Кабар

Нетаняхунун өтүнүчү Европаны экиге бөлүүдө

Нетаняхунун өтүнүчү Европаны экиге бөлүүдө

2026-жылдын апрель айынын ортосунда, Европа Биримдиги менен сионисттик түзүмдүн ортосундагы саясий кырдаал эң жогорку чегине келип жетти. Бинямин Нетаняху Ливандагы аскердик операциянын кеңейишине байланыштуу Европа өлкөлөрүнө шашылыш жардам сурап кайрылды. Бирок, ал күткөн жардамдын ордуна нааразычылык билдирүүлөрүнүн толкунуна туш болду.

Эң катуу жооп, Белгия тарабынан берилди. Белгия “Израил” менен түзүлгөн негизги соода келишимин токтотууну талап кылуу менен эле чектелбестен, өзүнүн позициясын иш жүзүндө билдире баштады. Тактап айтканда, ал Антверпен портунда “израил” армиясына багытталган ири өлчөмдөгү курал-жарак жүктөлгөн британ кемесин кармап алды.

Бул окуя, Европа Биримдигинин ичиндеги чоң жараканы ачыкка чыгарууда. 2000-жылдан бери, эки тараптын ортосунда “Евробиримдик-“Израил” Ассоциациясы” атуу келишим иштеп келет. Дал ушул документ учурдагы талашка себеп болууда. Бул келишим эки тараптуу мамилелердин экономикалык негизи болуп саналат: Европа Биримдиги, сионисттердин эң ири соода өнөктөшү жана алардын ортосундагы жылдык товар айлануу болжол менен 50 миллиард еврону түзөт. Бул келишим аркылуу «израил» Европа рыногуна жеңилдетилген шартта кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келет.

Келишимдин эң маанилүү бөлүгү, анын 2-беренеси. Анда, соода мамилелери адам укуктарынын сакталышы менен түздөн-түз байланыштуу экени так жазылган. Учурда Испания, Ирландия, Словения жана Белгия мамлекеттери «израилдин» Газа секторундагы жана Ливандагы аракеттери, бул беренени одоно бузуп жатат деген позицияда. Бул, Брюсселге келишимди толугу менен токтотууга чейин «тийиштүү чараларды» көрүүгө укук берет.

Саясий басымдан сырткары, коомдук басым да күч алууда: мамилелерди үзүүнү талап кылган европалык жарандык демилгеге учурда 1,1 миллиондон ашык адам кол койду.

Бирок Германия, Италия жана Венгрия өлкөлөрүнөн түзүлгөн топ, бул чечимди бөгөттөөгө аракет кылууда. Келишимди толугу менен токтотуу үчүн Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүнүн макулдугу талап кылынат. Германия адаттагыдай «израилдин» коопсуздугун мамлекеттик кызыкчылык катары эсептейт, ал эми Венгрия илгертен «израилге каршы» санкцияларды бөгөттөп келет.

Бул жагдай, Евробиримдикти туңгуюкка кептөөдө. Буга жооп катары, ЕБнын тышкы иштер боюнча Жогорку өкүлү Кая Каллас башка жолду сунуштады. Тактап айтканда, ал келишимди толугу менен эмес, анын жеңилдетилген, соода мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү болгон соода бөлүгүн гана токтотууну сунуштады. Мындай чара үчүн жалпы мүчөлөрдүн макулдугу шарт эмес жана өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн добушу жетиштүү. Андыктан, мындай ыкма Германиянын каршылыгын айланып өтүүнү жеңилдетет.

Ошол эле учурда, Белгия өз алдынча аракет көрүүдө. Оозеки коркутуулардан тышкары, Валлония жана Фландрия бийликтери «сезимтал товарлардын» бир партиясын тартып алышты. Алардын арасында америкалык Moog компаниясы тарабынан Белгиянын порттору аркылуу «израилге» транзит менен жөнөтүлгөн лазерлер, мээлөөчү каражаттар, ок атууну башкаруучу системалар жана аскердик учактардын тетиктери бар.

Бельгия өкмөтүнүн көз карашы боюнча, бул жүктөр 2025-жылы курал-жарактын жана кош максатта колдонулган технологиялардын транзитин тыюучу документине тийиштүү. Талдоочулардын пикиринде, Европа санкцияларга карай Брюсселдин бирдиктүү саясаты аркылуу «жогорудан» эмес, жеке мамлекеттердин улуттук соттору жана бажы кызматтары аркылуу «төмөндөн» жогору карай багыт алууда. Бул жагдай «израил» логистикасы үчүн башаламандыкты жаратууда.

Нетаняху үчүн бул коркунуч «жай тумчугуу» мүнөзүнө ээ: Германиянын позициясынан улам толук эмбарго киргизилбесе дагы, сионисттик түзүм «Горизонт Европа» илимий фондуна кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу жана Белгия, Нидерланд же Германиянын портторунда өтө маанилүү жүктөрдүн бажы чектөөлөрүнө туш болуу коркунучунда турат.

Бул жагдай европа багытын экономикалык жактан пайдасыз кылат, ал эми курал-жарак транзитин катышуучу өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын түздөн-түз бузбастан ишке ашырууну мүмкүн эмес абалга алып келет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button