Муфтийлер эмнени унутту? Алар чынында эле Исламды коргоп жатышабы?

Муфтийлер эмнени унутту? Алар чынында эле Исламды коргоп жатышабы?
2026-жылдын 14-сентябрында Баку шаарында Аллахшүкүр Паша-заденин төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн диний башкармалыктар жетекчилер кеңешинин 7-жыйыны өттү. Жыйынга ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипрдин башкы муфтийлери жана диний иштер боюнча башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Катышуучулар диалогду өнүктүрүү, жалпы баалуулуктарды коргоо, исламофобияга каршы күрөшүү жана нике маселелерин талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында мусулмандарды каапырлыкка чыгарууга (такфирге) жол бербөө жана үй-бүлөнү бекемдөө боюнча декларациялар, ошондой эле исламдын илимге жана технологияга болгон мамилеси тууралуу документ кабыл алынды.
Жыйындын соңунда төрагалык Азербайжандан Түркияга өтүп, кийинки жыйынды 2027-жылы өткөрүү чечими кабыл алынды.
Комментарий:
Баскынчы долбоорлордун көзөмөлүнүн астында турган жогорку диний аткаминерлер Бакунун кооз залдарында кайрадан чогулуп, жалпы баалуулуктарды, исламофобияга каршы күрөштү (адатта Европада) жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо тууралуу кооз сөздөрдү айтышты. Бирок ошол эле учурда, алар мусулмандардын дартына айланган дүйнөдөгү жүздөгөн куралдуу кагылышуулар бул жерде турсун, өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү мусулмандар башынан өткөрүп жаткан чыныгы көйгөйлөргө көз жумушууда.
Жолугушуу бүгүнкү Ислам дүйнөсүнүн чыныгы көйгөйлөрүнөн кыйла алыс болуп, мусулмандарды коргоо жагынан бир тыйынга да арзыбаган, бирок, ошол эле учурда, аткаминерлер үчүн ыңгайлуу болгон аянтчага айланды. Дал ушул нерсе негизги көйгөй болууда.
Түрк мамлекеттеринин көз карашында, Ислам үммөтүнүн эң башкы кайгысы – такфир тууралуу талкуу жана Исламдын “технологияларга болгон абстрактуу оюбу?
Эмне үчүн жер-жерлердеги диний турмушту чындап чектеп жаткан көйгөйлөр талкууланбайт? Эмне үчүн аймактагы өлкөлөрдө кыздардын жөн гана жоолук салынып, хижаб кийип, ыйманын сактаганы үчүн мазактоого кабылып, мектептерден жана жогорку окуу жайлардан чыгарылып жатканы ачык айтылбайт? Бул адамдын негизги укуктарынын жана абийир эркиндигинин түздөн-түз бузулушу эмеспи? Анын үстүнө, мындай көрүнүштөр кайсы бир Парижде эмес, дал ушул ТМУга мүчө мамлекеттердин өздөрүндө болуп жатат!
Ошондой эле, диндар адамдарды бүдөмүк жана саясатташтырылган беренелердин негизинде куугунтуктоо сыяктуу окуялардын да көңүл сыртында калышы өзгөчө таң калтырат. Кадимки жашоо-турмушу, сакал койгону же социалдык тармактардагы пикирлери жана комментарийлери үчүн адамдарга «экстремист» деген тамга тагылып, эркиндигинен ажыратылып жатканы тууралуу сөз да айтылган жок.
Муфтийлердин мындай маселелерде унчукпоосу жөн гана шалаакылык эмес, бул диндарларга карата жүргүзүлүп жаткан кысымга жана колониялык саясаттын көрүнүштөрүнө үнсүз ыраазы болуу.
Жыйынтыктап айтканда, муфтийлер океандын ары жагындагы исламофобияга каршы формалдуу билдирүүлөрдү жасоого даяр, ал эми өз өлкөлөрүндөгү мамлекеттик өзүмбилемдиктен жана кысымдан диндин эркиндигин жана диндарлардын укуктарын коргоого келгенде алардын чамасы чак.
Эгер дин башкармалыктары үммөттүн чыныгы көйгөйлөрүн ачык айтуудан коркуп, мамлекеттик түзүмдөрдүн колунда жар салуучу сурнайга окшоп, курал болуп беришсе, анда мындай декларацияларды жана саммиттерди өткөрүүдөн эмне пайда?! Алардын жыйындары бир тыйынга да арзыбайт! Мындай муфтийлер мусулмандардын чыныгы өкүлү боло алышпайт жана мындай өкүлчүлүккө алардын эч кандай укугу да жок!
Хужжад Жамиа




