Пайгамбарыбыздын ﷺ Исра кылган жерине ыпластык кылууну айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр токтото албайт!

Басма сөз баянаты
Пайгамбарыбыздын ﷺ Исра кылган жерине ыпластык кылууну айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр токтото албайт!
Түркия, Мисир, Саудия, Катар, Иордания, БАЭ, Индонезия жана Пакистандын тышкы иштер министрлери бейшемби күнү кечинде биргелешкен билдирүүдө яхудийлердин Аль-Акса мечитине кайталап кирип барууларын айыпташып, муну “ачык мыйзам бузуу жана кабыл алынгыс провокация, токтотулушу керек” деп белгилешти. Алар ыйык “Аль-Акса мечитинде жасалып жаткан бул провокациялык аракеттер эл аралык укукту жана эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу болуп эсептелет. Дүйнөнүн бардык жериндеги мусулмандар үчүн кабыл алынгыс провокация болуп саналат жана ыйык шаардын ыйыктыгын ачык бузуу болуп эсептелет” деп дагы бир жолу баса белгилешти. Министрлер Куддус жана андагы исламий жана христиан ыйыктары боюнча тарыхый жана укуктук статус-квону өзгөртүүгө багытталган бардык аракеттерди кескин түрдө четке кагышты.
Бул билдирүү шаршемби күнү жүздөгөн отурукташкандардын Аль-Акса мечитине басып кирип, тaлмуддук ырым-жырымдарды аткарып, кирип жаткан учурда ырдап-бийлегенден кийин жарыяланды.
Мусулман өкүмдарлары Пайгамбарыбыздын ﷺ Исра кылган жерине карата маскаралыкты жана ачык алсыздыкты кайталоодон уялбай жатышат. Алар өздөрү да жакшы билгендей, эч нерсеге жарабаган бош сөздөрдөн ашпаган айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр менен гана чектелишет. Алар яхудий түзүмүнүн текеберлигин, Палестина элине карата зулумун жана Аль-Акса мечитин үзгүлтүксүз булгашын көрүп турушат, бул түзүмдүн лидерлери Тоораттагы кыялдары жана Палестинага жана мусулман жерлерине болгон кеңейүүчү максаттары тууралуу ачык айтып жатканын өз кулактары менен угуп турушат. Ошого карабастан, алар бул жүрүм-турум менен өз элдеринин алдында өздөрүн актайбыз деп ойлогондой, бул чындыктардын баарын көрмөксөн болуп, өзүнчө аракет кылышат.
Тескерисинче, бул өкүмдарлардын Куддуста учурдагы тарыхый жана укуктук абалды өзгөртүүнү кескин четке кагуу тууралуу сөздөрүнүн өзү эле яхудийлердин мубарак жерди басып алуусунун сакталып калышына чакырык болуп эсептелет. Анткени бул 1967-жылдан бери уланып келе жаткан абал, дал ошол абалды бул алсыздар талап кылышууда. Муну менен катар ыйык жайларга болгон формалдуу “камкордук” бар деп айтылат, бирок анын эч кандай баасы да, салмагы да жок экени баарына маалым. Ал бир да кол салууну токтоткон жок, Аль-Акса мечитин жылдар бою казуулардан, анын айрым бөлүктөрүн бузуп-жок кылуудан же булгоодон коргой алган жок, ошондой эле аны мусулмандар менен яхудийлер ортосунда убакыт жана мейкиндик боюнча бөлүштүрүүгө тоскоол боло алган жок.
Яхудий түзүмүнүн текеберлиги жана Палестинада жана башка мусулман жерлеринде күчөп жаткан кылмыштары жөн гана айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр менен токтоп калбайт. Эл аралык укук деп аталган нерсеге каршы экенин көрсөтүү же ушул сыяктуу тажатма сөздөр да жетишсиз. Тескерисинче, бул үммөттүн армиялары бул түзүмдүн жүзүн карайтып, анын үстөмдүгүн толугу менен кыйратышы үчүн, аларды кыймылга келтирүүнү о.э. олуттуу жана чыныгы каршы турууну талап кылат. Бул Аллах Тааланын сөзүнө ылайык келет:
﴿فَإِذَا جَاء وَعْدُ الآخِرَةِ لِيَسُوؤُواْ وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُواْ الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوْاْ تَتْبِيراً﴾
«Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)» (Исра: 7).
Бул деңгээлден төмөн болгон ар кандай жооп же аракет убакытты текке кетирүү жана Ислам үммөтү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаруу болуп эсептелет. Анткени Палестинага жардам берүү жана аны яхудий түзүмүнүн тырмагынан куткаруу үммөттүн бардык армияларынын моюнундагы важиб.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
25.04.26




