Бейиш бактары

Усама ибн Зайд (Р.А) 

Усама ибн Зайд (Р.А) 

Хижраттан мурда жетинчи жылы Расулулла (с.а.в) сахабалары менен курайш азарларын башынан өткөрүп жатышкан эле. Даъват жүгү жана кыйынчылыктарын көтөрүп жүрүп ал кишинин турмушу кайгы-капа жана ызага айланып калган. Мына ушундай күндөрдүн биринде ал заттын турмушунда шаттык нуру жайылды. Умму Аймандын уул көргөндүгү жөнүндө кушкабар келди. Кубанычтан Расулулла (с.а.в)дын жүзү жайнап кетти. Расулулла (с.а.в)га бул шаттыкты тартуулаган бул бактылуу бала ким экен?! Албетте, ал Усама ибн Зайд эле. Сахабаларынан эч кимиси бул баланын төрөлүүсү себептүү Расулулла (с.а.в)дын кубануусуна таң калышпады. Анткени, бул баланын ата-энесинин Расулулла (с.а.в)дын алдында даражасы жана ээлеген орду бийик болгон. Баланын энеси Баракатул Хабаша болуп лакап аты «Умму Айман» эле. Ал Расулулла (с.а.в)дын апасы Амина бинти Вахбдын күңү эле. Умму Айман Расулулла (с.а.в)ды апасы тирүү маалында тарбиялаган, апасы көз жумгандан кийин бооруна алган аял болгон. Расулулла (с.а.в) өзүн тааныганда андан башка энени билбейт эле. Аны чын жүрөктөн жакшы көрчү. Көбүнчө: «Ал менин апамдан кийинки апам, үй-бүлөмдөн калган эстелик», – деп айтчу. Атасы болсо Расулулла (с.а.в)дын сүйүктүү бакма уулу Зайд ибн Хориса эле. Ал исламдан мурда Расулулла (с.а.в)га уул тутунган, исламдан кийин болсо анын досу, сырдашы, үй-бүлө мүчөсү жана ал затка адамдардын эң сүйкүмдүүсү болуп калган. Мусулмандар да Усама ибн Зайддын төрөлгөнүнө курсант болушту. Алар бирер баланын төрөлгөнүнө мынчалык курсант болушпаган эле. Себеби, Расулулла (с.а.в)ды курсант кылган жана жүрөгүнө шаттык алып кирген ар бир нерсе аларды да курсант кылчу. Бул бактылуу балага «сүйүктүүнүн уулу сүйүктүү» деп лакап ат коюшту.

Мусулмандар кичине Усамага бул лакапты берип жатышканда жаңылышпаган болчу. Чындыгында Расулулла (с.а.в) аны дүйнө жүзү көз артса арзый турган даражада жакшы көрөт эле. Усама ибн Зайддын жашы Расулулла (с.а.в)дын небереси Хасан менен тең эле. Хасан аппак, өтө чырайлуу болуп, таятасы Расулулла (с.а.в)га аябай окшошчу. Усама болсо жүзү кара, бучук мурун болуп апасы Хабашийяга окшойт эле. Расулулла (с.а.в) экөөнү бирдей жакшы көрчү. Усаманы бир тизесине Хасанды болсо экинчи тизесине отургузуп эркелетчү. Кийин экөөнү бир кылып бооруна басып «эй Аллахым, мен бул экөөнү жакшы көрөмүн, сен да жакшы көргүн» дейт эле. Расулулла (с.а.в)дын Усаманы жакшы көрүүсү ушунчалык даражага жеткен дейсиң, ал бир күнү эшиктин астанасына чалынып жыгылып түштү. Маңдайы жарылып жараатынан кан ага баштады. Расулулла (с.а.в) Айша (р.а)га анын жараатындагы канды аарчып коюуну ишара кылган эле, Айша (р.а) аны жактырбады. Расулулла (с.а.в) өзү туруп жараатындагы канды соруп түкүрүп таштады жана мээримге толгон ширин сөздөрү менен аны сооротту. Расулулла (с.а.в) Усаманы жаштыгында кандай жакшы көрсө жигит болгон маалында да ошондой жакшы көрчү. Курайш саякатчыларынын бири Хаким ибн Хизом Расулулла (с.а.в)га Ямандан элүү динарга сатып алган кымбат баалуу кийим тартуу кылды. Расулулла (с.а.в) аны алуудан баш тартты. Анткени, ал ошол убакта мушрик эле. Ошондуктан андан акчага сатып алды. Расулулла (с.а.в) ал кийимди болгону бир жолу гана жума күнү кийди. Кийин Усама ибн Зайдга тартуу кылды. Ал мухажир жана ансар жаштары ичинде айланып жүрчү.

Усама ибн Зайд балагатка жеткенден кийин анда көркөм кулк-мүнөз жана жакшы сапаттар көрүнө баштады. Муну менен ал дагы да Расулулла (с.а.в)дын махабатына татыктуу болду. Ал өтө зээндүү, өтө кайраттуу, ар бир ишти өз ордуна коё турган даана, дүйнөдөн өзүн тарта турган жупуну, адамдар жакшы көрө турган дос-боордош, Алла жакшы көрө турган такыбадар эле. Күндөрдүн биринде Усама ибн Зайд Алла жолунда жихад кылууну каалап сахабалардын перзенттеринин бир тобу менен Расулулла (с.а.в)дын алдына келди. Расулулла (с.а.в) кээ бирлерин алып кээ бирлерин жашы кичине болгондуктан кайтарды. Кайтарылгандардын арасында Усама да бар эле. Расулулла (с.а.в)дын байрагы астында жихад кылбаганы үчүн кичине көздөрү жашка толду.

Хандак казатында ал дагы сахабалардын перзенттеринин бир тобу менен бирге келди. Расулулла (с.а.в) уруксат берүүсү үчүн боюн тикелеп турду. Расулулла (с.а.в) таасирленип ага уруксат берди. Ал Алла жолунда кылыч көтөргөндө болгону он беш гана жашта болчу. Хунайн күнүндө мусулмандар чегинип жаткан убакта Усама ибн Зайд Расулулла (с.а.в)дын абасы Аббас, абасынын уулу Абу Суфян ибн Хорис жана улуу сахабалардан алты киши менен бирге бекем турду. Расулулла (с.а.в) мына ушул кичине, ыймандуу, эр жүрөк жамаат менен сахабаларынын чегинүүсүн жеңишке айлантууга жана качып жаткан мусулмандарды мушриктердин өлтүрүп жиберүүсүнөн коргоого кудуреттүү болду.

Муъта күнүндө Усама атасы Зайд ибн Хорисанын байрагы астында жихад кылды. Ошондо ал он сегиз жашта эле. Атасынын өлтүрүлгөнүн өз көзү менен көрдү. Мындан таптакыр түшкүндүккө түшпөдү, суздашпады. Тескерисинче, Жаъфар ибн Абу Талиб байрагы астында, анын көз алдында согушууну улантты. Кийин эки боордошуна кошулганга чейин (шейит болгонго чейин) Абдулла ибн Равоха байрагы астында согушту. Кийин, кичине кошуун рум чеңгелинен кутулганча Халид ибн Валид байрагы астында согушууну улантты. Ошондон кийин Усама атасын Аллага тапшырып, анын сөөгүн Шам чегараларында калтырып, атасы үстүндө шейит болгон атын минип Мединага кайтты. Хижраттын он биринчи жылында Расулулла (с.а.в) Румга казат кылуу үчүн кошуун даярдоого буюрду. Кошуундун сабында Абу Бакр, Умар, Саъд ибн абу Ваккас, Абу Убайда ибн Жаррох жана башка улуу сахабалар бар эле. Кошуунга Усама ибн Зайдды амир кылышты. Ал жыйырма жаштан өтө элек болчу. Расулулла (с.а.в) аттардын рум шаарларынан Газага жакын «Балко» жана «калъатуд – Дорум» чегараларын басып өтүүсүн буюрду. Кошуун даярдык көрүп жаткан убакта Расулулла (с.а.в) ооруп калды. Кесели оорлошкондон кийин Расулулла (с.а.в)дын абалынын натыйжасын күтүп кошуун жүрүштөн токтотулду.

Усама: «Расулулла (с.а.в)дын кесели оорлогондон кийин мен ал кишинин алдына бардым. Мени менен бирге адамдар да барышты. Алдына кирип тим тургандыгын көрдүм. Кеселдин оордугунан сүйлөбөдү. Колдорун өйдө көтөрүп кийин түшүрдү. Мындан ал заттын мага дуба кылганын билдим», – дейт.

Кийин Расулулла (с.а.в) дүйнөдөн кайтты жана Абу Бакрга байъат берилди. Ошондо Абу Бакр Усаманын кошуунун жөнөтүүнү буюрду. Бирок, ансарлардын бир тобу жөнөтүүнү кечиктирип турууну рай кылышты жана Умар ибн Хаттабдан бул жөнүндө Абу Бакрга айтууну талап кылышып, ага «эгер ал баш тартса, бизге Усамадан жашы улуураак адамды валий кылуусун айтыңыз» дешти. Абу Бакр (р.а) ансарлардын талабын угаары менен ордунан туруп кетти (ал отурган эле). Умардын сакалынан кармап ачуу менен: «Эмне деп жатасың, эй ибн Хаттаб. Расулулла (с.а.в) дайындаса, сен болсо аны алып таштоону талап кылып жатасыңбы?! Аллага ант болсун эч качан мындай кылбаймын», – деди. Умар адамдардын алдына кайтканда эмне болгондугун сурашты. Ал: «Көзүмө көрүнбөгүлө! Расулулла (с.а.в)дын халифасынан уга турганымды уктум», – деди.

Кошуун жаш командачынын башчылыгында жолго түшкөндө, Расулулла (с.а.в)дын халифасы жөө абалда узатты. Ошондо Усама атчан эле. Усама «эй Расулулла (с.а.в)дын халифасы, же сиз атка миниңиз, же болбосо мен жерге түшүп алайын» деди. Абу Бакр: «Аллага ант болсун, сен да түшпөйсүн, мен да минбеймин. Алла жолунда бутум бир аз чаң болсо эмне болуптур», – деди. Кийин Усамага карап «Алладан диниңдин, аманатыңдын жана амалдарыңдын аягын сактоону сураймын» деди жана ага «эгер Умар менен мага жардам берүүнү кааласаң анын мени менен калуусуна уруксат бер» деди. Усама Умардын калуусуна уруксат берди.

Усама кошуун менен кетти жана Расулулла (с.а.в) буюрган ар бир нерсени ишке ашырды. Мусулмандардын аттары Палестина жериндеги «Балко» жана «калъатуд – Дорум» чегараларын басып өттү. Румдун айбатын мусулмандардын жүрөгүнөн чыгарып таштады. Алардын алдында Шам, Египет, бардык Түндүк Африка жерлери, тээ Атлантика океанына чейин фатх кылуу үчүн жол даярдады. Кийин Усама атасы үстүндө шейит болгон атын минип, колго түшүргөн олжолорду алып артына кайтты. Ал тургай айтылышынча, Усаманын кошуунуна караганда олжосу көп, өзү аман кайткан кошуун болбогон.

Усама ибн Зайд өмүр бою мусулмандарды сыйлоо, аларды жакшы көрүү о.э. Алла жана Расулуна ишенимдүүлүктү бекем кармады. Умар (р.а) уулу Абдулла ибн Умарга бөлүштүргөнгө караганда Усамага көбүрөөк бөлүштүрөт эле. Абдулла ибн Умар атасына: «Эй ата, Усамага төрт миң ажыраттыңыз, мага үч миң, анын атасы сизден абзел эмес эле. Анын өзү да менден абзел эмес», – дегенде, Умар (р.а) ага «таптакыр андай эмес анын атасы Расулулла (с.а.в)га сенин атаңа караганда сүйүктүүрөөк эле. Анын өзү да Расулулла (с.а.в)га сага караганда сүйүктүүрөөк эле» деди. Абдулла ибн Умар өзүнө берилген нерсеге ыраазы болду. Умар (р.а) Усама ибн Зайдга жолуккан убакта «куш келипсиз эй амирим» деп коёт эле. Бирөө жарымы анын сөзүнө таңданса «аны мага Расулулла (с.а.в) амир кылган» дейт эле. Алла мындай улуу адамдарды рахматына алсын. Тарых Расулулла (с.а.в)дын сахабаларынан улуу адамдарга күбө болгон эмес.

Back to top button