«Куала-Лумпур 2026»: Светтик өкмөт Аллахтын каарына эми көңүл бурбай калды!

«Куала-Лумпур 2026»: Светтик өкмөт Аллахтын каарына эми көңүл бурбай калды!
Куала-Лумпур 2026-жылы өтө турган «Куала-Лумпур башкы сезону 2026» аркылуу Азиядагы дүйнөлүк музыкалык гастролдордун негизги борборуна айланууга даярданып жатат. Бул сезон жыл бою дүйнөлүк артисттердин 25 концертин камтыйт. Уюштуруучу компания болгон «Лайв Нейшн Малайзиянын» билдирүүсүнө ылайык, Малайзиянын борбору алты жерде дүйнөлүк артисттердин 25 концертин өткөрүп, Малайзиянын ичинен жана сыртынан келген 500 миңден ашуун күйөрманды тартууну көздөөдө.
Байланыш министри Фахми Фадзил 2026-жылдын 25-майында сезонду ачуу аземинде сүйлөп жатып мындай деди: «Куала-Лумпур башкы сезону быйылкы эң мыкты концерттерге жана шоуларга билет алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалангысы келген жарандардын чоң кызыгуусун жаратат деп күтүлүүдө».
Белгилей кетсек, кеңири сынга алынган суу жана музыка фестивалы жакында эле аяктаган. Ошондон кийин өкмөт мусулмандардын нааразылыгын басаңдатуу максатында Букит Бинтанг аймагын Куран окууларын жана Пайгамбарга ﷺ салават айтуу программаларын өткөрүү аркылуу «тазалоого» аракет кылган! Эми болсо өкмөт өзү кайрадан Куала-Лумпурду булгап жатат. Бул жолу бир эмес, жыйырма беш оор ыпластыкка даярданууда.
Бул секулярдык мабдадан келип чыккан демократиялык капиталисттик режимдеги тамырлашып кеткен бузукулуктун чыныгы көрүнүшү. Ал система өзүнүн негизги таянычы болгон “кумарга берилүү” жашоо образына ылайык, рахаттанууну «милдет» даражасына көтөрөт.
Капиталисттик мабдадан келип чыккан демократиялык режим адал менен арамдын чегине көңүл бурбайт. Анткени бул режимде ар кандай иш-аракеттин жалгыз түрткүсү материалдык пайда болуп саналат. Ушул негизде, арам иштер ири киреше алып келип турган шартта куфр режиминде бузукулуктун эшиктери кенен ачылып кала берет. Андан да жаманы, өкмөт тарабынан жасалган ар кандай арам иштерге эч ким унчукпай койсо, өкмөттөн жогорку айлык алган муфтийлер жана диний мекемелер аларды актап чыгышат. Натыйжада өкмөт кыпындай да өкүнүп койбойт, тескерисинче, жасаган олуттуу мыйзам бузуулары менен сыймыктанат.
Бул өлкө бузук башкаруучуларынын айынан ар кандай балээ-кырсыктарга кабылганына карабастан, алардын казынасы толуп турган убакта алар бул эскертүүлөрдү дагы эле этибарга алышпайт. Алардын эсеп-кысабында Аллах Субханаху ва Тааланын каары жок, анткени бүт көңүлү дүйнөлүк пайдага бурулган. Үммөттү тозок отунан коргой турган калкан болушу керек болгон бул башкаруучулар, тескерисинче, үммөттү кыйроо туңгуюгуна түртүүчү куралдардай аракет кылышууда. Алар бул өлкө Ахли Сунна вал-Жамаанын пикирлерин эң бекем карманган өлкө экенин жарыялап жаткан учурда, Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ачык каршы келген ондогон арам музыкалык концерттерди уюштурушууда!
«Куала-Лумпур башкы сезону 2026» иш-чаралары Газа дагы эле канга боёлуп турган учурда өткөрүлүп жаткандыгыандан да кайгылуу жана көңүл чөктүрүүчү жагдай. Бул өкмөт Газанын азап-кайгысына болгон бардык сезимин жоготконун көрсөтөт. Газа күнү-түнү кырылып жатканда, Малайзиянын ашкере шаан-шөкөттүү майрамдарга берилип кетиши кантип акылга сыят?! Чындыгында, бул өкмөт Аллахтын каарынан коркпой калгандан кийин сезимин, абийирин, уятын, такыбалыгын, ошондой эле Аллах жолунда жихад кылууга болгон каалоосун, айтор бардык жакшылыктарын жоготту. Аллахтын каарын улам-улам чакыруусу менен бул өкмөттү жек көрүүдөн башка эч нерсе калган жок.
Эй мусулмандар! Бул өлкөдөгү ашкере көңүл ачуу көйгөйү өзүнөн өзү пайда болгон жок. Ал Батыштан алып келинген түзүм жана жашоо услубунун натыйжасы болуп саналат. Бул система Ислам үммөтүн бузуу, алсыздандыруу жана эң башкысы аны өз дининен алыстатуу үчүн иштелип чыккан. Бул бузукулук концерттери Батыш мусулмандардын өлкөлөрүнө отургузган демократия деген жаман дарактын чириген мөмөлөрүнөн башка нерсе эмес. Ал эми мусулман башкаруучулары болсо бул даракты суугарып, багып жана коргоп жатышат. Ислам үммөтү түшүнүшү керек: бул дарак түп-тамыры менен жулунуп ташталмайынча, адамдарды кыйроого алып баруучу уулуу мөмөлөрдү бере берет.
Эй Мадани өкмөтү! Биз «Куала-Лумпур концерттер сезону 2026га» карата катуу каршылыгыбызды билдиребиз. Силер пландаган жана уруксат берген бардык бузукулук концерттерин жокко чыгарууну талап кылабыз. Анткени силердин бул иштериңер Аллах Тааланын каарынан башка нерсени алып келбейт. Эсиңерде болсун, бул өлкө каалаганыңардай алып пайдалана турган силердин жеке мүлкүңөр эмес. Бул өлкө Ислам үммөтүнүн мүлкү, ал эми бул жер Аллах Тааланын мүлкү. Ошондуктан аны өзүңөрдүн бузук каалоолоруңарга ылайык эмес, Аллахтын өкүмдөрүнө ылайык башкарууңар керек. Аллах Тааланын каарын чакыруу менен силер чындыгында Анын азабын чакырып жатасыңар. Бул дүйнөдө концерттериңер менен кыска мөөнөттүү жыргалга батышыңар мүмкүн, бирок акыретте силерди узак жана катуу азап күтүп турат.
Оо Аллах, Раббибиз! Сага күнөө кылып, адамзатты Сенин жолуңдан адаштырып жаткан бул өкмөттүн жоюлушун жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын көлөкөсүндө Ислам башкаруусу орношун тездет. Аамийин, ааламдардын Раббиси!
Абдулхаким Усман
Хизб ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий өкүлү
03.06.26




