Саясий

Ливан менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы кыянат сүйлөшүүлөр

بسم الله الرحمن الرحيم
Суроо-жооп: Ливан менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы кыянат сүйлөшүүлөр

Суроо: Вашингтондо Ливан менен яхудий түзүмүнүн элчилери ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Бул Ливан-яхудий “тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн” башталышы катары бааланды. Он күндүк элдешүү жарыялангандан соң, Дональд Трамп аны 24-апрель күнү үч жумага узартты. Ошого карабастан, яхудий түзүмү агрессиясын күчөтүүнү улантууда. Баскынчы түзүмдүн армиясы өткөн түн ичинде Түштүк Ливанда элүүдөн ашык объектке сокку урганын жарыялады…» («Аль-Жумхурия», 2/5/2026). Бул Трамп айткандай “күч аркылуу тынчтыкка” жетишүү дегенди билдиреби? Анан Ливан башкаруучулары жашыруун эмес, ачык түрдө нормалдашуу кербенине отурууну билдирген кыянат сүйлөшүүлөрдү кантип кабыл алышууда? Жооп берсеңиздер, ыраазычылык билдиребиз.

Жооп:
Бул суроолорго жооп берүү үчүн төмөнкү жагдайларды карап чыгабыз:
1) Дональд Трамп 2025-жылы кайра бийликке келгенде, ал өзүнүн мурдагы “Абрахам келишимдери” долбоорун кайра көтөрүп чыкты. Бул долбоор “нормалдашуу” убадасын жана яхудий түзүмүнө аймакта үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле АКШ кызыкчылыктарынын чоң бөлүгүн ага ишенип тапшыруу сыяктуу жаңы убада-демилгелерди камтыйт.
2026-жылдын 14-апрелинде Вашингтондо Ливандагы Американын агенттери менен яхудий түзүмүнүн ортосунда башталган сүйлөшүүлөр өкмөт айтып жаткандай жөн гана коопсуздук келишими эмес. Ал “өлтүрүүнү жана кыйратууну токтотуу, түштүктү бошотуу” деген шылтоо менен көрсөтүлүп жатса да, чындыгында бул Трамптын нормалдашуу поездинде толук орун ээлөөгө аракет кылуу болуп саналат.
Бул жолугушуу “алгачкысы” болуп, элчилер деңгээлинде өткөнүнө карабастан, Трамп процесске күч берүү максатында Ливан президенти Жозеф Аун менен яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ортосунда телефон сүйлөшүүсү болорун жарыялады. Ал мындай байланыш ондогон жылдардан бери болбогонун белгиледи (i24, 16/4/2026).
Бул сүйлөшүү ишке ашпай калганда да Трамп процессти улантууга аракет кылып, АКШнын мамлекеттик катчысы Ливан президенти менен сүйлөштү, андан соң Трамп өзү да аны менен байланышкан. Бул нерсе Ливандагы Американын агенттери тарабынан мактануу менен айтылды.
Андан кийин Трамп “мурда болуп көрбөгөн дипломатиялык кадам” катары Ак үйдө Биньямин Нетаньяху менен Жозеф Аун жолугушуусун өткөрүүнү пландап жатканын жарыялады («Saudi News», 16/4/2026).
Ливан тарабынан бул кабарды тартынчаактык менен четке кагуу болгонуна карабастан, Ливандын нормалдашуу кербенине отуруусу дээрлик ишке ашууга жакындап калды.
2) Андан соң Аун жана анын премьер-министри тарабынан бул тууралуу билдирүүлөр удаа-удаа айтылды:
а. Ливандыктарга кайрылуусунда Жозеф Аун мындай деди:
«Силерге толук ачыктык жана ишеним менен айтам: бул сүйлөшүүлөр алсыздык эмес, артка чегинүү эмес жана багынып берүү да эмес. Тескерисинче, бул биздин укугубузга болгон ишенимибиздин күчүнөн, элибизге болгон камкордугубуздан жана мекенибизди бардык каражаттар менен коргоо жоопкерчилигибизден, өзгөчө, Ливандан башка мекен үчүн өлүүдөн баш тартканыбыздан келип чыккан чечим. Сүйлөшүүлөр эч качан жана эч убакта кандайдыр бир укуктан баш тартууну, кандайдыр бир принципте багынууну же бул мекендин суверенитетине доо кетирүүнү билдирбейт. Биз миңдеген ливандыктарды жоготтук, алар биздин балдарыбыз, биз аларды унутпайбыз. Мындан ары бир дагы ливандыктын өлүшүнө, же элибиздин каны агышы улануусуна, башкалардын таасири, кызыкчылыктары же жакын-алыс күч борборлорунун эсеп-кысаптары үчүн жол бербейм» («Индепендент Арабия», 18/4/2026).
б. Ал эми премьер-министр Наваф Салам Франция президенти Эммануэль Макрон менен биргелешкен маалымат жыйынында мындай деди: «Бул жумада Вашингтондо элчилер деңгээлинде түз сүйлөшүүлөр улантылып жаткан шартта, Ливандын бардык өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж болобуз». Ал кошумчалап: «Биз бул жол менен жүрүүнү улантабыз, анткени дипломатия алсыздыктын белгиси эмес, тескерисинче, өлкөбүздүн суверенитетин кайтарып алуу жана элин коргоо үчүн эч бир жолду текшербей калтырбоо жоопкерчиликтүү иш» («Индепендент Арабия», 21/4/2026).
в. Андан соң Жозеф Аун өзүнө колдоо көрсөткөн Саудиянын ролуна таянып, «Ар-Рияд» гезитинде мындай деп айтылды: «Аун Саудиянын ролун жогору баалап, мураскер ханзаада, премьер-министр Мухаммад бин Салман көрсөткөн аракеттерди мактап, бул кадамдар акылмандык жана тең салмактуулук менен мүнөздөлгөнүн белгиледи… Саудиянын аракеттери, айрыкча акыркы аскерий чыңалуу шартында Ливан элин колдоого негизделген туруктуу позицияларга таянган. Падышалыктын ок атышууну токтотууга багытталган бардык демилгелерди колдоого жана туруктуу дипломатиялык чечимдерди ишке киргизүүгө берилгендиги айкын болду. Бул Ливандын туруктуулугун сактоо жана тынчтыкка жетишүүнү камсыз кылууга багытталган». («Ар-Рияд» гезити, 19/4/2026).
3. Андан соң, Иран менен ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөнүнө карабастан, яхудий түзүмү Ливандагы партия менен согушту токтотуудан баш тартты. Иран менен эки жумалык элдешүү жарыялангандан кийин да, түзүмдүн премьер-министри Ливан бул элдешүүгө кирбегенин ачык айтты. Муну далилдөө үчүн анын учактары элдешүү күчүнө кирген биринчи күнү Бейрутка жана жалпы Ливанга катуу соккуларды жасады.
«Израиль» Ливанга өткөн айда “Хизбулла” партиясы менен жаңжал башталгандан берки эң катуу аба соккуларын жасады. Бул соккулар Иран партиясы АКШ менен Иран ортосунда эки жумалык ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Түндүк «израилге» жана Ливандагы израилдик күчтөргө чабуулдарын токтотконуна карабастан болду. Ак үйдүн өкүлү Каролайн Левитт билдиргендей, Ливан АКШ менен Иран ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимине кирбейт» (France 24, 8/4/2026)).
4. Бул америкалык позициянын фонунда Ливандагы Америка агенттеринин Иран партиясына каршы билдирүүлөрүнүн тону күчөп, жарандык согуш коркунучун эске салган абалга жетүүдө. Мисалы: Ливандын премьер-министри Наваф Салам шейшемби күнү мындай деди: «Өкмөт Иран колдогон «Хизбулла» партиясы менен кагылышууну каалабайт, бирок өкмөт согушту токтотуу максатында «израиль» менен түз сүйлөшүүлөрдү улантып жаткан учурда аны коркутууга жол бербейт» («Индепендент Арабия», 21/4/2026).
Башкача айтканда, яхудий түзүмү менен Ливан өкмөтү ар башка жолдор менен болсо да Иран партиясын куралсыздандырууга умтулуп жатышат.
5. Бирок Ирандын басымы улантылып, элдешүү Ливанды да камтышы керек болгондон кийин, мурда баш тартып келген АКШ Ливанда ок атышууну токтотууга макул болду. «АКШ президенти Ливанда он күндүк ок атышууну токтотууну жарыялады» RT, 16/4/2026).
АКШ бул ок атышууну токтотуу Ливанды нормалдашууга түртүү үчүн жасалды деп эсептейт. Дональд Трамп мындай деди: «Мен жаңы эле урматтуу Ливан президенти Жозеф Аун жана яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Бул эки лидер өлкөлөрүнүн ортосунда тынчтыкка жетишүү үчүн расмий түрдө он күндүк элдешүүнү баштоого макул болушту, ал АКШнын чыгыш убактысы боюнча саат беште башталат».
Ал ошондой эле «эки өлкө шейшемби күнү Вашингтондо 34 жылдан бери биринчи жолу жолугушту, ага биздин мамлекеттик катчыбыз Марко Рубио катышты» деп белгиледи. Трамп «вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Рубио жана Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дан Кейн менен бирге “израиль” жана Ливан менен туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн иштөөнү тапшырдым» деп баса белгиледи.
Ал билдирүүсүн мындай деп жыйынтыктады: «Мен дүйнөдө 9 согушту токтотууга салым кошконум менен сыймыктанам, бул онунчусу болот, андыктан муну да ишке ашыралы» (Египеттик Аль-Ливаа гезити, 25/4/2026).
6. Андан соң Дональд Трамп яхудий түзүмү менен Ливандын ортосундагы элдешүүнү 3 жумага узартканын жарыялады. АКШ президенти бейшемби күнү “израиль” менен Ливандын ортосундагы ок атышууну токтотуу 3 жумага узартыларын билдирди. Трамп “Truth Social” баракчасында бул чечим Ак үйдөгү жыйындан кийин кабыл алынганын, ага вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШнын “израилдеги” элчиси Майк Хакаби жана АКШнын Ливандагы элчиси Мишель Иса катышканын айтты. (Sky News Arabia, 24/4/2026).
Бирок ошого карабастан, соккулар уланууда: «Израиль» Түштүк Ливанга аба соккуларын улантууда»… RT Arabic, 30/4/2026).
“Ошондой эле «израил» армиясы акыркы эки күн ичинде кеңири масштабдагы бир катар чабуулдарды жүргүзүп, анын натыйжасында ондогон адамдар курман болду. Ливан бийлиги билдиргендей, ар кандай 84 чабуулдун (аба соккулары, артиллериялык чабуулдар жана турак жай имараттарын жардыруулар) натыйжасында болжол менен 29 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алды”. («Аль-Жазира», 1/5/2026)).
Ал эми бүгүн: «Баскынчы армиясы өткөн түн ичинде Түштүк Ливанда 50дөн ашык объектке багытталган бир катар аба соккуларын жасаганын жарыялады» («Аль-Жумхурия», 2/5/2026).
Демек, Америка сүйлөшүүлөрдү өзүнүн текебер «күч аркылуу тынчтык» концепциясына ылайык жүргүзүүнү каалайт! Ошондуктан яхудий түзүмү Ливанда басып алган айылдарда армиясы үчүн жаңы аскердик лагерлерди куруп, аларды Иран партиясынын коркунучтарына каршы «буфердик аймак» деп жарыялап жатат. Башкача айтканда, Газа менен Хамас маселесиндеги сценарийди жана «сары сызык» моделин кайра кайталап жатат!
7. Ошентип, Ливан башкаруучулары жана башка Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучулары Палестинаны азат кылуунун жана яхудий түзүмүн жок кылуунун ордуна, аны менен нормалдашууга умтулуп жатышат. Алар Америка жана яхудий түзүмү менен тил табышып, анын коопсуздугун камсыз кылууга аракет кылышууда.
Бул башкаруучулар каапырларга достук кылуунун коркунучун, бул дүйнөдө маскаралыкка, акыретте катуу азапка алып келерин түшүнүшпөйт:
﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾
«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык».(Ниса: 139).
Ошондой эле бул башкаруучулар каапыр мамлекеттер эң оболу өз кызыкчылыктарын гана көздөөрүн түшүнүшпөйт. Алар күнү-түнү Исламга жана мусулмандарга каршы душмандык кылышат. Эгерде алар айрым мамлекеттерге же өз айланасындагыларына ыраазычылык көрсөтүп жаткандай көрүнсө да, бул жакшылык каалоо эмес, тескерисинче, ичинде жамандыкты жашырып, кийин аны ачыкка чыгарышат.
Эгер бул башкаруучулар — алар Америкага көз каранды болобу же анын агенттери болобу — Америка өз кызыкчылыгы талап кылганда аларды эч нерсеге теңебей жок кылып салаарын түшүнүшсө, тарыхтагы мисалдардан сабак алышмак. Анткени канча деген ага жакын турганлар өз ролун аткарып бүткөндөн кийин жок кылынган!
Эгер бул башкаруучулар акылдарын иштетишсе, каапырларды данектин кабыгындай ыргытып салышмак. Бирок алар дүлөй, дудук, сокур, ошондуктан кылган иштеринен кайтышпайт. Алардын колонизатор каапырларга болгон берилгендиги ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, алардын бир өлкөсүнө кол салынса, башкалары жардамга кыймылдап да койбойт, ашып барса өлгөндөрдү жана жарадарларды саноо менен чектелет! Негизинен мусулмандар бир үммөт, алардын тынчтыгы да бир, согушу да бир. Демек, анын кайсы бир бөлүгүнө жасалган кол салуу бүтүндөй үммөткө жасалган кол салуу болуп эсептелет. Албетте, кол салууга дуушар болгон ар бир бөлүк баскынчыга каршы турушу керек, бирок бул маселени толук чечпейт. Ирандагы Революциялык гвардия каршы турууда, Ливандагы анын партиясы да каршы турууда, бирок, эгерде Халифалык тикеленбесе, булардын баары менен маселе чечилбейт. Бул мамлекет Аллахка (динине) жардам берип, Анын өкүмдөрүн ишке ашырса, Аллахтын уруксаты менен жеңишке жетип, адилеттиги жана жихады менен дүйнөнү жарык кылмак жана Аллах аны Өзүнүн нусраты менен урматтамак.
8. Мына ушул нерсе үммөттү куткарат, ага кайра иззат берет, күчүн бекемдейт жана душмандарын ага кол салуудан мурда миң жолу ойлонууга мажбур кылат. Бул Халифалыктын кайра тикелениши менен гана ишке ашат, ошондо жер анын жакшылыгы жана адилеттиги менен нурланат. Мурда Халифалык кайсарлардын жана кисралардын текеберлигин талкалагандай, бүгүн алардын жолун уланткандардын — зөөкүр Дональд Трамп жана ага окшогон колонизатор каапырлардын текеберлигин да талкалайт.
Ал эми яхудий түзүмү болсо, ага олуттуу маани берүүгө да арзыбайт. Аллах Таала айткандай:
﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾
«Алар силерге азар берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер силер менен согушса, аркаларына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт». (Али Имран: 111).
Ал өз алдынча туруктуу боло албайт, ал өз күчү менен согушууга жөндөмдүү эмес, болгону адамдардын жардамы менен гана туруштук берет. Бул тууралуу Кудуреттүү Аллах мындай деген:
﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِنَ اللهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ﴾
«Эгер алар Алланын жана адамдардын (мусулмандардын) коргоосунда болушпаса, албетте аларга каерде болушпасын, кор-зарлык жазылып коюлду». (Али Имран: 112).
Алар Аллахтын жибин үзүп, адамдардын жибине — Америкага, Европага жана мусулман өлкөлөрүндөгү саткын башкаруучуларга таянып калышты. Бул башкаруучулар яхудий түзүмүнүн жырткыч агрессиясына каршы эч нерсе кылышпайт.
Демек, маселе бүгүн мусулман өлкөлөрүндө өкүм сүрүп жаткан режимдерде. Алардын башкаруучулары Исламдын жана мусулмандардын душманы болгон колонизатор каапырларга берилген. Ошентип, мусулмандардын башкы кайгысы өз башкаруучуларында. Алар Аллахка берилүүнүн ордуна каапырларга берилген, алардын буйругуна баш ийип, тыюусунан тыйылышат. Ал эми алар Аллахка берилген болсо, Анын өкүмдөрүн орнотуп, Анын жолунда жихад кылып, Пайгамбардын ﷺ жолун ээрчишсе, Ислам жана мусулмандар азиз болуп, куфр жана каапырлар кор болмок:
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).
1447-жыл, Зуль-Каада айынын 15-күнү
02/05/2026-ж.
Хизб ут-Тахрир амири Ато бин Халил Абу Рушта

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button