Сауд Арабияда окуу китептеринен «сионисттик душман» деген термин алынды

Сауд Арабияда окуу китептеринен «сионисттик душман» деген термин алынды
IMPACT-se уюмунун изилдөөсү ачыктагандай, Сауд Арабиясы окуу китептерине өзгөртүүлөрдү киргизип, «Израилге» байланышкан айрым терминдерди алып салды. Изилдөөгө ылайык, окуу материалдарынан яхудийлерге каршы айрым билдирүүлөр алынып салынган. Мисалы, окуу китептеринин биринде мусулмандар «Иерусалимден эч качан баш тартпайт» деген сөз колдонулбай калган.
«Израилге» карата колдонулган терминология да өзгөргөн. Айрым бөлүмдөрдө «сионисттик душман» деген түшүнүк «Израилдин оккупациялык режими» деген сөз менен алмаштырылган. Ошондой эле айрым карталарда «Израил» менен Палестинанын аймактык белгиленишине өзгөртүүлөр киргизилген.
Буга чейин чейин да Сауд Арабия режими окуу китептериндеги материалдарга бир топ өзгөртүүлөрдү жасап келген. 2020–2021-жылдардагы окуу программасынан мусулмандар менен яхудийлер ортосунда согуш сөзсүз болору жана анда мусулмандар яхудийлерди жеңери жөнүндөгү хадис алынып салынган. Сионисттик күчтөр акча, аялдар жана баңгизат аркылуу өз максаттарына жетүүгө аракет кылат деген текст окуу китептеринен чыгарылган.
Мындан тышкары, Курандагы «Аль-Бакара» сүрөсүндөгү Муса пайгамбардын элине окшошторго карата эскертүүнү камтыган аятты чечмелөөгө арналган бүтүндөй бөлүм окуу китептеринен алынып салынган.
Ошондой эле жихадды даңазалаган «Аллахтын жолундагы жихад — Исламдын туу чокусу» деген сөздөр окуу китебинен чыгарылган. Муну менен катар Курандагы «Ат-Тауба» сүрөсүнүн 41–68-аяттарын окуткан бүтүндөй окуу бөлүмү да алынып салынган.
Бул өзгөртүүлөр Сауд Арабия режими акыркы бир нече жылдан бери жүргүзүп келе жаткан модернизация багытынын алкагында алып барылууда. Ибн Салман бийликке келгенден тартып өлкө калкынын динине жат болгон түшүнүктөрдү таңуулап, ал эми Исламдын түшүнүктөрүн жок кылууга аракет кылып келет. Бул үчүн ар кандай бузуку фестивалдар уюштурулуп, элдин түшүнүгүн өзгөртүүгө аракеттер жасалууда.



