Басма сөз

Рамисадан баштап Эпштейндин курмандыктарына чейин: Дүйнө Халифалык түзүмүнө муктаж

Басма сөз баянаты

Рамисадан баштап Эпштейндин курмандыктарына чейин: Дүйнө Халифалык түзүмүнө муктаж

Сегиз жашар Рамиса Актер мектепти жакшы көрчү, анын эч ким эч качан биле албай турган кыялдары бар эле. Ал кошунасынын үйүнө киргенде, зордуктоого кабылып, башы кесилген! Ал жөн гана хэштегден алда канча артык жоопко татыктуу.

Бангладеш нааразы, саясатчылар өлүм жазасын талап кылышууда, ал эми айрымдары Шариятты колдонууга чакырып жатышат, бирок аны иш жүзүнө ашыра турган системаны орнотууну каалашпайт. Шам жагуулар менен хэштегдер эч нерсеге алып келбейт жана алардын бири да кезектеги Рамисанын курман болушуна бөгөт коё албайт. Баары кайрадан кайталанат: жаш бала каза болот, коомдук пикир дүрбөлөңгө түшөт, лидерлер ачууланган түр көрсөтүшөт, мыйзамдар өзгөртүлөт, андан кийин кайрадан жымжырттык өкүм сүрөт. Кийин дагы бир кыз…

Биз денени пайда табуу үчүн товарга айландырган капиталисттик сакофатта жашап жатабыз. Порнография индустриясы миллиарддаган доллар киреше алып келчү булакка айланган. Капитализм гедонизмди, тагыраагы, ырахатты жашоонун эң жогорку максаты кылууга үгүттөйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, порнография адамдардын көз карашынын бузулушуна, агрессивдүүлүктүн өсүшүнө жана балдарга колдонулуучу курал катары кароонун кадимки нерсеге айланышына таасир этет. Сакофат ушундай мазмун менен азыктанганда, ортого жырткычтар чыгат.

Рамисанын өлүмүнө себепкер болгон жырткыч сакофат — бул элита арасында даңазаланып жаткан ошол эле капиталисттик гедонисттик сакофат. Жеффри Эпштейн жалгыз жырткыч эмес болчу, ал ондогон жылдар бою балдарды сексуалдык максатта сатуу тармагын башкарган. Мекемелер муну билген, ал эми таасирлүү адамдар буга көз жумуп келишкен. Дүйнөгө эркиндик жөнүндө сабак окуган либералдуу капитализмдин өзү эң жогорку деңгээлде балдарды сатуу менен алектенип келген. Рамиса Пуллабидеги тар батирдин ичинде болсо, Эпштейндин курмандыктары жеке аралдарда болушкан. Системалык ийгиликсиздик бирөө гана: балдарды каалоонун же пайда табуунун куралы катары гана көргөндүктөн, аларды коргой албаган капиталисттик гедонисттик сакофат.

Рамиса сыяктуу ар бир трагедиялык окуя жүз берген сайын, биздин «демократия» деп аталган системабыз сырткы көрүнүш үчүн гана адилеттикти сунушташы аныкталууда. Камакка алуу, соттоо, өлүм жазасына тартуу, андан кийин иш жабылат. Бирок коом баары бир корголбойт, анткени өлүм жазасын талап кылып жаткан ошол эле коом кылмышкерди тарбиялап чыгарган сакофаттан азыктанууну уланта берет! Динди турмуштан ажыраткан (светтик) капиталисттик система балдарды чыныгы коопсуздук менен камсыз кылбайт, жырткычтык мазмунду (контентти) тартипке салбайт, коомдук жоопкерчиликти орнотпойт, ал эми соттук териштирүүлөр жылдарга созулат. Капиталисттик демократиядагы мындай «реактивдүү адилеттик» (окуя болуп өткөндөн кийинки аракет) — бул жөн гана алдамчылык. Бир адамды өлүм жазасына тартып, бирок ошол эле сакофатты өзгөрүүсүз калтыруу адилеттик эмес, тескерисинче, маскаралык.

Эй адамдар! Биздин аялдарыбыз менен балдарыбызды коргой албай жаткан бул бузулган светтик системага чыныгы альтернатива издөөгө убакыт келген жокпу? 1300 жыл бою Ислам Халифалыгы толук башка жолду сунуштап келген. Бул уламыш эмес (анткени Ислам кылмыштуулук таптакыр жок болот деп ырастабайт), бул кылмыштуулуктун булактарын тамырынан дарылаган, кылмыш жүз берген учурда тез, чечкиндүү жана кадыр-барктуу адилеттикти орноткон система.

Кулдардын көзөмөлчүсү күң аялды бузукулукка мажбурлаганда, Халифа Умар (разияллаху анху) ал кишини камчы менен сабап, сүргүнгө айдоону буюрган жана жабырлануучуну жазалоодон баш тарткан, анткени ал мажбурланган болчу. Муну менен ал Исламда жоопкерчилик алсыздын эмес, бир гана кылмышкердин мойнунда экенин баса белгилеген. Ал эми 711-жылы Синд жериндеги Раджа Дахир тарабынан соодагерлердин кичинекей жетим кыздары туткунга алынганда, Аль-Хаджаж Мухаммад ибн ал-Касимдин жетекчилиги астында аскер жиберип, аларды куткарган жана ал аймакты фатх кылган. Ошондой эле, бир бала уурдалып, динин өзгөртүүгө мажбурланганда, Аббасийлердин халифасы Аль-Махди баланы кайтарып берүүнү жана уурдагандарды жазалоону буюрган.

Халифалык нааразычылык акцияларын же хэштегдерди күтүп отурган эмес, ал алсыз балдар үчүн армияларды кыймылга келтирген. Халифалык бузукулук көңүл ачууга айланбаган, аялдар менен балдар товарга айланбаган, порнография акыл-эсти уулабаган коомду курган жана бул мамлекет алсыздарды коргогон. Бир гана аялдын кыйкырыгы бүтүндөй бир армияны кыймылга келтирүүгө жетиштүү болгон. Айырма мына ушунда. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги убада кылынган рошид Халифалык жөн гана жазалоо системасы эмес, бул кылмыштын пайда болуу чөйрөсүн тамырынан жок кыла турган жападан-жалгыз система болуп саналат.

Хизб ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү

24.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button