Сүткорлук үстүнө сүткорлук

Сүткорлук үстүнө сүткорлук
Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасында элге кайрылып, Министрлер Кабинети жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырганын ачыктады. Ошондой эле ал ушул баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу оңой эле сатып алууга болорун жана салынган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылып, жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турарын билдирди.
Жапаров бул элдин каржылык абалын жакшыртууга жана өлкөнүн өнүүгүсүнө салым кошкон демилге экенин айтып, аны колдоого чакырды.
Комментарий: ушул сыяктуу кабарлардан, бийлик мамлекеттин карызын көбөйтүүнү өжөрлүк менен улантып, ал тургай, мамлекеттик карызды көбөйтүү үстүндө жарышып жаткандай көрүнөт. Себеби кече эле, тагырагы 16-июнда өткөн Жогорку Кеңештин бюджет, финансы, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 2026-жылы бийлик 1,9 миллиард доллар өлчөмүндө кредит алууну пландап жатканы билдирилген эле.
Бул аздык кылгандай, эми, минтип Жапаров элди жылдык 17 пайыздык чен менен мамлекеттин баалуу кагаздарын сатып алууга үндөп жатат. Бул сүткорлукту алууну жеңилдетүү үчүн мобилдик тиркеме ишке киргизилип жатат. Арийне, бул мамлекеттин ички карызынын көбөйүшүнө алып келет. Ошентип ичка жана тышкы карыздар улам көбөйүп, мамлекеттин жалпы карызы рекорддук деңгээлге жетиши күтүлүүдө.
Эске салсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз дээрлик 9 млрд долларга жеткен. Анын 60 пайызы тышкы карыз болсо, 40 пайызы ички карыз. Ошол эле учурда, 2025-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 70 млрд сом жумшалган.
Көрүнүп тургандай, 2025-жылы мамлекеттик карызды тейлөө үчүн эле 70 млрд сом сарпталган. Мындан улам, бийлик канчалык көп кредит алса, мамлекеттик карызды тейлөө каражатынын көлөмү да ошончолук көбөйүп бара берет. Бул болсо өлкөгө, тагырагы катардагы адамдардын мойнуна оор жүк болуп түшөт.
Андан тышкары, башка өлкөлөрдөн же уюмдардан алынган кредиттердин экономикалык гана таасирине көңүл буруу тобокелчиликтердин жалпы сүрөтүн чагылдырбайт. Себеби, бул кредиттерди берип жаткан ошол өлкө же уюмдар өзүнүн шарттарын милдеттендирет, көп учурда бул шарттар саясий өңүттү да камтыйт. Андыктан, бийлик тарабынан алынып жаткан кредиттер өлкөнүн суверенитетине таасир кылары шексиз.
Бул кредиттер жана мамлекеттин баалуу кагаздар боюнча милдеттеменлери өлкөнү карызга батырып гана калбастан, башка экономикалык терс жагдайларга да алып келүүдө. Маселен, бүгүнкү күндө кредиттер жогору инфляцияга алып келген факторлордун бири болуп калды. Учурда КМШ өлкөлөрү арасында Кыргызстан инфляциясы эң жогорку өлкө болуп эсептелет. Бирок бийлик бул сүткорлуктун акыбетине маани бербестен, аны көбөйтүп, ал тургай аны алууну жеңилдетип жатат. Элди үгүттөп массалык түрдө сүкорлук менен шугулдануусуна жол ачууда.
Ал эми Исламда сүткорлук кескин четке кагылган, жаман көрүнүштөгү амал болуп саналат. Ислам сүткорлукту арам кылган. Жада калса аны Аллахка жана Анын Пайгамбарына каршы согуш баштоого теңеди. Аллах Таала айтат:
﴿يا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ + فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لا تَظْلِمُونَ وَلا تُظْلَمُونَ﴾
«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, сүткорлук саркындыларын таштагыла. Эгер (сүткорлукту таштабасаңар) кылбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту билип койгула! Эгер (сүторлукту таштап) тообо кылсаңар, мал-мүлкүңөр өзүңөргө — залим да, мазлум да болбойсуңар». [2:278-279].
Биз, мусулмандар катары, Ислам негизинде жашап, анын өкүмдөрүн аткарууга жоопкербиз. Жашоодо адашпастан, туура жолдо болуп, ийгиликтерге жетүүбүз үчүн Исламды кармануубуз шарт. Бул дүйнө жашоосу менен акырет бири-бирине тыгыз байланышкан. Тагырак айтканда, бул дүйнөдө Исламды кандай карманганыңа жараша акыретиң ошондой болот. Андыктан, бул сүткорлук амалдар экономикалык кризистерге, көз карандылыкка гана кептебестен, мусулмандар күнөөгө батып, акыретте жазага ылайык болуусуна алып келет.
Харун Абдулхак




