Роя гезити

Курч билдирүүлөр менен геосаясий вакыйлыктын ортосунда: Түркиянын яхудий түзүмү менен мамилеси кайда багыт алууда?

Курч билдирүүлөр менен геосаясий вакыйлыктын ортосунда: Түркиянын яхудий түзүмү менен мамилеси кайда багыт алууда?

Түркиянын президенти Эрдоган яхудий түзүмүнө каршы курч билдирүүлөрүнүн жасап, «Убада кылынган жер» жөнүндөгү кыялдардан эскертип жана Түркиянын коопсуздугу Хатайдан эмес, Алеппо, Дамаск жана Бейруттан башталарын баса белгилөөдө. (Аль-Жазира, 10.06.2026). Ушундай учурда аймак сырттан караганда Анкара менен яхудий түзүмү сөзсүз боло турган кагылышууга даярданып, карама-каршы багыттарда бара жаткандай көрүнүштү тартуулоодо. Колдонулуп жаткан билдирүүлөр өзүнүн курчтугу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, өз ара айыптоолор кадимки пикир келишпестиктердин чегинен чыгып, аймактын келечеги тууралуу түшүнүктөрдүн кагылышуусу деңгээлине чейин көтөрүлдү. Бирок саясатты жалгыз гана сөздөр аркылуу эмес, мамлекеттин терең институттарынын багыты, аскерий альянстары жана узак мөөнөттүү геосаясий жайгашуусу аркылуу талдоо керек.

Мына ушул жерде негизги суроо жаралат: Эрдогандын билдирүүлөрү Түркияны яхудий түзүмү өзүнүн аймактагы негизги түркүктөрүнүн бири болушу үчүн күрөшүп жаткан системадан чыгара турган стратегиялык бурулушту чагылдырып жатабы? Же бул ички талаптар менен геосаясий жайгашуунун вакыйлыктары ортосундагы татаал карама-каршылыкты саясий башкаруунун бир көрүнүшүбү?

Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Пакистандан Булуң өлкөлөрүнө чейин созулган, курамына Түркия, Саудия, Египет жана Булуң өлкөлөрү кирген аймактык коопсуздук түзүмү тууралуу сөзүнөн болгону бир жума өткөндөн кийин бул сөз жүзүндөгү күчөгөн чыңалууну кандай түшүнүүгө болот? Ал түзүмгө кийинчерээк Иран менен яхудий түзүмү да 1967-жылдагы чек аралардын негизинде Палестина мамлекетин тааныган шартта кошулушу мүмкүн экендиги айтылган эле.

Бул суроого жооп берүү үчүн алгач анализдин эки башка деңгээлин айырмалоо керек: саясий билдирүү деңгээли жана мамлекеттин стратегиялык жайгашуу деңгээли. Көп учурда мамлекеттер сөз жүзүндө бири-бири менен кагылышып жаткандай көрүнгөнү менен, аларды бириктирген алкактардын ичинде кызматташуусун уланта беришет. Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы заманбап мамилелердин тарыхы бул парадокстун ачык мисалын чагылдырат.

Бул мамилелер Эрдоган менен башталган эмес жана эч качан жөн гана убактылуу дипломатиялык байланыш болуп келген эмес. Түркия яхудий түзүмүн расмий түрдө 1949-жылы тааныган. Андан соң 1952-жылы Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТОго) кошулган. Ошондон кийин миңдеген Пентагон адистери Түркияга келе баштаган жана алар менен бирге сырттан жасалма душмандарды ойлоп табуу аркылуу туруктуу даярдык абалын сактоого негизделген Вест-Пойнт аскердик академиясынын аскерий түшүнүгү да келген. Түркия ошондон бери Америка менен анын таасиринин ишенимдүү союздашы бойдон калууда.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында Анкара менен Тель-Авивдин ортосунда Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү аскерий кызматташтык окторунун бири түзүлгөн. 1996-жылы чалгындоо тармагындагы кызматташтыкты, аскерий машыгууларды, түрк аскердик техникаларын модернизациялоону жана биргелешкен машыгууларды камтыган кеңири коргонуу келишимдерине кол коюлган.

Бул жөн гана тактикалык жакындашуу эмес эле. Тескерисинче, ал Кансыз согуш аяктагандан кийин калыптанган аймактык түзүмдүн эки негизги түркүгү катары Түркия менен яхудий түзүмүн караган кеңири америкалык көз караштын чагылдырылышы болгон.

Жашыруун дипломатиялык отчеттор көрсөткөндөй, Ливандагы яхудий түзүмүнүн ишмердүүлүгүн координациялаган жана Моссад тарабынан Ливан багытын башкарууга дайындалган Ури Лубрани Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы коопсуздук келишимин түзүү жана калыптандыруудагы көрүнбөгөн негизги фигуралардын бири болгон. Ал Иран боюнча да адис болуп саналат жана 1990-жылы Рабин тарабынан Түркия багытына жооптуу кылып дайындалган.

Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы стратегиялык келишим аскерий кызматташтык боюнча жүргүзүлгөн узак процесстин жыйынтыгы болгон. Анын ичинде Сирия жана Иран менен чек аралардын боюнда тыңчылык жана тыңшоочу системаларды түзүү да бар эле.

Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы аскерий келишим Шимон Перестин доорунда Чиллер тарабынан түзүлгөн болсо да, Нетаньяху ага Сирияга каршы чакырык мүнөзүн берген. Ал Түркия менен Сириянын ортосундагы суу кризисинин күчөшүнөн пайдаланып, яхудий түзүмүндөгү терең мамлекеттин каалоосуна ылайык Сирияны алсыратууга аракет кылган. Бул жагдай сионисттик аскерий адабияттарда документтештирилген.

Ошол эле учурда яхудий түзүмү 2003-жылы Стамбулда өткөн конференцияда жарыяланган «Улуу Жакынкы Чыгыш» долбоорунун негизги таянычы болуп эсептелген. Бирок эң маанилүү суроо токсонунчу жылдардагы альянс мурдагы калыбында сакталып калган же калбаганында эмес. Негизги суроо — ошол альянсты түптөгөн түзүмдүк шарттар чындап эле жок болуп кеттиби? Жооп саясий риторика көрсөткөндөй анчалык ачык эмес көрүнөт. Анткени 2022-жылдын март айында яхудий түзүмүнүн президенти Ицхак Герцог Түркияга келип, Эрдоган аны кызыл килем менен тосуп алып, мамлекет башчыларына жана баатырларга көрсөтүлгөндөй деңгээлде кабыл алган.

Андан соң 2023-жылдын сентябрында Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан. Түркия президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушууда эл аралык жана аймактык маселелер, ошондой эле эки тараптын саясий жана экономикалык мамилелери жана палестина-яхудий жаңжалынын акыркы өнүгүүлөрү талкууланган.

Ошол жолугушууда Эрдоган тынчтык өкүм сүргөн дүйнө үчүн биргелешип иш алып баруунун зарылдыгын белгилеп, Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосунда энергия, технология, иновация, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармактарында кызматташуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айткан.

Ал тургай 2023-жылдын ноябрь айында Түркиянын энергетика министри Алпарслан Байрактар Тель-Авивге барып, энергетика жаатындагы кызматташтыкты талкуулашы пландалган болчу. Бирок «Акса ташкыны» окуялары бул процесстин улантылышына тоскоол болуп, анын пландарын үзгүлтүккө учураткан.

Кандай болгон күндө да Түркия дагы эле НАТОнун негизги мүчөлөрүнүн бири бойдон калууда. Анын коргонуу өнөр жайы ар кандай деңгээлде Батыштын технологиялык жана коопсуздук чөйрөсү менен интеграцияланган бойдон турат. Ошондой эле Түркиянын саясий жетекчилиги Атлантикалык альянсты өзүнүн улуттук коопсуздугунун негизги алкагы катары көрөрүн кайра-кайра баса белгилеп келет.

Кызыгы, Эрдогандын яхудий түзүмүнө каршы катуу билдирүүлөрү анын Америка президенти Дональд Трамптын Анкарада өтө турган НАТО саммитине катышуусун ачык кубатташы жана анын катышуусун бул кресттүүлөр альянсынын туруктуулугу үчүн маанилүү кадам катары баалашы менен бир мезгилге туура келди (Анадолу, 10.06.2026). Бул жөн гана протоколдук маселе эмес. Анткени геосаясатта мамлекеттердин чыныгы артыкчылыктары трибуналарда кандай сөздөрдү сүйлөшү аркылуу эмес, алардын баш аламандык жана кризис учурларында кайсы альянстарга бекем кармануусу аркылуу көрүнөт. Эгер Түркия Батыштын коопсуздук түзүмүнө берилгендигин баса белгилеп жатса, анда яхудий түзүмү Жакынкы Чыгышка карата Батыш стратегиясынын өзгөрбөс курамдык бөлүктөрүнүн бири бойдон кала берет.

Ошол эле учурда Түркиянын чалгындоо кызматынын башчысы Ибрахим Калын Газада болуп жаткан окуялардын баарын четке коюп, Мисирге сапар жасады. Эмнеге? Ал жерде ал ХАМАС кыймылы менен анын куралдарын тапшыруу маселесин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле ал Трамптын каршылык күчтөрүн куралсыздандыруу планы ишке ашырылса, Газада туруктуу тынчтык орнотууга жардам берет деп баса белгилеген («Аль-Йаум ас-Сабиъ», 09.06.2026).

Бул сөздөр менен аракеттердин ортосундагы ачык карама-каршылык бизди Эрдогандын акыркы билдирүүлөрүнө башкача көз караш менен кароого түртөт. Анткени бул билдирүүлөр сөзсүз түрдө яхудий түзүмү менен түздөн-түз тирешүүгө даярдыкты эмес, тескерисинче, өтө туруксуз аймактык чөйрөнү башкаруу аракетин чагылдырат. Анкара Сирияда, Ливанда жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү ачык тынчсыздануу менен байкап турат. Ал аймактык тең салмактуулуктун кайра түзүлүшү өзүнүн ордуна жана таасирине түздөн-түз таасир этерин жакшы түшүнөт. Ошондой эле Америка жаңжалды башкара албай калган учурда Иранга каршы согуш кандай нукка бурулуп кетишинен да кооптонууда.

Ошол эле учурда Түркия жетекчилиги түрк коомчулугу, ошондой эле исламий коомдук пикирдин кеңири катмарлары Газадагы согушту жана яхудий түзүмүнүн саясатын көз жаздымда калтырууга мүмкүн болбогон ахлакый жана саясий сыноо катары кабыл аларын да жакшы билет.

Мына ушундай жерде ички жана тышкы факторлор кесилишет. Элди кыймылга келтирүүчү билдирүү менен Газаны жана Ливанды колдоодогу аскерий алсыздык кесилишет. Мурда Сирияны жардамсыз калтыргандай эле, бүгүн да ушундай көрүнүш кайталанууда.

Ошондуктан яхудий түзүмүнө каршы катуу билдирүү түрк жетекчилигине исламий коомчулуктун нааразылыгын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Палестина маселесин жашыруун да, ачык да таштап жаткан шартта, атаандаш исламий күчтөрдүн бул маселени өздөрүнө гана таандык кылып алуусуна жол бербөөгө жардам берет. Мындан тышкары, Түркиянын аймактагы маселелердин коргоочусу катары образын бекемдейт. Бирок мунун баары Түркиянын эл аралык түзүм ичиндеги ордун аныктаган негизги түзүмдүк вакыйлыктарды сөзсүз өзгөртөт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, аймак кеңири масштабдагы жаңы альянстарды калыптандыруу этабына карай багыт алып бараткандай. Бул Батыш мамлекеттерин, айрыкча Американы, аймактагы ири күчтөрдү өз ара түгөтүүчү тирешүү абалында калтырбастан, аларды камтыган жаңы коопсуздук түзүмдөрүн издөөгө түртүшү мүмкүн.

Мындай шартта негизги суроо Анкара менен яхудий түзүмү бүгүн пикир келишпестикте турабы же жокпу деген маселе болбой калат. Тескерисинче, эртең алардын кызыкчылыктары «Ибрахимий Жакынкы Чыгыш» деген аталыштагы кеңири долбоордун алкагында кесилишеби же жокпу деген суроо маанилүү болуп калат.

Дал ушул өңүттөн караганда, эки тараптын бири-бирине каршы айткан катуу сөздөрү көрүнгөндөй анчалык маанилүү болбой калышы мүмкүн. Анткени тарых бизге мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин келечегин саясий ызы-чуу эмес, терең кызыкчылыктардын кайсы багытта жылып баратканы аныктай турганын үйрөтөт.

Азырынча бул кызыкчылыктар Түркиянын өзү таандык болгон эл аралык түзүмдөн чыгып кетүүгө багыт алганын көрсөтпөйт. Тескерисинче, алар Түркиянын ошол түзүмдүн ичиндеги ордун кайрадан сүйлөшүү жана кайра аныктоо аракетин көрсөтүп турат.

Дал ушул себептен улам, учурдагы согуштук кырдаалда мүмкүн эместей көрүнсө да, келечекте Түркия менен яхудий түзүмүнүн кызыкчылыктарынын кайрадан биригүү ыктымалдыгын Жакынкы Чыгыштын геосаясий эсептеринен чыгарып салууга болбойт.

Роя гезити

Инженер Висам аль-Атраш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button