Роя гезити

Стамбулда дипломатиялык саммит өттү

Стамбулда дипломатиялык саммит өттү

2026-жылдын 23-октябрында «Р4» жана «Е3» топторуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Стамбулда саммит өткөрүп, бир катар аймактык маселелерди талкуулашты. Алардын башында Палестина маселеси, Ормуз кысыгындагы кырдаал, Йеменге байланыштуу окуялар жана Орусия-Украина согушун чечүү жолун табуу аракеттери турду.

«Р4» тобуна Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы кирет. Ал эми «Е3» тобуна Британия, Германия жана Франция кирип, аларга Италия да кошулду.

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль мындай деди: «Стамбулдагы жолугушуулар күтүлгөндөн да жемиштүү болду. Биз кырдаал координацияны, өз ара макулдашууну жана бул сегиз мамлекеттин үнүн талап кыларын байкадык. Анткени биз “Жетишет!” деп айтканда, бул жерде бирдиктүү үн менен сүйлөйбүз». Ал «согуштун азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирин эске алуу менен Орусия жана Украина данын ташууну кайра жандандырууга» чакырып, бул маселеде Түркиянын активдүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Иран менен Американын ортосундагы жаңжалды аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес экенин жана тараптар сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келиши керектигин айтты. Ал сегиз мамлекеттин кийинки жолугушуусу Германияда өтөрүн билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро: «Эгер Иран менен Американын ортосундагы чыңалуу кайра күчөсө, бардыгы утулат», — деди. Ал мунун энергия бааларына өтө олуттуу кесепеттери болорун эскертип, мындай деди: «Ошондуктан сегиз мамлекеттин тобу эң биринчи кезекте эки тарапты тең мүмкүн болушунча сабырдуулук көрсөтүүгө чакырат. Анткени биз аймактагы жаңы чыңалууну көтөрө албайбыз».

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни: «Максат деңизде эркин жүрүүнү камсыз кылуу үчүн чыңалууну басаңдатуу багытында иш алып баруу», — деди.

Британиянын тышкы иштер министри Милибанд: «Биз Ормуз кризисин дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз. Бул деңизде жүрүүгө байланыштуу укуктарды жана эркиндиктерди толук калыбына келтирет», — деди.

Европалыктардын билдирүүлөрүнөн алардын Иранга каршы согуштан жабыркап жатканы жана анын уланышын каалабаганы көрүнүп турат. Анткени бул согуш аларга чоң зыян келтирүүдө. Ошондуктан алар согушту токтотууну талап кылышууда. Ушул себептен алар басым көрсөтүү жана согушка каршы коомдук пикирди калыптандыруу үчүн мындай дипломатиялык аракетке барышты. Алар аймакта таасирдүү деп эсептелген «Р4» тобундагы мамлекеттер менен дипломатиялык альянс түзүштү. Бул топ болсо Американын кызыкчылыгы үчүн иш алып баргандыктан, алардын чакырыгына жооп берди. Ошондуктан бул топ Америкага каршы кандайдыр бир иш-аракет жасайт деп элестетүүгө болбойт. Тескерисинче, Америка бул топту европалыктардын аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу же аларга таасир көрсөтүү үчүн пайдаланат. Анткени европалыктар Америкага толук берилген мамлекеттерден жардам сурашты.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан мындай деди: «Жолугушууда Жакынкы Чыгыш менен Европадагы бири-бири менен байланышкан кыйынчылыктар жана жаңжалдар талкууланды. Жыйынга катышкандар аймактык жоопкерчилик принцибине таянуу менен жаңжалдарды диалог жана дипломатия аркылуу чечүү боюнча бир пикирге келишти».

«Р4» тобу чогулуп, биргелешкен билдирүү жарыялады. Анда: «(Израилдин) саясаттары дүйнөлүк коомдук пикирде адилетсиздикке учурагандык сезимин тереңдетип жатат», — деп айтылып, 1967-жылдагы чек аралардын негизинде Палестина мамлекетин түзүүгө чакырыктары кайрадан жаңыртылды.

Бул топ өзүнүн билдирүүсү аркылуу яхудий түзүмүнүн иш-аракеттеринин алдында алсыздыгын жана кордугун көрсөттү. Алар Палестина маселесине эч кандай тиешеси жок чет элдиктер сыяктуу мамиле кылышты. Алар яхудий түзүмүнүн алдында коркок болуп калышкандыктан, ага каршы турууга батына алышпайт.

Кыязы, Америка аларга айыптоолорунун деңгээлин төмөндөтпөөнү буюрган көрүнөт. Натыйжада алар адилетсиздик сезими жана коомдук пикир тууралуу куру сөздөрдү айтышууда! Ошондой эле алар Палестина мамлекетин түзүү долбоорун ооздорунан түшүрүшпөй кайталап жатышат. Бирок бул долбоордун ээси болгон Америка азыр ага көңүл бурбай калды. Иш жүзүндө бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кыйла алыстап кетти. Анткени яхудий түзүмү Американын кыйыр макулдугу менен Батыш жээкте өз иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Америка болсо кээде гана айрым билдирүүлөрдү жасайт, бирок алар анын яхудий түзүмүнүн иш-аракеттерине каршы туруп жатканын билдирбейт.

Ал эми европалыктар менен биргелешип жарыяланган билдирүүдө колдонулган сөздөр кыйла жумшак болду. Анда алар «аймактык жаңжалдарды диалог жана дипломатия аркылуу чечүү жана чыңалууну басаңдатуу зарылдыгына» чакырышты.

Белгилей кетчү нерсе, европалыктар яхудий түзүмүнө карата олуттуу мамиле кылышпайт. Тескерисинче, Америка сыяктуу эле анын сакталып калышына кызыкдар. Анткени аны Ислам өлкөлөрүнүн жүрөгүнө сайылган канжар, мусулмандарга каршы колдонулуучу өздөрүнүн ыплас куралы жана алардын Батыш колониализминин кишенинен бошонуусуна тоскоол болуучу каражат катары түзүү үчүн эң биринчи аракет кылгандар дал ушул европалыктар болгон. Германиянын канцлери Мерц 2026-жылдын 8-июлунда: «(Израиль) баарыбыз үчүн ыплас ишти аткарып жатат», — деп, муну ачык билдирген. Бирок европалыктар ал жактагы таасиринин чоң бөлүгүн Америкага алдырып коюшту. Америка болсо бул ыплас куралды өз колунда кармап, ал аркылуу аймакта зулумдук кылууда.

Чындыгында, Америка европалыктарды четке сүрүп койгондуктан, алардын деңгээли төмөндөп кетти. Натыйжада алар яхудий түзүмүнө жана Жакынкы Чыгыштагы маселелерге, анын ичинде Иран маселесине дээрлик эч кандай таасир көрсөтө албай калышты. Ошондуктан Америка европалыктар менен кеңешпестен жана аларга алдын ала эч кандай маалымат бербестен, яхудий түзүмү менен биргеликте Иранга каршы агрессиясын баштады.

Ал тургай, Америка европалыктарды дүйнөлүк маселелерде, ошондой эле алардын өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү болгон Украина маселесинде да четке сүрүп койду. Европалыктар бул жаңжалдын бир тарабы болгонуна карабастан, Америка аларды катыштырбастан жана алар менен кеңешпестен, экинчи тарап болгон Орусия менен жолугушуп, маселени чечүү жолдорун талкуулап, өз чечимдерин таңуулоодо.

Америка европалыктардын кадыр-баркын ушунчалык түшүргөндүктөн, алар «Р4» тобу сыяктуу Америкага берилген аймактык мамлекеттердин деңгээлине чейин төмөндөп кетишти. Ошондуктан алар бул топ менен макулдашуу аркылуу өз позицияларын бекемдөөгө жана талаптарын колдоого аракет кылышууда. Алар Америкага атаандаш боло турган, же жок дегенде аны менен теңтайлаша турган ролду ойной албай калышты.

Америка буга чейин европалыктарды Орусиядан келип турган арзан энергия ресурстарынан ажыраткан. Андан соң бул ресурстарды өзү алып, аларга кымбат баада сата баштады. Ошондой эле европалыктарды Ирандан келген арзан энергия ресурстарынан да ажыраткан. Ал муну Иранга каршы санкцияларды киргизүү жана европалыктарды ошол санкцияларга кошулууга мажбурлоо аркылуу, же болбосо Иранга каршы агрессиясы жана анын натыйжасында Ормуз кысыгынын жабылышы аркылуу ишке ашырды.

Демек, алардын Америкага берилген топ аркылуу өз позицияларын бекемдөө аракети аларга көп деле жардам бербейт. Эгер алар Америкага каршы күчтүү позицияны карманып, анын саясаттарына каршы турууга чейин барышса жана андан көз карандысыз иш-аракет кылышса, мисалы, Иранга каршы санкцияларды алып салып, аны менен түздөн-түз байланыш түзүшсө, ошондой эле башка маселелерде да ушуга окшогон кадамдарды жасашса, анда башка кеп болмок. Бирок алар яхудий түзүмүнө карата кандайдыр бир олуттуу иш-аракет жасашын күтүүгө болбойт. Анткени бул түзүм алардын колонизатордук саясатынын жана ыплас максаттарынын жемиши болуп саналат. Ошондуктан алар бул түзүм эмне кылбасын, аны сактап калууну каалашат. Ал эми бул түзүмдүн иш-аракеттерин айыптаган билдирүүлөрү адамдардын көзүнө күл чачуу жана бул жамандык кылуучу түзүмгө нааразы болгон ички коомдук пикирди алдоо үчүн гана жасалууда.

Ошондуктан сегиз мамлекеттин саммитин болуп көрбөгөндөй саммит деп мүнөздөсөк болот. Анткени Европанын ири мамлекеттери эл аралык деңгээлде өз позицияларын бекемдөө үчүн чакан жана Америкага берилген мамлекеттерге кайрылып жатышат. Ошол эле учурда алар Америкага каршы чыгууга жана чакан мамлекеттерди өз тарабына тартууга батына алышпайт.

Ал эми «Р4» тобундагы мамлекеттер, аймактагы башка мамлекеттер сыяктуу эле, иззатынан жана кадыр-баркынан ажыраган. Алар Америка үчүн Иранга кабар жеткирүүчү өкүлдүн жана почта ташуучунун ролун аткарышууда. Ошондуктан алардан Америкага каршы туруп, Европанын кийлигишүүсүн четке кагууну, Европа менен Америкага: «Бул биздин аймагыбыз! Бизден кеткиле! Биз силердин бул жерде болушуңарды жана иштерибизге кийлигишүүңөрдү каалабайбыз!» — деп айтууну, ошондой эле Палестинаны азат кылуу жана анын калкына жардам берүү үчүн жихад жарыялоону күтүүгө болбойт.

Муну Ислам менен иззат тапкан, аны өзүнө мабда кылып алган, аны турмушта колдонууга жана бүткүл дүйнөгө жеткирүүгө киришкен адам гана жасай алат. Бул болсо Аллахтын уруксаты менен пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тикеленгенде сөзсүз ишке ашат. Аллах Өз динине жардам бергендерге берген убадасын эч качан бузбайт.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button