Жер алмашуу – СССР саясатынын кесепеттери.

Жер алмашуу – СССР саясатынын кесепеттери.
Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны демаркациялоонун кезектеги этабын аяктап, тараптар өз ара тең салмактуу чек ара аймактарын алмаштырышты. Кыргызстандын курамына 2,5 миңге жакын калкы бар Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары өттү. Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт. Юридикалык жол-жоболор аяктагандан кийин, аталган аймактын жашоочуларына Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү убада кылынды.
Компенсация катары Өзбекстанга жалпы аянты 236 гектар баалуу жер тилкелери берилди. Бул жерлердин бир бөлүгү чек ара аймактарынын транспорттук байланышын чыңдоо үчүн жаңы автоунаа жолункуруугажумшалат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жер алмашуу боюнча демилге – Советтер Союзунун колониялык «бөлүп л да башкар» саясатынын натыйжасында келип чыккан жана илгери «мина» сыяктуу катылган көйгөйлөрдү чечүү аракети экени көрүнүп турат. Жер алмашуу конкреттүү тилкелердеги айрым ыңгайсыздыктарды жоюп, чыңалууну азайтууга жардам бергени менен, бирок ал маселенин түпкү себебин чечпейт. Бул аракеттер болгону калыптанып калган системага ыңгайлашуунун татаал дипломатиялык механизми. Ушундай эле ыкма менен Кыргызстан Казакстанга да жарандардын ички кыймылына олуттуу көйгөй жараткан айрым аймактарды алмашууну сунуштоодо.
Маселеге терең карай турган болсок, жерлерди алмашуу механизми көйгөйдү түп-тамырынан чечпейт, тагыраагы, бул ыкма болгону көйгөйгө ыңгайлашууну гана жаратат. Ушул сыяктуу ар кандай алмашуу жараяндары көп жылдык сүйлөшүүлөрдү, эки “эгемен мамлекеттин” кызыкчылыктарын тең салмактоону, жер тилкелерин юридикалык жактан тариздөө, юрисдикцияны өзгөртүү, жарандык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүнү талап кылат. Бул эл аралык мамилелерге тиешелүү болгондуктан, өтө татаал жана чыгымдуу процесс болуп саналат.
Ал эми бирдиктүү Ислам мамлекетинде жана бирдиктүү административдик жана саясий системанын алкагында мындай маселелер кыйла жеңил чечилмек. Ушул сыяктуу көйгөйлөр ички башкаруу милдети катары саналып, мамлекет бирдиктүү укук талаасына жана жалпы башкаруу институттарына ээ болгон абалда, ал өлкөлөр аралык сүйлөшүүлөрдүн зарылчылыгысыз эле ресурстарды бөлүштүрүүгө, административдик чек араларды оңдоого жана инфраструктураны өнүктүрүү ыйгарым укуктарына ээ болмок. Бул чыр-чатактар автоматтык түрдө жок болот дегенди билдирбейт, бирок бул көйгөйлөр эл аралык саясат чөйрөсүнөн мамлекеттик ички башкаруу чөйрөсүнө которулмак. Ал эми мындай шартта, көйгөйлөрдү чечүү куралдары адатта кененирээк жана ыкчам болот.
Эгерде бирдиктүү административдик жана саясий түзүм менен бирге Ислам идеологиясын толук ишке ашыруу шарттарын эске алсак, анда бул бардык тараптарды бириктирген жалпы идеологиялык же баалуулук негизин түзө алмак. Бул алдын ала эле мындай карама-каршылыктардын келип чыгуу ыктымалдыгын дээрлик жокко чыгармак. Жалпы максаттар, өнүгүү жана жакшы коңшулук тууралуу бирдей көз караштар, өзгөчө диний бир туугандык сезими ар түрдүү улуттардын бир аймакта чогуу жашоосун табигый түрдө жеңилдетип, «аймактык талаш-тартыш» деген түшүнүктү турмуштан биротоло алып салмак.
Абду Шүкүр




