Роя гезити

Кымбатчылыктын Исламдагы чечимдери

Кымбатчылыктын Исламдагы чечимдери

Учурда кымбатчылык жашообуздун бардык тармактарын катуу кысып барууда. Натыйжада ар бирибиз жан багууга жеткидей нерсени да зор кыйынчылык менен таба турган абалга жеттик. Биздин абалыбыз ушуга келип калды! Бирок биз мусулман экенибизди унутпашыбыз керек. Аллах бизге Исламды насип кылып, бизге Расул жиберди. Ким анын хидаятына ээрчисе, адашпайт да, бактысыз да болбойт. Анткени Исламдын чечимдери бардык нерседен кабардар, Латиф жана Хабир болгон Заттан келген. Аллах Таала айтат:

﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾

«(Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат». (Мүлк: 14).

Ислам адамды урматтай турган чечимдер менен келген. Ал камкордук жана ырайым дини жана бул ырайым бардык ааламдар үчүн. «Ааламдар» деген сөз Аллах Тааладан башка бардык нерсени камтыйт. Аллах Азза ва Жалла айтат:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ﴾

«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).

Бул ырайым ар бир адамдын негизги муктаждыктарынын толук канааттандырылышын камсыз кылуучу жана анын мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча муктаждыктарын да камсыздоого шарт түзүүчү өкүмдөрдү алып келген. Анткени адам белгилүү бир коомдо жашайт жана ал коомдун өзүнө таандык жашоо образы бар. Ошондуктан шарият бул маселени төмөнкү өкүмдөр аркылуу чечүү үчүн келген:

Биринчиден: Ислам адамдардын мал-мүлкүн туура эмес жол менен жегенди арам кылды. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ وَتُدْلُوا بِهَا إِلَى الْحُكَّامِ لِتَأْكُلُوا فَرِيقاً مِنْ أَمْوَالِ النَّاسِ بِالْإِثْمِ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

«Мал-мүлк, байлыгыңарды өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле) жана (күнөө кылып жатканыңарды) билип туруп, адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн арам жол менен жеш үчүн (байлыгыңарды пара кылып) акимдерге узатпагыла!» (Бакара: 188).

Демек, шаръий далили болбогон ар кандай мал-мүлк табуу арам. Ошентип Ислам Аллах Азза ва Жалла жана Анын Расулу ﷺ буйрубаган жол менен биздин мал-мүлкүбүздү жегендердин баарына эшикти жапкан. Ошондуктан чек араларда товарлардан алынуучу жыйымдар – азыркы доордо бажы төлөмдөрү деп аталган макстар – алынбайт. Ислам бул макстарды арам кылган.

Абу Хурайрдан риваят кылынат: Мисирдин амири болгон Маслама ибн Мухаллад Руайфиъ ибн Сабитке бажы жыйымдарын чогултуу кызматын сунуштаганда, ал мындай деген:

«Мен Расулуллахтын ﷺ мындай дегенин уктум:

«إِنَّ صَاحِبَ المَكْسِ فِي النَّارِ»

“Макс алуучу тозокто болот”.

Аны Абу Дауд «Сунанында» жана Табараний «ал-Муъжам ал-Кабирде» риваят кылган. Хадис хасан.

Макс өкүмү бажы төлөмдөрүнө да тиешелүү. Алар сырттан кирген товарлар үчүн раияттан алынуучу ар кандай салыктар. Бул жыйымдар кымбатчылыктын негизги себептеринин бири болуп саналат. Ошондой эле кыйыр салыктарды алуу да биздин таза динибизде жаиз эмес.

Ал эми кошумча нарк салыгы (КНС), бир пайыздык салык жана башка ушул сыяктуу салыктар кымбатчылыктын түздөн-түз себептеринен болуп саналат. Бул тууралуу Ал ﷺ мындай деген:

«مَنْ دَخَلَ فِي شَيْءٍ مِنْ أَسْعَارِ الْمُسْلِمِينَ لِيُغَلِّيَهُ عَلَيْهِمْ كَانَ حَقّاً عَلَى اللَّهِ أَنْ يُقْعِدَهُ بِعُظْمٍ مِنَ النَّارِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Ким мусулмандардын бааларына аралашып, аларды кымбаттатууга аракет кылса, Кыямат күнү Аллах аны оттон болгон чоң бир орунга отургузууга акылуу болот». (Абу Дауд риваят кылган.)

Демек, бул жыйымдар жана төлөмдөр кымбатчылыктын негизги себептеринин бири болуп эсептелет.

Экинчиден: Калктын белин бүгүп жаткан инфляция маселеси мамлекеттин шарият өкүмдөрүнө каршы чыгып, акчаны алтын менен камсыздалбаган кагаз акча кылып алышынан келип чыккан. Ислам бул маселени мамлекеттеги акча бирдигин алтын жана күмүш кылуу аркылуу чечкен. Анткени экөө тең өзүндө чыныгы наркты алып жүрөт жана аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекетте инфляция болбойт жана баалар туруктуу болот.

Үчүнчүдөн: Ислам Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу сүткордукка негизделген колонизатордук мекемелер менен алака кылууга тыюу салган. Анткени бул эки колонизатордук мекеменин кийлигишүүсү өлкөлөрдү байлыктарынан ажыратып, адамдардын иштерин ушул мекемелердин кызыкчылыктарына көз каранды кылары далилденген. Ошондуктан алардын кийлигишүүсү эки себептен улам зыяндуу:

Биринчи себеп: Алар сүткордук менен иш алып барышат. Ал болсо арам. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا اتَّقُوا اللهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ فَإِنْ لَـمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ﴾

«Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, сүткорлук саркындыларын таштагыла (т.а адамдарга берген карызыңарга пайыз кошуп албагыла). Эми эгер (буйругубузду) аткарбасаңар, анда Алла жана анын элчиси тарабынан болуучу сүткорлукка каршы согушту угуп билгиле! Эгер тообо кылсаңар, мүлкүңөр өзүңөргө-заалим да, мазлум (кордолгон) да болбойсуңар». (Бакара: 278–279).

Экинчи себеп: Бул эки мекеме менен алака кылуу өлкөнү жана анын байлыктарын каапыр Батышка көз каранды кылары анык далилденген. Анткени алар мамлекеттин экономикасына структуралык өзгөртүүлөрдү таңуулап, товарларга берилген субсидияларды алып салууга, салыктарды көбөйтүүгө жана өлкөнү ийгиликсиз долбоорлорго батырууга мажбурлайт. Натыйжада каапырларга өлкө үстүнөн үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Буга Аллах Азза ва Жалла буга тыюу салып мындай деген:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْـمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).

Араб тилинде «لن» түбөлүккө деген маанини билдирбейт. Ошондуктан колонизатор каапырдын жана анын эл аралык мекемелеринин мусулмандардын мойнуна үстөмдүк кылуусуна жол бербөө, алардын колун үзүү важиб болот.

Ислам адамзаттын көйгөйлөрүн чечип берүүсү таң калычтуу эмес. Анткени бизди жараткан Аллах Субханаху ва Таала биздин иштерибизди Өзү колго алган жана бардык көйгөйлөрүбүздү чечүүчү өкүмдөрдү шарият кылып берген. Мындан да маанилүүсү, Ислам жашоонун негизги муктаждыктарын камсыз кыла албаган адамдын көйгөйүн чечүү жоопкерчилигин мамлекетке жүктөйт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«مَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِوَرَثَتِهِ، وَمَنْ تَرَكَ كَلّاً فَإِلَيْنَا»

«Ким мал-мүлк калтырса, ал мураскорлоруна таандык. Ал эми ким муктаж адамдарды калтырса, алардын жоопкерчилиги бизге жүктөлөт». (Бухарий риваят кылган).

Демек, жапайы капитализм системасы менен Исламдагы камкордук системасынын ортосундагы айырма абдан чоң.

Бул жерде биз түшүнүшүбүз керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Адамзат бүгүнкү күндө башынан өткөрүп жаткан азап-тозоктон Ислам системасын толук түрдө колдонуу аркылуу гана чыга алат. Жогоруда айтылган чечимдерди азыркы алсыз жана алсыздыктан жабыркаган майда мамлекеттер ишке ашыра албайт. Алар муну аткарууга жөндөмсүз. Бул үчүн мабдаий мамлекет керек. Ал болсо Халифалык мамлекетинен башкасы эмес. Дал ушул фарз иш бүгүнкү кризистерден чыгуунун жолу болуп саналат. Ошондуктан, бир туугандарым, Аллах алдында жоопкерчилигибизден кутулуу үчүн жана үммөтүбүздү бүгүнкү тар жашоодон куткаруу үчүн аракетти күчөтөлү. Анткени Халифалык гана дүйнөдө да, акыретте да чыгуу жана кутулуу жолу болуп саналат. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан жахилият өлүмүнөн алыс болобуз:

«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким мойнунда байъат болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлгөн болот».

Ошондой эле Аллах Азза ва Жалла айткандай, кең жана бейпил жашоого жетебиз:

﴿فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى﴾

«Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт». (Таха: 123).

Роя гезити

Устаз Майсара Яхья.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button