Басма сөз

Эй, мусулман аскерлери! Силер өз ара согушуп, колонизаторго күч-кубатын калыптандырып алууга мүмкүнчүлүк берип жатасыңарбы?!

Басма сөз баянаты

Эй, мусулман аскерлери!
Силер өз ара согушуп, колонизаторго күч-кубатын калыптандырып алууга мүмкүнчүлүк берип жатасыңарбы?!

Трамптын согушу дагы эле Араб жарым аралын жана анын айланасын кемирип жатат. Бирок ошол эле учурда бул согуш Американын аскерий мүмкүнчүлүктөрүнүн чыныгы көлөмүн жана анын канчалык чектелүү экенин ачыкка чыгарды. Ал Американын узак мөөнөттүү согуштарды жүргүзүүгө кудурети жетпей турганын, эгер ага андан азыраак өнүккөн аскерий технология менен болсо да каршылык көрсөтүлсө, бат эле сазга батып, эмне кыларын билбей каларын көрсөттү. Ошондой эле бул согуш Ислам үммөтү, эгер максаттуу түрдө аракет кылып, жеңишке жетүүнүн жолунда күч-аракетин жумшаса, өзү менен Батыштын ортосундагы технологиялык айырманы толуктай аларын көрсөттү. Ал эми Ислам үммөтүнүн туруктуулук көрсөтүү жөндөмүнө келсек, окуялар анын эң оор жана эң кыйын шарттарда да буга кудуреттүү экенин далилдеди.

Америка бул согушка кептелип калгандан бери эмне кыларын билбей, өзүн куткаруу үчүн согушка башкаларды аралаштырып, аларды өзүнүн ордуна согуштурууга аракет кылып келет. Ал Европа мамлекеттеринен суранды, бирок алар баш тартышты. Чыгыш Азия мамлекеттеринен да суранды, алар да баш тартышты. Анткени бул мамлекеттер Америка өзүнүн кылган иштеринин отуна өзү күйүп, Трамптын текебердиги ооздукталганын көрүүнү каалашат жана Америка менен кошо анын согушуна аралашууну каалашпайт. Ошондо Америка Саудияны, Түркияны жана Пакистанды Мекке альянсын түзүүгө түрттү. Мунун максаты бул мамлекеттерди согушка кирүүгө даярдап, Американы кептелген абалынан куткаруу.

Бул мамлекеттердин башкаруучулары болуп жаткан көрүнүштүн үстүнөн ой жүгүртүп, Американын согуш сазына батып калганын жана бул анын Перс булуңундагы таасиринен кутулуп, аны ал жерден сүрүп чыгарып, анын жамандыгынан арылуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк экенин көрүп, ага каршы аракет кылуунун ордуна, Американын атынан согушуу үчүн альянс түзүштү! Анын үстүнө, Американын президенти дагы эле Перс булуңунун карталарын жарыялап, ага «Трамп кысыгы» деп жазып жатат!

Мындай согуш чоң кырсыктардын бири болуп саналат. Анткени анда эки тараптан тең мусулмандардын каны төгүлөт, мусулмандардын аскерлери жана элдери алсырайт. Ошол эле учурда Акса мечити басып алынган бойдон, Палестина, Сирия жана Ливан оккупацияланган бойдон кала берет. Америка менен яхудий вужуду мусулмандардын балдары менен аялдарынын сөөгүнүн үстүндө өздөрүнүн шарап чөйчөгүнөн ичишет жана бомбалары менен талкалаган мусулман өлкөлөрүндөгү шаарлардын урандылары үстүнө өз үстөмдүгүнүн тактысын орнотушат.

Биз мусулман өлкөлөрүндөгү коомдук пикирди жана чечимдерди калыптандыруучулардын арасындагы ар бир ихластуу жана эркин адамды кербендин туңгуюкка сүйрөлүп баратканына карап турбоого чакырабыз. Андалусиянын амирлери өз ара согушуп, бири-бирине каршы кафирлер менен кутум түзүшүп, 700 жылдык Исламий башкаруунун мурасын кантип жоготконун эстешсин!

Хусийлер менен Саудиянын ортосунда улам-улам тутанып турган жана ага Түркия менен Пакистан сыяктуу мусулмандардын жаңы өлкөлөрүн кошуу көздөлүп жаткан бул согуш күнөө гана алып келүүчү согуш. Бул мамлекеттердин, башкача айтканда Түркия менен Пакистандын милдети, эки тарапты тең бул согушту мындан ары улантуудан токтотуу. Ислам үчүн ихластуу ой жүгүртүү бул согуштун тутандыргычын дароо сууруп салуу үчүн аракет кылууну талап кылат. Анткени ал мусулмандарга жана алардын өлкөлөрүнө дагы көбүрөөк кайгы-кападан башка эч нерсе алып келбейт, ал эми мусулмандардын душмандарын жана алардын экономикасын кайра жандандырат.

Мурда Американын Иракта, Ооганстанда жана Шам өлкөлөрүндө өз үстөмдүгүн орнотуусуна көмөктөшкөн Иранга келсек, анын жаңы жетекчилиги эң оболу Аллах Азза ва Жаллага, андан кийин мусулмандарга карата өз эсеп-кысабын кайра карап чыгышы керек. Эгер Америка ага каршы бурулгандан кийин сабак алган болсо, анда кафир колонизатордун айланасында айланып, мусулмандардын кайгы-капасынын эсебинен анын кызыкчылыктарын ишке ашыруу Ислам уруксат бербеген кылмыш экенин түшүнүшү керек, ал тургай бул тууралуу адаштыруучу фатвалар чыгарылган болсо да. Тескерисинче, окуялар далилдегендей, бул саясий өзүн-өзү өлтүрүү болуп эсептелет. Эгер ал бул сабакты алган болсо, анда мусулмандардын кутулуусуна жана алардын бүтүндүгүн сактоого көңүл буруп аракет кылышы керек. Алардын ортосунда дагы көбүрөөк согуштарды тутандырбастан, тескерисинче, кафир колонизатор Батыш бул согушту тутандыруу үчүн козутуп жаткан шылтоолорду жок кылышы керек.

Ал эми эки тараптын тең мусулмандардын бири-бири менен согушуусун Аллах жолундагы жихад деп чыгарган фатваларына келсек, бул адашуу жана адаштыруу. Ошондой эле бул бүгүн эмес, кечээ эле чыгарылышы керек болгон чыныгы фатвадан көңүлдү башка жакка буруу болуп саналат. Ал фатва — колонизаторлуктун таасиринен кутулуу, Акса мечитин жана кафир колонизаторлор басып алган Ливан, Сириянын түштүгү жана Кашмир сыяктуу башка бардык жерлерди баскынчы оккупанттардан азат кылуу үчүн жихад жана жалпы мобилизация жарыялоонун важибдиги.

Ал эми мусулмандардын аскерлериндеги күч-кубат жана коргоо ээлери болгон офицерлерге келсек, алардын Американын атынан жүргүзүлүп жаткан согушка кириши эки эсе кыянаттык! Кечээ алар башкаруучу малайларга баш ийип, Газаны талкалап жатканда, Акса мечитин булгап жатканда жана Кашмирди басып алып жатканда карап гана турушту. Эми болсо башкаруучулар аларды өз бир туугандары менен согушууга сүйрөп баратканын карап турушат. Ошол эле учурда мусулман өлкөлөрүндөгү таасири жок болуунун босогосунда турган кафир колонизаторго күчүн калыптандырып, өзүнүн стратегиялык артыкчылыгын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берип жатышат. Эй, офицерлер жана аскер башчылары, ойгонгула!

Аллах Таала айтты:

﴿قَاتِلُواْ الَّذِينَ لاَ يُؤْمِنُونَ بِاللّهِ وَلاَ بِالْيَوْمِ الآخِرِ وَلاَ يُحَرِّمُونَ مَا حَرَّمَ اللّهُ وَرَسُولُهُ وَلاَ يَدِينُونَ دِينَ الْحَقِّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُواْ الْكِتَابَ حَتَّى يُعْطُواْ الْجِزْيَةَ عَن يَدٍ وَهُمْ صَاغِرُونَ﴾

«Өздөрү китеп берилгендерден болуп Аллага жана Акырет Күкүнө ишенбей турган, Алла жана Анын пайгамбары арам деген нерсени арам деп билбей турган, Чындык (Ислам) динине этикат кылбай турган кимселерге каршы, тээ алар кор абалда, өз колдору менен (моюңдарыңдагы) салыкты төлөшмөйүнчө, согуша бергиле!» (Тообо: 29).

Хизбут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

27.09.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button