Роя гезити

Трамп менен Путиндин орус дизели боюнча келишими

Трамп менен Путиндин орус дизели боюнча келишими

АКШ президенти Трамп 2026-жылдын 9-октябрында «Россиянын президенти Путин менен Москвага дизел отунун дүйнөлүк рынокторго дароо чыгарууга мүмкүндүк берген келишимге жетишкенин» жарыялады. Ошондой эле «бул келишим дизел отундун баасын рекорддук деңгээлде жана тез арада төмөндөтөрүн» билдирди. Ал: «Путин АКШ жана дүйнөлүк рынокко дароо 300 миң тоннадан ашык дизел отун, ноябрь айында кошумча 500 миң тонна, андан кийин бир миллион тонна жеткирүүгө макул болду. Кийин жеткирүү көлөмү айына 3 миллион тоннага жетет», — деди.

Ал 2026-жылдын 17-октябрында «улуттук кызыкчылыктарды жүйө келтирип, Россияга каршы киргизилген санкцияларды убактылуу токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. АКШнын Каржы министрлиги 2027-жылдын апрелине чейин күчүндө боло турган жалпы лицензиянын негизинде Россиянын дизелдик отун экспортуна карата санкциялардын убактылуу токтотулганын жарыялады.

Трамп өзүнүн Республикалык партиясындагы сынчыларга каршы чечимин коргоп, алдыдагы 3-ноябрда өтө турган Конгресстин аралык шайлоосунда партиянын көрсөткүчтөрүнө коркунуч туудуруп жаткан күйүүчү майдын кымбат баасын төмөндөтүү үчүн аракет кылып жатканын баса белгиледи. Ал 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы агрессиясын баштагандан бери күйүүчү майдын чыгымдары жогорулады. Бирок ал чындыкты бурмалап, күйүүчү май кризисинин себеби Украинанын Россиядагы мунай объектилерине жасаган соккулары экенин айтууда. Ал: «Мен Америка эли үчүн туура чечим кабыл алдым. Америка биринчи орунда», — деди.

Ал эми Украинанын президенти Зеленский: «Россияга каршы киргизилген санкцияларды кандай гана жеңилдетүү болбосун, бул анын пайдасына кызмат кылат жана согуштун созулушуна алып келет», — деди. Ал бул келишимди «Путинге берилген белек жана ачык алсыздык» деп баалады. Анын каршылыгынан кийин Трамп: «Украинага жаңы президент керек», — деди. Ошондо Зеленский өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, «эгер Россия 60 күндүк ок атышууну токтотууга макул болсо, жаңы шайлоо өткөрүүгө даяр экенин» жарыялады.

Америка Зеленскийди өзү каалагандай ойнотуп жатат. Ал Америка 2019-жылы бийликке келишине жардам бергенин билет. Америка аны согушка үндөп, Россия Украинанын чыгыш аймагында колдоп жаткан козголоңду токтотууга жардам берет деп жаңылыш ойлогон. Бирок Россия 2022-жылы ал аймакты басып алуу менен жооп берди. Америка болсо Россия ал аймакты басып алардан мурда эле анын басып аларын жарыялап жаткан. Эми Америка Зеленскийден ал аймакты Россияга таандык деп таануусун талап кылууда. Ал каршылык көрсөткөндө, Америка анын кызматтан кетишин талап кыла баштады. Америкага ишенгендердин тагдыры ушундай болот. Ислам өлкөлөрүндө Америкага ишенгендер да ушундай тагдырга туш болушкан. Анткени Америка өз кызыкчылыгы талап кылганда алардан баш тартып, ордуна башка малайларды коёт.

Европанын бул келишимге карата позициясына келсек, Европа комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин төрагасы Кошта 2026-жылдын 16-октябрында Брюсселде өткөн жыйында: «Европа Биримдиги Украинаны колдоону улантат жана Россияга каршы санкцияларды алып салбайт», — деп билдиришти. Алар бул келишимди «тобокелдикке толгон, кооптуу жана адаштыруучу» деп сыпатташты. Зеленский алардан «коргонуу, курал-жарак жана туруштук берүү үчүн 70 миллиард еврого жакын каражат» талап кылды. Франциянын президенти Макрон: «Бул келишимдин терс натыйжалары бар», — деди.

Европа бул келишим өзүнө каршы багытталганын түшүнүп турат. Ал Россияга каршы санкцияларды киргизгенде зыян тарткан. Анткени бул санкциялар эки миздүү кылыч болуп, Европа Россиядан келип турган арзан мунай продуктуларынан жана газдан ажыраган. Америка болсо аларды Европага бир нече эсе кымбат баада сата баштаган. Кыязы, Америка бул мунай продуктуларын Россиядан импорттоп, андан соң Европага өтө кымбат баада сатат.

Бул келишим Батыштагы ажырымды тереңдетип, алардын арасында пикир келишпестиктерди пайда кылды. Даниянын премьер-министри Фредериксен: «Менин оюмча, Батыш альянсы бир нече күн мурдагыга салыштырмалуу алсызыраак абалга түштү», — деди. Эстониянын премьер-министри Кристен Михал: «Америка менен болгон мамиле Украинаны колдоо үчүн зарыл. Биз ага көз карандыбыз», — деди. Бирок Болгария өзүнүн кызыкчылыктары жана байланыштары үчүн Европанын позициясына каршы чыгып, келишимди колдоду. Анын президенти Радев: «Биз күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү камсыз кылууга салым кошкон ар кандай кадамды кубаттайбыз», — деди.

Америка өз президентинин оозу менен өзүнүн кызыкчылыктары союздаштарынын кызыкчылыктарынан жогору турарын жана алар менен эсептешпей турганын ачык жарыялоодо. Анткени ал капиталисттик мамлекет болгондуктан, иштердин өлчөөсү пайда болуп эсептелет. Байдендин алдындагы демократтар администрациясы менен Трамптын алдындагы республикачылар администрациясынын ортосунда эч кандай айырма жок. Байдендин администрациясы Украинаны Россияга каршы чагымчылдыкка үндөп, Россиянын аны басып алышына себеп болуу аркылуу Украинадагы согушту тутанткан. Ал эми Трамптын администрациясы Россияны, анын мунай байлыктарын жана кен байлыктарын өзүнө тартуу, ошондой эле Россияны Европа менен Кытайдан алыстатуу үчүн Украинаны өзү каалагандай ойнотуп жатат. Европа да капиталисттик болгондуктан, өзүнүн кызыкчылыктарын гана ойлойт жана Россиянын коркунучу өз босогосуна келип калганын көрүп турат. Болбосо, ал да Украинага Америкадай мамиле кылмак.

Путин: «Россия Америка жана дүйнөлүк рынокторду мунай жана мунай продуктулары менен камсыз кылууга даяр. Россиянын дизел отунун жеткирүү дүйнөлүк экономикага оң таасирин тийгизет. Ошондой эле Трамп экөөбүз жеке сүйлөшүүлөрдү улантуу жана эки администрациянын, чалгындоо кызматтарынын жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдаштык», — деди.

Мындан көрүнүп тургандай, Обама Сирияда Путинди алдагандай эле, Трамп да Путинди алдоого жетишкен.

Россия болсо саясий акылсыздыгынан арыла албай жатат. Ал Америкага дизелдик отун сатуудан баш тартып, аны кыйынчылыкта калтыра алмак. Ошентип, Американын чыныгы жүзүн дүйнө алдында ачып, Жакынкы Чыгыштагы согуштарында жеңилүүгө дуушар кылуу аркылуу ага каршы өз позициясын бекемдеп, дүйнөдө өз орду жана кадыр-баркы бар таасирдүү эл аралык оюнчу экенин далилдей алмак. Бирок Россия өзүнүн алсыздыгын, акчага муктаждыгын жана санкцияларды убактылуу болсо да алып салууга болгон зарылдыгын көрсөтүп, учурдагы кызыкчылыктарын артык көрдү. Ал тургай бул согушту тутанткан Америка өзүн колдоп жатат деп жаңылыш ойлоодо.

Россия азыр туңгуюкка кептелди. Төрт жарым жыл өтсө да, бул согушта жеңишке жете албай жатат. Ал Донбасс аймагын толук көзөмөлүнө ала алган жок. Анын 80 пайызга жакынын басып алганы менен, ал жерде катуу каршылыкка туш болууда. Украина болсо Россиянын ички аймактарына чейин сокку уруп, анын борбору Москвага, ири шаарларына, маанилүү инфраструктуралык жана аскердик объектилерине чабуул жасоодо.

Россия сыяктуу ири мамлекет Америка менен Европанын жардамына карабастан, Украина сыяктуу чакан мамлекетти жеңе алган жок. Бул Россиянын тышкы согуштарында жеңишке жетпей турганын тастыктайт. Эгер Европа согушка түздөн-түз кирсе, анын жалыны Россиянын өз башына тийиши мүмкүн. Анткени Германия менен Франция Британиянын колдоосу астында согушка даярданып жатышат. Алар Украина фронтунда согушууга даярдануу үчүн куралдануу, машыгуу жана аскерге чакыруу боюнча 5 жылдан 10 жылга чейинки стратегияларды иштеп чыгышты. Бул фронтко Польша жана Балтика өлкөлөрүнүн фронту да кошулушу мүмкүн. Ошентип, бул маселе Путин үчүн тагдыр чечүүчү маселеге айланды. Анткени ал Путиндин тагдырын да, федералдык түзүлүштөрдөн турган Россиянын тагдырын да чечет. Эгер режим куласа, бул түзүлүштөр федералдык Советтер Союзу менен болгон сыяктуу эле тез арада бөлүнүп кетиши мүмкүн.

Ошентип, Россия дүйнөлүк деңгээлде кайрадан таасирдүү мамлекетке айлануу үчүн алтын мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберди. Ал 2015-жылы да ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган. Ошондо Америка өзүнүн малайы Башар Асадды анын ордуна башка бирөөнү тапканга чейин сактап калуу үчүн Россияны Сирияга кийлигишүүгө түрткөн. Эгер Россия акыл калчаганда, Сирияга кийлигишпей, Америка менен анын малайларынын кулашына жол бермек. Ливия менен Батыш Африкада да ушундай болду.

Натыйжада Россиянын ролу учурдагы кызыкчылыктарга жетүүнүн ордуна Америкага кызмат кылууга айланды. Ал Американы дүйнөдөгү биринчи мамлекет деген ордунан жылдыруу жөнүндө ойлонгон да жок. Ал эми Америка Россияга каршы айла-амалдарды уюштуруп, аны согуштарга батырууда.

Биз Американын ири мамлекет бойдон калышын да, Россиянын дүйнөдөгү экинчи мамлекетке айланышын да каалабайбыз. Анткени экөө тең жаман мамлекеттер. Бирок биз бул жерде саясий жактан жана саясатты түшүнүү жагынан сөз кылып жатабыз. Мунун максаты Аллахтын уруксаты менен жакында рошид Халифалык мамлекетин тикелегенибизде, бул эки мамлекетке кантип каршы турууну билүү.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button