Комментарий

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Кыргызстанда балдардын кылмышка аралашуусу дагы эле олуттуу көйгөй бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында өспүрүмдөр 396 кылмыш жасашкан. Алардын басымдуу бөлүгүн уурулук (35,1%), талап-тоноо (18,4%), алдамчылык (8,6%) жана автоунаа уурдоо (8,3%) фактылары түзгөн.

Андан да тынчсыздандырганы, ушул эле мезгилде кылмыштын курмандыгы болгон балдардын саны 599га жеткен. Эң көп жабыркаган балдар төмөнкү кылмыштардын курмандыгы болушкан: уурулук (18,7%), сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (12,9%), зордуктоо (11,4%), талап-тоноо (8,5%) жана алдамчылык (5,8%). Натыйжада 27 бала каза болуп, дагы 130у ар кандай жаракат алган.

Комментарий:

Өлкөдө өспүрүмдөрдүн кылмыштуулукка эрте аралашуусунун бирденбир себеби мыйзамдардын бузук капиталисттик системага негизделишине байланыштуу. Ал эми, мындай туңгуюктан чыгуунун жолу балдарды Ислам сакофаты менен тарбиялоо жана мыйзамдарды шариятка негиздөө болуп эсептелет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button