Роя гезити

Түркиянын Сириядагы таасири яхудий түзүмүнө коркунуч туудурабы?

Түркиянын Сириядагы таасири яхудий түзүмүнө коркунуч туудурабы?

Бул суроого жооп берүү үчүн түрк түзүмүнүн табиятына, анын Батыш менен болгон алакасына, Башар Асад режими доорунун соңунда Сирияда кандай рол ойногонуна жана ал кулагандан кийин кандай рол ойноп жатканына кайрылабыз.

Түркия режими Түндүк Атлантика келишими уюмуна (НАТО) мүчө жана саны менен курал-жарагы жагынан бул альянстагы экинчи күч болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, бул альянсты Америка Европада өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана дүйнөлүк деңгээлде аларды камсыздоо үчүн түзгөн. Ал эми Түркия яхудий түзүмүн коргоп, аны күч-кубат менен камсыздап жана аны ар кандай күчтөн же эл аралык мыйзамдан коргогон Американын таасир чөйрөсүндөгү мамлекет.

Сирия калкы 2011-жылы куттуу революциясы менен каршы көтөрүлгөндө Түркия Сирия режимин сактап калуу үчүн аралашты. Бул революция Обаманын чачын агартып, Орусия режиминин пайдубалын солкулдатты. Дүйнө бул революция тарыхтын жүзүн өзгөртүп, анын карталарын түбөлүккө кайрадан ирээттеп жиберишинен коркту. Ошондуктан алсырап, кыйроого жүз алган бул режимди бекемдеп туруучу орус жана иран карталары түгөнгөндөн кийин, Сирия калкы кабыл ала турган куткаруучу кеме катары «сунний картасын» колдонуу зарыл болду. Бул карталарды колдонуу Сирия калкын сүйгөндүктөн же ага боор ооругандыктан, же эң күчтүү куралдарды жана эң кубаттуу ок-дарыларды, анын ичинде жарылуучу бочкаларды колдонгон алсырап, кыйроого жүз алган кылмышкер режимдин кылмыштарын токтотуу үчүн болгон жок. Тескерисинче, максаттардын бири — альтернатива бышып жетилгенге чейин Голан дөңсөөсүн сатып жиберген жана 50 жылдан ашык убакыт бою яхудий түзүмүнүн чек араларын коргоп келген Башардын режими кулашына жол бербөө эле. Анда Америка ошол режимди куткаруу үчүн бир мамлекетти алып келип, ошол эле учурда ал мамлекет яхудий түзүмүнө кантип коркунуч туудурсун?

Туура тажрыйбалык түшүнүк жана окуялар менен алардын жүрүшүнө көз салуу аркылуу Түркия режимин Сирияда колдонуу картасы төрт максатка негизделгенин көрөбүз:

· Биринчиси: альтернатива бышып жетилгенге чейин Башар Асад режимин кулап кетүүдөн сактоо.

· Экинчиси: Американын ашканасында өстүрүлгөн жана Шам революциясы башталгандан тартып 11 жыл бою акырындык менен даярдалган альтернативаны камкордукка алуу.

· Үчүнчүсү: куттуу революцияны муунтуу жана андагы Ислам түзүмүн орнотууну максат кылган ыкластуу кошуундар менен жетекчилерди жок кылуу. Ахмад аш-Шара жана анын тобу болсо ошолордун кейпине киргизилди.

· Төртүнчүсү: кулаган режимдин кыйрашына жол бербөөдө Орусия картасы толук пайдаланылып бүткөндөн кийин Шамдагы Орусиянын таасирин азайтуу.

Түркия режими Шам революциясы учурунда Шам калкын Алеппо жана башка шаарлардагы кыргындардын кайталанышына жол бербей турганы тууралуу коркутуулар жана эскертүүлөр менен тойгузду. Ал эми анын жашыл автобустары Шам калкын көчүрүп, Сирия режиминин күчтөрүнө жана анын жардамчыларына ал аймактарды кайрадан басып алууга жол ачып берчү. Ошондой эле анын планына кошулуудан баш тарткан согушкерлерди жок кылуу жана алардан кутулуу үчүн калтырып койчу. Көчүрүү планы Түркия режими жасаган эң кооптуу иштердин бири болду.

Шамдагы куттуу революцияны чындап муунткан нерсе анын Сириядагы уюмдарды үч түргө бөлгөнү болду: биринчиси — ага берилгендер, экинчисиөзгөртүүгө боло тургандар, үчүнчүсү — жок кылынышы керек болгондор. Бул иш жүзүндө да аткарылды. Шам калкын көчүрүү Түркиянын камкордугу астында жүргүзүлүп, Түркия муну менен акыркы максатты т.а. яхудий түзүмүн аймактагы өнөктөш катары сактап калууну ишке ашырып жатты.

Түркия яхудий түзүмү менен тыгыз алакада. Ал яхудий түзүмү жарыялангандан кийин аны биринчилерден болуп тааныган мамлекеттердин бири болгон. Түркиянын жетекчилери — же алардын көпчүлүгүУсманий Халифалык мамлекетинин урандыларынын үстүнө секулярдык Түркияны курган дөнмө яхудийлерден болушкан. Бул мамиле яхудий түзүмү Акса ташкыны операциясынан кийин жардамга жана колдоого муктаж болгондо ачык-айкын көрүндү. Түркия Газадагы элибизге каршы согуш жүрүп, тарыхтагы эң үрөй учурган кыргындар жасалып жаткан мезгилдин бүтүндөй аралыгында аны Азербайжандын энергиясы менен камсыздап турду. Ошондой эле аны энергия, ок-дары, азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздап турду. Бул далилденген факт, аны изилдөөнүн да, кайра далилдөөнүн да кереги жок. Муну Эрдогандын партиясынын көптөгөн өкүлдөрү да моюнга алышкан.

Яхудий түзүмү Америка жана Түркия тарабынан камкордукка алынып, корголуп жана машыктырылган альтернатива бийликти колуна алгандан кийин 600 аба соккусун жасап, Сириянын күч-кубатынын басымдуу бөлүгүн талкалады. Ал тургай президенттик сарайга да сокку урду. Анын учактары Эрдогандын Түркия режиминин көз алдында күнү-түнү Сириянын асманында ээн-эркин жүрүшөт. Ошого карабастан, Түркиядан тартынчаак айыптоо жана нааразылык билдирүүлөрүнөн, жалган коркутуулар менен сүйлөнүүдөн, маңызсыз ызы-чуудан жана Дон Кихоттун баатырдыктары сыяктуу куру баатырдыктардан башка эч нерсе көргөн жокпуз. Акыры яхудий түзүмүнүн ээнбаштыгынын оту Түркия Сирияда боло баштагандан бери анын коргоосу астында калган Абу аз-Зухур аскерий аэропортуна чейин жетти. Анда теңдеме өзгөрдүбү? Албетте, жок. Яхудий түзүмү — «колу узун», «жеңилгис күч» жана «аймактагы өнүккөн мамлекет» деген образын жоготкон эле. Ушундан кийин Американын мурдагы президенти Жо Байден айткандай, «түзүм жоготуусун токтотуп туруу үчүн кайра калыбына келе баштады» деген нерсени калыптандырмакчы.

Ошондуктан азыркы Түркиянын яхудий түзүмүнө жана Халифалыкка болгон көз карашы Мустафа Кемал доорундагы мурдагы Түркиядан айырмаланбайт. Эрдоган мамлекеттин секулярдуулугуна ишенет жана муну кайра-кайра ачык билдирген. Ошондуктан Америкага көз каранды болуп, анын таасир орбитасында айланган Түркия режими яхудий түзүмүнө коркунуч булагы боло албайт. Муну яхудий түзүмүнүн жетекчилери да жакшы түшүнүшөт. Бирок токтотуп туруучу күчтү, жоголгон айбатты жана Акса ташкыны операциясына чейинки образды кайра калыбына келтирүү Америка, Түркия жана арабдардын көмүскө макулдашуусу менен ушундай ээнбаштыкты талап кылат.

Роя гезити

Устаз Салим Абу Субайтан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button