менен гана чектелди.

Ал эми, максаттардын айырмаланышын төмөнкү нерседе байкоого мүмкүн. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү, бул укук коргоо алкагына кире турган өзгөчө бир милдет болуп саналат. Ал оор кылмыштарды аныктоого, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, экстремизмди каржылоонун жана колдоонун каналдарын бөгөттөөгө багытталат. Бирок иш жүзүндө, экономикалык саясаттын алкагына кирген көмүскө экономиканы азайтууга багытталган чаралардын, ошондой эле салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн жыйынтыктары тартууланды. Эске салсак, экономикалык саясаттын негизги максаты – бул бюджеттин кирешесин көбөйтүү.

Ошондой эле, күн тартибинде көрсөтүлгөн жыйынтыктарда антитеррордук жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагындагы «ийгиликтердин» сапатына шайкеш келбеген талкуу байкалды. Анда төмөнкүдөй макроэкономикалык көрсөткүчтөр келтирилген: ИДПнын 2 триллион сомго чейин өстү, салыктык түшүүлөр 106 миллиард сомдон 308 миллиард сомго чейин жана бажы төлөмдөрү 47 миллиард сомдон 157 миллиард сомго чейин көбөйдү.

Бирок иш жүзүндө, отчетто терроризмди каржылоого түздөн-түз байланышы аныкталган кылмыштар, террористтик активдерди бөгөттөө же коопсуздук чөйрөсүндөгү жүргүзүлгөн иштин конкреттүү жыйынтыктары тууралуу маалыматтар таптакыр жок.

Жыйынтыгында биз түшүнүктөрдүн уятсыз бурмаланышына күбө болуудабыз. Салык жана бажы органдарынын бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана мамлекеттик кирешелерди көбөйтүү боюнча жетишкендиктери кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү жаатындагы ийгиликтер катары көрсөтүлүүдө. Экономиканы «көмүскөдөн чыгаруу» жагымдуу кошумча бир натыйжа болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын өзү, аталган көйгөйлөр чындап эле бар экенине далалат кылбайт. Анын үстүнө, ал профилдик мекемелердин терроризмди каржылоо каналдарын бөгөттөө боюнча иштеринин натыйжалуулугун чагылдырган көрсөткүч эмес.

Мындай риторика аркылуу эл аралык коопсуздук жаатындагы жыйынтык, өкмөттүн экономикалык жетишкендиктеринин жыйынтыгы менен алмаштырылууда. Ал эми бул, терроризмди каржылоо көйгөйүнүн иш жүзүндө жок экенин далилдейт. Көтөрүлүп жаткан бул маселе, өз колонияларында Исламга каршы саясатты белгилеп жаткан баскынчылардын алдында отчётту тапшырууда апыртуу үчүн гана кызмат кылат. Ал баскынчылар, тынбай элге жок эле кооп-коркунучтарды чындык катары көрсөткөнгө аракет кылышат. Ал эми мусулман өлкөлөрүнүн башчылары бул кооп-коркунучтарды экономикалык тешиктерди жамоо, бюджетти толуктоо жана капитализмге негизделген экономикалык саясаттын кемчиликтерин жабуу үчүн пайдаланып келишет.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button