Макала

Чолпон-Атадагы ШКУ жыйыны: саясатсыз маараке

Чолпон-Атадагы ШКУ жыйыны: саясатсыз маараке

24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Бул иш-чара 1-сентябрда Бишкекте өтө турган мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Жыйында министрлер эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулап, Бишкек декларациясынын жана саммитте мамлекет башчыларынын кароосуна сунуштала турган башка документтердин долбоорлорун макулдашышты.

Ошондой эле, бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөр, анын ичинде Россия менен Ирандын ТИМ башчыларынын өзүнчө жолугушуулары болуп өтүп, анда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды. Бирок, жыйындын жыйынтыгы боюнча Ирандын айланасындагы кризисти жөнгө салуу боюнча ШКУнун жамааттык демилгелери жарыяланган жок.

Көнүмүш күн тартиби

Эгерде Чолпон-Атадагы жолугушуунун расмий жыйынтыктарына таянып баалай турган болсок, бардыгы адаттагыдай эле жана формалдуу негизде өткөнү көрүнөт.

Жыйында эл аралык кырдаал талкууланып, «тынчтыкка» болгон умтулуулар аныкталды, Бишкектеги саммитке карата документтердин долбоорлору макулдашылып, баягы эле терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу сөздөр кайрадан айтылды.

Жолугушууга Ирандын өкүлү Аббас Аракчи катышканына, ошондой эле аймактагы каатчылыктын курч фазасы күчөп жатканына карабастан, АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн агрессиясы тууралуу тема расмий түрдө көтөрүлгөн жок.

Бирок маселени дал ушундай көрмөксөнгө салуу анын формалдуулугун гана ачыктап, уюмдун саясий жактан алсыздыгынын ашкерелеп койду.

Дүйнө акыркы ондогон жылдардагы эң туруксуз мезгилдердин бирин баштан кечирип жаткан учурда, ШКУ өзүн дагы бир жолу бардык маселелер тууралуу жалпы сөз кылып, бирок эч бир маселе боюнча конкреттүү позиция билдирбеген уюм экенин көрсөттү.

Жалпысынан алганда, Ирандын айланасындагы каатчылык көп жылдардан бери көп уюлдуу дүйнөнүн борборлорунун бири болуу ролуна талапкер болуп келе жаткан уюм үчүн эң олуттуу сыноого айланды. Дал ушундай учурларда эл аралык уюмдардын саясий жактан жетилгендиги сыналат. Бирок демилгелердин, ортомчулуктун же бирдиктүү дипломатиялык позицияны калыптандыруу аракеттеринин ордуна, катышуучулар кайрадан көнүмүш болуп калган жалпы сөздөр топтому менен чектелишти.

ШКУнун чечим кабыл алуу жөндөмү

“Эгерде уюм анын мүчөсү жапа чегип жаткан эң ири эл аралык кризистердин бирине жамааттык жооп кайтара албаса, анда ал аймактагы өлкөлөрдүн калкы үчүн өзүнүн геосаясий амбицияларын жана актуалдуулугун качан тастыктайт?” деген табигый суроо туулууда.

Иш жүзүндө бардык мазмундуу дипломатиялык аракеттер жыйындын алкагынан тышкары болуп өттү. Россия Иран менен кырдаалды өзүнчө талкуулады. Кытай да Иран менен кырдаалды өзүнчө талкуулады. Башка катышуучулар дагы өзүнчө эки тараптуу кеңешүүлөрдү абзел көрүштү.

Жыйынтыгында парадоксалдуу жагдай келип чыгууда. Чындыгында эле бардык маанилүү сүйлөшүүлөр ШКУнун жамааттык механизминен тышкары өтүп, ал эми уюмдун өзү барган сайын расмий эмес жагдайда жолугушуп турууга мүмкүн болгон ыңгайлуу аянтчанын гана милдетин аткарып калууда.

Формалдуу лидерлик

Кыргызстандын төрагалыгы мүмкүн болушунча коопсуз жана этият позицияны тандады. Саясий лидерликтин ордуна уюштуруучулук функцияларга басым жасалып, декларацияларды даярдоо менен чектелди. Ал эми активдүү дипломатиянын ордун мааракелик иш-чаралардын салттуу форматы ээледи.

Албетте, Бишкек ШКУнун чечимдерин жалгыз өзү аныктай албайт. Уюм формалдуу консенсус принцибинин негизинде иш алып барат, ал эми анын күн тартиби негизинен Россия менен Кытай тарабынан калыптандырылып, макулдашылат. Бирок уюм өзүнүн эл аралык аброюн чыңдоого чындап кызыкдар болгондо, төрагалык кылган өлкө саясий шыктанууну көрсөтүп, актуалдуу демилгелерди көтөрүүгө умтулмак. Чолпон-Атадагы жыйында болсо мындай саясий демилге дээрлик байкалган жок.

Бул абал төрагалык кылган тарапта гана эмес, жалпы уюмдун өзүнө мүнөздүү көрүнүш болуп калды. Жыл өткөн сайын дээрлик ар бир жыйын: терроризм, экстремизм, сепаратизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана трансулуттук кылмыштуулук сыяктуу бир эле коркунучтардын кайталанган тизмеси менен коштолууда.

Дүйнөдө жаңы аскердик жаңжалдар күчөп, мамлекеттердин ортосундагы агрессия ачык көрүнүшкө айланып, эл аралык коопсуздук архитектурасы өзгөрүп, ири державалардын ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугу кайрадан калыптанып жаткан шартта, ШКУ 2000-жылдардын башынан бери дээрлик өзгөрүүсүз кайталанып келе жаткан салттуу коркунучтардын тизмесин талкуулоону улантууда.

Натыйжада, уюм реалдуу эл аралык күн тартибинен барган сайын алыстап, дүйнөдөгү актуалдуу процесстерге шайкеш келбеген өзүнүн ички бюрократиялык логикасы менен жашап жаткандай таасир калтырууда.

ШКУ жөн гана клуб

Ошондуктан, ШКУ бул сүйлөшүүлөрдү жамааттык саясий демилгеге айландырууга дагы бир жолу жөндөмсүз экенин көрсөттү. Мамлекеттердин жөнөкөй клубу менен толук кандуу эл аралык институттун ортосундагы айырма дал ушундай учурларда айкын көрүнөт.

Бүгүнкү күндө ШКУ негизинен терроризм, экстремизм сыяктуу түшүнүктөрдүн айланасындагы коопсуздук риторикасына таянып, Исламга каршы күрөшкөн куралдардын бири катары иш алып барууну улантууда. Бул уюм, катышуучулары көбүнчө жасалма же апыртылган коркунучтарды талкуулоого даяр болгон, бирок өздөрү туш болгон олуттуу эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө жамааттык саясий жоопкерчиликти өз мойнуна алууну эптей албаган Исламга каршы аракеттенген клуб бойдон калууда. Чолпон-Атада бул өзгөчө даана байкалды.

Тышкы дипломатиялык активдүүлүктүн артында, дагы эле керектүү деңгээлдеги саясий лидерликтин жоктугу көрүнүп турду.

Көп уюлдуу дүйнө тууралуу катуу билдирүүлөрдүн артында, өз алдынча саясий эгемендүүлүктүн жоктугу, ал эми көп сандуу декларациялардын артында конкреттүү саясий кадамдардын тартыштыгы байкалды. Дал ушунун өзү Чолпон-Атадагы жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы болду десек адашпайбыз.

Жыйынтык

ШКУнун мааракелик саммити дагы бир жолу уюм негизинен Ислам мабдасынын (идеологиясынын) көрүнүштөрүнө каршы күрөштү улантып, өзүнүн географиялык мейкиндигин кеңейтип, катышуучу мамлекеттердин санын көбөйтүү жана символикалык макамын бекемдөө менен гана алек экенин көрсөттү. Бирок мунун баары азырынча анын реалдуу саясий таасиринин өстүргөн жок.

Актуалдуу эл аралык күн тартибин калыптандырууга жана маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз бойдон калууда. ШКУ дүйнөлүк саясат тууралуу талкууларды өткөрүп жатканы менен, акырындап мусулман өлкөлөрү үчүн олуттуу саясий баалуулук да, практикалык пайда да алып келбеген жөнөкөй аянтчага айланып баратат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button