АКШда мигранттар кармалган борборлордо өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө

АКШда мигранттар кармалган борборлордо өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө
АКШда мигранттарды кармоо борборлорунда набыт болгондордун көбөйүшү өлкөнүн иммиграциялык саясатына байланыштуу олуттуу суроолорду жаратты. Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын алгачкы беш айында эле миграциялык борборлордо 18 адам каза болуп, июнь айында дагы бир өлүм катталган. 2025-жылы 33, ал эми 2024-жылы 11 адам көз жумган. Бул көрсөткүчтөр акыркы жылдардагы өлүмдөрдүн саны өсүп жатканын көрсөтөт.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк бул жагдайды адам укуктарынын олуттуу көйгөйү катары баалап, бардык өлүм учурларын көз карандысыз иликтөөгө чакырды. Анын билдирүүсүндө борборлордун ашыкча толушу, медициналык жардамдын жетишсиздиги, күч колдонуу жана жалгыз камерага камоо сыяктуу маселелер өзгөчө белгиленген.
АКШ бийлиги кармоо жайларынын сыйымдуулугун 90 миң кишиге чейин көбөйтүүнү пландап жаткан учурда, мындай көрүнүш кармоо шарттарын жакшыртабы же тескерисинче көйгөйлөрдү тереңдетеби деген суроо жаралат. Эгер көзөмөл жана медициналык тейлөө күчөтүлбөсө, адам укуктары боюнча сын-пикирлер дагы күчөшү мүмкүн. Бул улуу держава эмес, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн абалынан да төмөн көрүнүштү чагылдырууда.




