Кабар

Коштошуу

Коштошуу

Даъватты көтөрүп чыккан бир тууганыбыз УТАНОВ АВАЗБЕК СЕЙИТБЕКОВИЧ дүйнөдөн кайтканын өкүнүү менен кабарлайбыз.

إِنَّا لِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Бурадарыбыз 1966-жылы 25сентябрда Өзбекстандын Наманган облусунда карапайым үй-бүлөдө туулган. Кыргызстанга 1994-жылдары Жалал-Абад облусунун Аксы районун Кызыл-Жар айлына көчүп келген. Бир уул бир кыздын атасы. Авазбек дыйканчылык, жана өкмөттүк иштерде кызмат кылган 1998-жылдары Хизб пикирлери менен таанышып, аны өмүрүнүн акырына чейин карманды. Ден соолугун начарлыгына, кыйналганына карабастан алган пикирлеринен кайтпай, Аллахтын өкүмдөрүн аткарууда бекем турду. Ага 2002жылы бийлик жалганжалаа менен кылмыш ишин токуп, бурадарыбыз 5 жылга абакка камалды. Ден соолугу начарлап, өпкө, астма оорулары күчөгөндүктөн, 2 жылдан кийин азаттыкка чыкты.

Бурадарыбыз абактан чыккандан кийин да Аллахтын буйруктарын аткаруу амалдарын токтоткон жок. Даават иштеринде абдан активдүү болуп, батирде турганынан карабастан, аны Аллахтын жолундагыларга ар-дайым ачык кармады. Мындан улам, анын жамаат ичинде “Абу Аркам” деген лакап аты бар эле. Орган кызматкерлери бурадарыбызга кысымын тынымсыз уланткандыктан, Бишкекке 2012жылдары көчүп келди. Ал даават жүгүн бул жерде да токтотпостон, “Аркамдык” ишин улантты.

 Аллах үчүн жакшы көргөн бир тууганыбыз узак оорудан кийин 21-августта жума күнү көз жумуп, жума намаздан кийин аманат Ээсине тапшырылды. Аллах Талла бурадарыбыздын күнөөлөрүн кечирип, кылган жакшы амалдарын кабыл кылып, сурагын жеңилдетсин!

Инна лиллахи уа инна илайхи рожиъун.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button