Батыш жээк жанар тоонун оозунда!

Батыш жээк жанар тоонун оозунда!
Шаарлар менен айыл-кыштактарга басып кирүү, үйлөрдү тинтүү, камакка алуулар, үй эмеректерин талкалоо жана коменданттык саат киргизүү; тосмолорду орнотуу, жолдорду жабуу жана жерлерди тартып алуу; отурукташып алгандардын кол салуулары, мал–жандыктарды уурдоо, эгин-талааларды өрттөө жана кыйратуу; отурукташкандарга каршы туруп, үй-бүлөсүн, мал-мүлкүн жана өз жанын коргоого аракет кылгандарды өлтүрүү, сабоо жана кордоо; үйлөрдү бузууну жана жерлерди басып алууну мыйзамдаштырган сот чечимдери менен кнессеттин мыйзамдары, үйлөрдү бузуу жана тургундарды күч менен көчүрүү… Батыш жээктеги окуялардын башкы темалары күнү-түнү ушундай окуялар менен коштолууда. Ал тургай кээде булардын бир канчасы бир эле сааттын ичинде болуп жатат!
Бул окуялар менен кабарларга көз салып турган адам болуп жаткан нерселер яхудий түзүмүнүн саясатчыларынын багытынын иш жүзүндөгү көрүнүшү экенин ачык көрөт. Анткени Батыш жээк боюнча яхудий түзүмүнүн жана анын улутчул, ошондой эле тооратчыл улутчул партияларынын көз карашы эч кимге жашыруун болбой калды. Алардын жетекчилеринин, айрыкча Бен Гвир менен Смотричтин билдирүүлөрү ачык-айкын жана түз айтылып келет. Бул билдирүүлөр Нетаньяху башында турган оңчул коалициянын калкалоосу астында айтылып, ишке ашырылууда. Нетаньяху болсо Трамп жана Батыштын лидерлери менен болгон жолугушууларында Ливан, Сирия, Иран жана Түркия жөнүндө сүйлөп калды. Анын мамилесинен Батыш жээктин маселеси тышкы саясаттын деңгээлинде же премьер-министрдин жолугушууларында талкууланбайт, тескерисинче, бул маселе анын айланасындагы кан төгүүгө суусаган жана элди көчүрүүгө ашыккан бир топ министрлерге тапшырылгандай таасир калтырууда.
Яхудий түзүмүнүн ырааттуу жана улам күчөп жаткан саясатынын, ошондой эле азыркы коалициянын натыйжасында Батыш жээк бири-биринен бөлүнгөн майда аймактарга, обочолонгон райондорго, жетүүгө мүмкүн болбогон жерлерге, түшүмүн жыйноого уруксат берилбеген айдоо аянттарына жана бузулуу коркунучунда турган үйлөргө айланды. Алардын айрымдары болсо эл алып чыга албай калган үй эмеректери менен аралашкан урандыларга айланып калды. Батыш жээк каргашалуу Осло келишимине ылайык берекелүү жердин 22%ын түзгөн болсо, яхудий түзүмүндө кабыл алынган жаңы мыйзамдар жана жоболор боюнча ал 9%дан да аз аймакка чейин кыскарды. Ал тургай үйлөрдү бузуу жана жерлерди тартып алуу «А» жана «Б» деп аталган аймактарга да өттү. Негизи булар Палестина администрациясынын көзөмөлүндө калган 9% аймак болушу керек эле.
Батыш жээкке болгон коркунуч чыныгы коркунуч. Анткени Батыш жээк эч качан яхудий түзүмүнүн саясаттарынын сыртында калган эмес. Тескерисинче, ал ар дайым негизги маселелердин бири болуп келген. Мурда түзүм негизделгенден тартып аны жетектеп, ондогон жылдар бою саясатын аныктаган Эмгек партиясынын көз карашында Батыш жээк эч качан баш тартууга мүмкүн болбогон тар стратегиялык тереңдик катары эсептелчү. Ошондуктан Бен Гуриондон тартып Рабин жана Переске чейинки ошол саясий агымдагы бардык яхудий жетекчилери Батыш жээкти өз түзүмүнөн ажырата турган бардык долбоорлорго, анын ичинде «эки мамлекет» долбооруна тоскоолдук кылышкан. Ал эми Батыш жээк оңчул улутчул же секулярдык партиялардын көз карашында яхудий түзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана андан баш тартууга болбойт. Тооратчыл жана диний улутчул партиялардын көз карашында болсо ал эң маанилүү делген ыйык жайлар жана тоораттык диний макамга ээ шаарлар жайгашкан ыйык жер болуп саналат. Алардын башында Кудс, Халил, Наблус жана Ариха турат. Алардын түшүнүгүндө бул шаарлар Хайфа, Яфа жана Аккадан да ыйык жана маанилүү. Атүгүл алардын айрымдары мамлекеттин түзүлүшү Батыш жээкти, башкача айтканда, өздөрү «Яхуда жана Самира аймактары» деп атаган 1967-жылы басып алынган жерлерди толук көзөмөлгө алгандан кийин гана аяктайт деп эсептешет.
Мурда бул коркунучту Американын басымдары жана көп учурда яхудий түзүмүнүн саясаттары менен багыттарына тоскоол болгон экономикалык, саясий жана коопсуздук тармагындагы «кызыл карталар» чектеп турган. Бул алардын саясий эсептерине жана партияларына таасир берип, Батыш жээкке байланыштуу чоң саясаттар менен долбоорлорду ишке ашырууда бири-биринин ашынган аракеттерин токтотуп турчу. Ошондуктан алар акырындап отурукташуучулардын жайылышын рак сыяктуу кеңейтүү жана акырындык менен жаңы вакыйлыктарды таңуулоо саясатын артык көрүшчү. Муну аймактагы саясий жана аскерий окуялардан, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдөн, ошондой эле Америкадагы шайлоолордон жана алардын жыйынтыктарынан пайдаланып жүргүзүшчү. Бирок яхудий түзүмүндө улутчул жана тооратчыл улутчул партиялар бийликке келгенден кийин жана 2023-жылдын 7-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин болуп жаткан ири окуялардын фонунда бул коркунуч бир нече эсеге күчөдү. Басымдар дээрлик жоголду, «кызыл карталардын» таасири алсырады, натыйжада коркунуч өтө жакындап, абал өтө кооптуу болуп калды.
Палестина администрациясы көп жылдан бери элди жакырлантуу, Батыш жээкти экономикалык, саламаттык сактоо, билим берүү жана ахлакый жактан алсыратуу менен алек болуп, ансыз да оор болгон турмушту дагы да кыйындатып жаткан кезде, баскынчы яхудий түзүмү Батыш жээкке миңдеген көчмөндөрдү алып келип, аларды он миңдеген автоматтык мылтыктар менен куралдандыргандан кийин аларды курал колдонууга машыктыруу менен алектенип жатты. Мунун баары арабдарды өлтүрүү, аларды күч менен көчүрүү жана алардан арылуу зарылдыгын жайылткан кылмыштуу фикрий үгүт менен коштолууда. Ошондой эле бул багытты иш жүзүнө ашыруу үчүн Рамалла, Халил, Наблус жана башка айыл-кыштактарда ушундай кылмыштардын чакан сценарийлери аткарылууда. Ошентип, расмий армиядан кем эмес, атүгүл андан да мыкаачы көчмөндөр армиясын түзүү иши күчөтүлүп жатат. Бул армия 1948-жылы кыргындарды жасаган «Хагана» жана «Иргун» топторунун үлгүсүндө болуп, ошол кандуу тарыхты кайра кайталоого ашыгып турат.
Мына ушул көчмөндөр армиясын көзөмөлдөгөн партиялар, алдыдагы шайлоодон кийин өкмөт түзүү үчүн Нетаньяху муктаж болгон партиялар, Батыш жээк маселесин кылмыш жасоого суусаган шайлоочуларын өзүнө тартуучу негизги темага айлантып жатышат. Алар шайлоодон кийин Нетаньяхунун өздөрү менен коалиция түзүү үчүн келерин күтүп, ошол күнү анын алдына өздөрүнүн негизги долбоорлорун, анын ичинде Батыш жээкти аннексиялоо, элди күч менен көчүрүү жана «эки мамлекет» долбоору жөнүндө маалымат каражаттарында жана саясатта айтылып келген бардык сөздөрдү толугу менен токтотуу долбоорлорун коюуну көздөшүүдө. Анткени бул долбоорду алар иш жүзүндө жер бетинде эле жокко чыгарып бүтүштү. Нетаньяху да муну көптөн бери кыялданып келген. Бирок анын бул кыялына жергиликтүү деңгээлде үч миллион мусулмандын демографиялык маселеси жана административдик жүгү тоскоол болуп келген. Аймактык деңгээлде болсо «эки мамлекет» долбооруна негизделген араб макулдашуулары, ал эми эл аралык деңгээлде Американын каршы ветосу бөгөт болуп турган. Эми болсо ал текебер адам Батыш жээктин келечеги, анын алдыдагы тагдыры жана элинин келечеги жөнүндө мурдагыдан да тайманбай сүйлөй баштады.
Батыш жээктин эли үчүн убакыт улам түгөнүп баратат. Анткени кылмышкер яхудий түзүмү саткын администрациянын жана анын бузук жетекчилеринин көмөгү менен жүргүзүп жаткан ыктыярдуу көчүрүүдөн аман калгандар эми түзүмдүн армиясы жана көчмөндөрү тарабынан Батыш жээктин ичинде же анын сыртында күч менен көчүрүлүү коркунучуна туш болуп жатышат. Мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучу режимдердин каршылык көрсөтүшүнө үмүт артуу куру кыял. Американын ветосуна, саясий эсептерге, мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана долбоорлоруна таянуу болсо, айрыкча азыркы өзгөрүүлөрдүн шартында, өтө кооптуу тобокелчилик болуп саналат. Ал эми яхудий түзүмүндөгү шайлоого үмүт артуу – акылга сыйбаган иш. Муну, айрыкча чек аралаш өлкөлөрдөгү Мисир, Сирия, Иордания жана Ливандагы саясатчылар, аскерлер жана карапайым эл түшүнүшү керек. Анткени мурда Батыш жээкке болгон коркунуч алар үчүн келе жаткан коркунучтун белгиси деп айтылып келсе, азыр болсо алардын өз өлкөлөрүндөгү коркунуч Батыш жээктеги коркунучту дагы күчөтүп жатканы айтылууда. Айрыкча Түштүк Ливандан болжол менен бир миллион адамдын көчүрүлүшүнөн, Дамаскка карата ачык аскерий коркутуулардан жана Сириянын түштүгүндөгү айылдарга жасалган басып кирүүлөрдөн кийин бул дагы даана көрүнүп калды. Ошондуктан саясатчылар аскерий кыймылга түрткү бере турган, абалды түп-тамырынан өзгөртө турган ар кандай саясий аракеттерге кошулушу керек. Аскерлер болсо кырдаалды сактап калуу үчүн дароо аракетке өтүп, ушул этаптын урааны катары баш ийбөөнү кабыл алышы керек. Ал эми карапайым эл саясатчыларды колдоп, аскерлерге басым жасап, Батыш жээктеги жана жалпы Палестинадагы бир туугандарын, ошондой эле өздөрүн жана өз өлкөлөрүн куткарууга аракет кылышы шарт.
Роя гезити
Мумин Абдуллах.




