Ливияда Америка сунуштаган чечим ийгиликке жетеби?!

Ливияда Америка сунуштаган чечим ийгиликке жетеби?!
Азыркы учурда Ливия саясий жана аскерий абалдын оор кризисин башынан кечирип жатканын айтып отуруунун кажети жок. Ушуга байланыштуу Трамптын Африка иштери боюнча кеңешчиси Массад Булос бул кризисти чечүү боюнча долбоор сунуштады. Бирок бул долбоор ички таасирдүү тараптардын айрымдарынан колдоо тапкан жок. Анткени ал алардын кээ бирлеринин кызыкчылыктарына каршы багытталган жана алардын таасирин азайтууну көздөйт. Ошондуктан алардын айрымдары бул долбоорго каршы аракетке өтүп, аны ишке ашырууга тоскоолдуктарды жарата баштады.
Мындай тоскоолдуктардын бири – Ливиядан Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясын чыгарып кетүүнү талап кылган жүрүштөр менен айрым башаламандыктар болду. Алар БУУнун миссиясын Ливия кризисинин чечилишинин кечеңдешине себепкер деп айыпташууда. Анткени алардын айтымында, дал ушул миссия маселени чечүү жолдорун өзгөртүп, буга чейин талкууланбаган жана жаңжалдын себеби болбогон жаңы маселелерди күн тартибине киргизип келет.
Чынында эле, БУУнун миссиясы чечүү жолдорун талкуулоо үчүн чогулткан көпчүлүк тараптарга күтүүсүздөн эч ким талап кылбаган жаңы бир пунктту милдеттендирип коёт да, талкуунун багыты өзгөрүп кетет. Демек, ал кризистин узакка созулушун каалагандар менен бирге аракет кылууда. Себеби, сахнаны Америка көзөмөлдөп турган шартта, кризистин созулушу Америка менен айрым Европа мамлекеттеринин кызыкчылыгына туура келет. Бирок азыр эл арасында БУУнун миссиясын өлкөдөн чыгаруу өзүнчө эле негизги максатка айланды. Анткени адамдар анын бул кризистеги ролун түшүнүп калышты. Америка бул миссияны кризистин өмүрүн узартуу үчүн колдонуп жатканы ачык көрүнүп калды.
Өлкөгө расмий документтери жок кирип жаткан африкалыктарды, башкача айтканда мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылгандардын чыгышы бул жагдайдагы жаңы көрүнүш болду. Натыйжада кара тери адамдарга каршы куугунтуктоо аракеттери орун алды.
Ошондой эле айрым тараптар муну пайдаланып, мындай аракеттерди шыктандырып жатканы байкалды. Мындан тышкары, БУУнун миссиясы Европа мамлекеттеринин кызыкчылыгы үчүн африкалыктарды Ливияга отурукташтырууга аракет кылып жатат деген айыптоолор кеңири жайылды.
Американын долбоору сыртынан караганда өлкөнү куралдуу топтордон жана өлкөдөгү бөлүнүүнү, ыдыроону күчөтүп жаткан саясий түзүмдөрдөн куткарууну көздөгөндөй көрсөтүлүүдө. Бул куралдуу түзүмдөрдүн ар бири мамлекеттин белгилүү бир мекемесин же маанилүү объектин көзөмөлдөйт. Мисалы, Борбордук банкты, Батыш Ливиядагы жалгыз аэропортту, деңиз портторун көзөмөлдөгөндөр бар. Айрымдары болсо бүтүндөй вилаяттарды же өлкөдөгү маанилүү муниципалитеттерди өз көзөмөлүндө кармап турушат. Ошондуктан бул долбоорго каршы чыккандардын айрымдары дал ушул азыркы абалдан пайда көрүп жаткан түзүмдөр болуп саналат.
Бул долбоорго бир аз ой жүгүртүп карасак, ал өлкөнү Батыштын, өзгөчө Американын агенттеринин үстөмдүгүнөн куткара турган чечим эмес экенин түшүнөбүз. Ал болгону адамдардын азабын убактылуу басаңдатуучу каражат жана өзгөчө саясий чөйрөдөгү адамдарды алдоо аракети гана. Балким, алар ушундай жол менен элди белгилүү бир убакытка чейин алдай алабыз деп ойлошот. Анткени Америка сунушталган долбоордо эки жылдык мөөнөттү белгилеп жатат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин болсо кризистин өмүрүн дагы да узарта турган жаңы айла менен чыгат. Ошентип, өздөрүнө баш ийген башка Ислам өлкөлөрүндөгү маселелерди чечүүгө жана абалы кооптуу болуп калган айрым агенттерин, мисалы Судандагы же Сириядагы агенттерин колдоого жетишүүгө аракет кылат.
Белгилүү болгондой, Ливиядагы ички абал барган сайын оорлоп баратат. Айрыкча эл БУУнун миссиясы айрым Европа мамлекеттери менен кызматташып, Ливияны «мыйзамсыз миграциянын» борборуна айландыруу аракетин жасап жатканын аңдай баштагандан кийин абал дагы курчуду. Ошол эле учурда Борбордук Африкадан келген мигранттардын саны көбөйүп, эл арасында расисттик маанай күчөп жатат. Бул өз кезегинде бир нече тараптын кызыкчылыгына кызмат кылууда. Мындан тышкары, коомдун кызыкчылыгын коргоп жаткандай көрүнгөн айрым адамдар башаламандык толкунунан пайдаланып калууга аракеттенишүүдө. Ошондой эле бир топ активисттер БУУнун миссиясы мигранттарды отурукташтыруу жана өлкөдөгү кризисти чечүүгө жол бербей аны узартуу долбоорлорунда шектүү роль ойноп жатат деп айыптап, аны өлкөдөн чыгарып салууну талап кылып жатышат.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө Ливия Америка сунуштап жаткан уулуу чечимдер баскычынан өтүп жатат. Америка бул чечимдер аркылуу абалды убактылуу тынчтандырууну жана анын аскерий жарылууга айланып кетишинин алдын алууну көздөөдө. Анткени Американын көз карашында азыркы учурда аскерий кагылышуу болуп кетсе, кырдаал көзөмөлдөн чыгып, аны башкаруу өтө кыйын болуп калат.
Ошондуктан Америка сыртынан кризисти чечүү долбоорун сунуштап, анын эң маанилүү пункттарын төмөнкүдөй белгиледи:
Хафтардын «Башкы командачылыгы» мекемесин жоюу.
Үч аскерий аймак түзүү:
Бенгази аскерий аймагы – жетекчиси Халид Хафтар.
Түштүк аскерий аймагы – жетекчиси Али Кинна. Ал мурдагы режимдин калдыктарына жакын эсептелген эски офицер.
Батыш Ливия аскерий аймагы – Абу Курейнден Тунис чек арасындагы Рас-Жадирге чейин. Жетекчиси генерал ан-Намруш.
Жаңы коргоо министрин дайындоо.
Өлкөнүн чыгышындагы өкмөттү жоюп, анын министрлерин Абдулхамид ад-Дабайбанын өкмөтү менен бириктирүү.
Саддам Хафтарды азыркы учурда Мухаммад аль-Манфи жетектеп турган Президенттик кеңештин төрагалыгына дайындоо. Элге болсо ал өлкөнүн башкаруучусу катары көрсөтүлөт.
Чыгыштан киргизилген министрлер менен толукталган Абдулхамид ад-Дабайбанын жаңы өкмөтүнө парламенттик жана президенттик шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин 24 айлык мөөнөт берүү.
Шайлоолордон кийин Өкүлдөр палатасын жана Жогорку мамлекеттик кеңешти таратуу.
Мындан тышкары, Борбордук банк жана Улуттук мунай мекемесине байланыштуу дагы бир катар пункттар бар. Бирок алар жергиликтүү жаңжалдын негизги маселелери болуп эсептелбейт. Бул долбоорго Президенттик кеңештин төрагасы Мухаммад аль-Манфи, ошондой эле Жогорку мамлекеттик кеңештин төрагасы Халид аль-Мишри жана Тобруктагы парламенттин төрагасы Акила Салих дароо каршы чыгышты.
Ошондой эле өлкөдөгү айрым саясий ишмерлер да ага каршы болушту. Алардын бири – Демократиялык партиянын («Ихван») төрагасы Мухаммад Саван. Ал бул долбоор жөнүндө: «Бул – жогору жакта түзүлгөн бүтүм», – деди. Ошондой эле Массад Булостун долбоору тууралуу узун комментарийинде аны «саясий сахнаны кайрадан тартипке келтирүүгө багытталган шашылыш бүтүм» деп мүнөздөдү.
Белгилүү серепчи Мухаммад Махфуз өзүнүн комментарийинде мындай деди: “Ошондуктан көптөгөн саясий күчтөрдүн каршы реакциялары пайда болду. Бул долбоорду учурдагы абалдан пайда көрүп жаткан күчтөрдүн бир бөлүгү четке какты. Алардын арасында Акила Салих жана анын парламентиндеги Батыш, Түштүк жана Чыгыш аймактарынан шайланган депутаттар, ошондой эле Жогорку мамлекеттик кеңештин, Президенттик кеңештин мүчөлөрү жана ар түрдүү саясий элитанын өкүлдөрү менен партиялар бар”.
Бул долбоорду сындоого жергиликтүү телеканалдар, мисалы, «Ливия аль-Ахрар», ошондой эле эл аралык каналдар, анын ичинде «Аль-Жазира» да өз берүүлөрүндө кеңири орун беришти. «Аль-Жазира Нет» «Күчтүүлөрдүн өнөктөштүгүбү же учурдагы абалды бекемдөөбү?» деген аталыштагы макаласында америкалык демилге иш жүзүндө азыркы таасир аймактарын мыйзамдаштырууга жана бийликти Ливиянын чыгышындагы Хафтардын үй-бүлөсү менен батышындагы ад-Дабайбанын үй-бүлөсүнүн ортосунда бөлүштүрүүгө багытталган реалдуу саясий келишимди таңуулоону көздөп жатканын белгилеген.
Ал эми «Араби Пост» сайты «Булостун демилгеси Хафтар менен ад-Дабайбанын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда бийликти кайра бөлүштүрүү боюнча келишимге айланып калабы?!» деген аталыштагы кеңири баяндамасында шайлоого чейин эле чыгыш менен батыштын таасирин бириктирген жаңы башкаруу формуласы боюнча жашыруун жолугушуулардын көшөгө артындагы жагдайларын ачыктады.
Ошондой эле эл аралык жана италиялык басылмалар, анын ичинде «Жаш Африка» журналы Римде эки тараптын негизги өкүлдөрүнүн катышуусунда жашыруун жолугушуулар өткөнүн ачыктады. Алар тактап айтканда, өкмөт башчысы Абдулхамид ад-Дабайбанын аталаш тууганы жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ибрахим ад-Дабайба менен Чыгыш Ливиядагы куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын уулу Саддам Хафтардын жолугушуулары болгон.
Басма сөздөгү маалыматтар бул саясий келишимдин негиздерине токтолуп, америкалык сунуштар ашкере прагматизмге жана жердеги реалдуу күч борборлору аркылуу туруктуулукту башкаруу логикасына негизделгенин белгилешти. Ошондой эле алар эки тараптуу түз сүйлөшүүлөргө жана саясий процессти каржылык жана аскерий жактан эң күчтүү эки фигура – Ибрахим ад-Дабайба менен Саддам Хафтарга гана кыскартууга таянып, Жогорку мамлекеттик кеңеш менен Өкүлдөр палатасынын ортосундагы талаштарды айланып өтүүнү көздөөрүн, ошондой эле экономика менен мунай тармагын негизги кирүү чекити катары кабыл алышарын белгилешти. Бирок бул сүйлөшүүлөр учурдагы күчтөрдүн арасында бир катар каршылыктарды жаратты. Ошондуктан Американын бул долбоору да мурдагы долбоорлор сыяктуу ийгиликсиз аякташы ыктымал. Ошондуктан өлкөдөгү бири-бирине карама-каршы жана душман күчтөрдү бириктире ала турган идеялык негизди табуу зарыл. Мындай душман күчтөрдү бириктире ала турган негиз Исламдан башка эч нерсе боло албайт. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الإِسْلَامِ دِيناً فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ﴾
«Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын «дини» Алланын алдында) эч качан кабыл кылынбайт». (Али Имран: 85).
Роя гезити
Устаз Ахмад аль-Мухаззаб




