Роя гезити

Трамптын Кытайга болгон акыркы сапарынын табиятына сереп

Трамптын Кытайга болгон акыркы сапарынын табиятына сереп

Америка Орусия менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир союз же альянс түзүлүшүнө жол бербөө үчүн катуу аракет кылып келет жана алардын жакындашуу себептерин тынымсыз бузууга аракеттенүүдө. Бирде Москвага жагынып, Украинага аскерий колдоосун токтотушу мүмкүн экенин сездирет же аны улуу держава катары көрсөтүү үчүн бул жерде же тигил жерде аскерий база куруусуна уруксат берет. Дагы бирде Бээжинге жагынып, бирдиктүү Кытайды колдогон билдирүүлөрдү жасап, Тайвандын бөлүнүп чыгышына жол бербейт. Американын бул мамилени ажыратуу аракетинде ийгиликтүү тажрыйбасы да болгон. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын башында, тактап айтканда, 1961-жылы Хрущёв менен Кеннединин жолугушуусунда дүйнө эки лагерге жана таасир аймактарына бөлүштүрүлгөн. Эки президенттин сүйлөшүүлөрүндө коммунисттик Кытай да көңүл сыртында калган эмес.

Американын стратегиясы тарыхый жактан Кытай менен Орусияны бириктирген чыгыштык бирдиктүү блоктун түзүлүшүнө жол бербөөгө негизделген. Бирок Орусия менен Кытай Америка империясынын кыйроо жолуна түшкөнүн, анын ичиндеги көйгөйлөр жана калкынын курамдык бөлүктөрү, айрыкча Демократиялык жана Республикалык партиялардын ортосундагы ажырым себебинен дүйнө анын айланасынан тарай баштаганын көрө башташты. Америка дагы эле дүйнөдөгү биринчи держава болгонуна карабастан, өлүмгө алып баруучу каталарына баткан. Алардын акыркысы Иранга каршы согуш болуп, аны дүйнө алдында күлкүгө калтырды. Мунун баары анын дүйнөдөгү биринчи держава катары ордун алсыратууга жакындап калды жана кызматташуу же союз түзүү Бээжин менен Москва үчүн зарыл жана турмуштук маанилүү ишке айланды.

Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамиле негизинен атаандаштыкка таянган жана бул Борбор Азия сыяктуу орток таасир аймактарында ачык көрүнөт. Орусия аны өзүнүн арткы короосу деп эсептесе, Кытай аны «Бир алкак – бир жол» долбоору үчүн маанилүү жол катары карайт. Ошентсе да Америка бул карама-каршылыктарды жана тарыхый кооптонууларды пайдалануу алардын ортосунда толук кандуу стратегиялык аскерий союздун түзүлүшүнө жол бербейт деп эсептейт. Ошондуктан ал эки мамлекеттин ортосундагы ажырымды дайыма тереңдетүүгө аракет кылат. Анткени азыркы учурда аларды бириктирип турган нерсе орток кызыкчылыктар экенин, мабдаий шайкештик эмес, Америкага болгон орток душмандык экенин жакшы билет.

Американын бул эки мамлекетке кысым көрсөтүү үчүн көптөгөн карталары бар. Алардын айрымдары “таяк” саясатына, айрымдары “сабиз” саясатына кирет. Бул карталар негизинен үч негизги картага топтолот:

Биринчи карта: Кытайдын Америка менен болгон ири соода кызыкчылыктарына өтө кылдат мамиле кылышы. Дал ушул себептен улам ал Орусиянын Украинадагы согушуна аскерий колдоо көрсөтүүдөн карманып келет. Анткени анын экономикасы негизинен экспортко таянгандыктан, катуу экономикалык санкцияларга дуушар болуп калуудан кооптонот.

Экинчи карта: Кытайды Тайванга каршы ойлонулбаган аскерий жүрүшкө түртүү аракети. Америка Орусияны анын аскерий жана экономикалык күчтөрүн алсыратуу жана эл аралык деңгээлде обочолонтуу үчүн украин сазына кантип тарткан болсо, Кытайга карата да ушундай жолду көздөйт. Мындай аракет Кытайдын өсүү пландарын кыйратуучу кеңири экономикалык жана соода блокадасын киргизүүгө шылтоо болуп бермек.

Үчүнчү карта: Америка Кытай коркунучунан улам пайда болгон аймактык кооптонууну пайдаланып, өзүнүн аскерий альянстарын кайра курууда жана бекемдөөдө. Маселен, Британия жана Австралия менен түзүлгөн AUKUS альянсы, ошондой эле Япония, Түштүк Корея жана Филиппиндер менен болгон QUAD альянсы. Бул Кытайдын күч-аракеттерин чачыратып, аны экономикалык багытка көңүл буруудан алыстатат. Бирок Кытай мунун баарына канча убакыт чыдай алары белгисиз.

Ошого карабастан, Америка Орусияга же Кытайга каршы чечүүчү жана натыйжалуу басым карталарына мурдагыдай ээ эмес. Кытайга карата экономикалык карта туруксуз бойдон калууда. Америка бажы төлөмдөрүн көтөрөт да, көп өтпөй кайра артка чегинет. Анткени ал төлөмдөрдүн өзүнүн ички экономикасына тийгизген таасирин жакшы билет. Өзгөчө Америка керектөөчү мамлекет болгондуктан, бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү түздөн-түз анын калкына таасир этет.

Ал эми Орусия боюнча алганда, Америка аны украин сазына батырып, экономикалык санкцияларды киргизүү аркылуу эл аралык деңгээлде обочолонтууну жана газ соодасын кыйратууну үмүт кылган. Бирок бул күткөн натыйжаны берген жок. Тескерисинче, Орусия Украина аймактарында алдыга жылып жатат. Ал эми Европа бул согуштан эң көп жабыр тарткан тарап болгондуктан, үстөл үстүндө да, астында да Орусиядан жардам сурап жатат. Бул зыянды Американын Иранга каршы согушу жана Ормуз кысыгындагы кеме-каттамдарына тоскоолдуктарды жаратышы дагы күчөттү.

Трамптын Кытайга болгон сапарынан Кытай менен Орусиянын ортосундагы мамилени ажыратууга байланыштуу эч кандай маалымат сыртка чыккан жок. Бирок Трамптын сапарынан көп өтпөй Путиндин Кытайга барып, энергетика, технология жана транспорт тармактарын камтыган 20 биргелешкен келишимге кол коюшу эки мамлекеттин ортосундагы байланыштардын күчөп жатканын ачык көрсөтүүдө.

Бул сапар жана келишимдердин өз “тили” Америка артка чегинип жатканын, өзүнөн мурунку бардык мамлекеттер менен империялардын башына эмне келсе, анын да башына ошол келерин айтып турат. Аллахтын сүннөтүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Ал эми Ислам үммөтү өзүнүн акыйдасынан келип чыккан баалуулуктарды жана өкүмдөрдү алып жүргөндүктөн, Аллахтын каалоосу менен мабдаий альтернатива болуп саналат. Ал кайрадан Исламды нурдун жана турмуш системаларынын шамчырагы катары көтөрүп чыгат. Орусия менен Кытайдын бир тараптан, Америка менен экинчи тараптан болгон тиреши мабдаий тиреш эмес, кызыкчылыктар тиреши болуп эсептелет. Ал эми саясий система катары Халифалык гана бул тирешти башкарууга, ал тургай аны чечүүгө кудуреттүү. Мусулмандарга жизья төлөнгөн учурлар жана Америка аргасыз болгон араб тилиндеги келишимге кол коюлган окуялар бизден өтө алыс эмес. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِي الزَّبُورِ مِن بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ﴾

«Чындыгында Биз (Лавхул-махфузда) зикир кылгандан кийин Забурда да: «Албетте (бейиштин) жерине менин саалих пенделерим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз». (Анбия: 105).

Роя гезити

Устаз Абу аль-Муътаз Биллах аль-Ашкар

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button