Шаарлардын тозогу: капиталисттик режим калк жыш жайгашкан исламий шаарларда өрттү кантип тутандырууда?

Басма сөз баянаты
Шаарлардын тозогу: капиталисттик режим калк жыш жайгашкан исламий шаарларда өрттү кантип тутандырууда?
2026-жылдын 1-июнь дүйшөмбүгө караган түнү маалымат каражаттары Индонезиянын борбору Жакарта шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Кемайоран районунун Кебон Косонг аттуу калк жыш жайгашкан турак жай аймагында ири өрт чыкканын кабарлашты. Жакартадагы Кырсыктарды башкаруу агенттигинин расмий маалыматтарына жана ал жерде жүргүзүлгөн текшерүүлөргө ылайык, болжол менен 354 үй-бүлө, башкача айтканда 620дай адам турак жайсыз калды. Ошондой эле мектеп жашындагы 160тай бала түздөн-түз зыян тартты.
Бул конуш жакыр райондордун бири болуп, жыгачтан, фанерадан жана толкун сымал темир барактардан курулган. Анда болжол менен 250–304 жарым туруктуу турак жай бар. Бул шаардагы жакырлардын жүздөгөнү жерге ээлик кылуу тууралуу күбөлүккө ээ эмес, алардын колунда жергиликтүү кеңеште катталган административдик документтер гана (жеке күбөлүк жана үй-бүлөлүк карточка) бар. Ошондуктан, жүздөгөн адамдар бир түндүн ичинде эле баш калкалоочу жайсыз калганын айтууну ашкере баалоо эмес. Алар ондогон жылдар бою Кемайорандагы Башкаруу агенттиги көзөмөлдөгөн мамлекеттик жерде эч кандай мыйзамдуу менчик укугу жок расмий эмес тургундар катары жашап келишкен.
Жыргал турмуштан алыс болгон көптөгөн адамдар үй-бүлөлөрү жана балдары менен борбор калаага көчүп келип, акыры шаардык тозокто камалып калышты. Алар өрт коркунучу жогору болгон жакыр конуштарда расмий эмес сектордогу жакыр жумушчу күч катары жашашууда. Кеңири көз караштан караганда, алар 1980-жылдардан берки неолибералдык шаар өнүктүрүү долбоорунун курмандыктары болуп саналат. Бул шаарларды олигархиялык элитанын кызыкчылыгына кызмат кылган компанияларга айландырган, кийин болсо экономикалык өсүштүн кыймылдаткычына айланган «глобалдык шаар» багытынын натыйжасы. Жакартанын калкы 11 миллионго жеткен, ал ресурстарды соруп алган шаарга айланып, миллиондогон ички мигранттарды өзүнө топтоду. Кеңселерге, соода борборлоруна, кымбат турак жайларга жана заводдорго пайдаланылган шаардык жерлердин азайышы жер бааларынын акылга сыйгыс деңгээлде өсүшүнө алып келип, жаштардын үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпей калган «үйсүз миң жылдык муун» көрүнүшүн пайда кылды.
Бул өрт – жөн гана кырсык эмес, ийри түзүлгөн түзүмдүн апааты. Ал – ийгиликсиз экономикалык системанын жана Курандын көрсөтмөлөрүнөн капитал менен үстөк пайызды жогору койгон шаарды өнүктүрүү стратегиясынын натыйжасы. Маселени мындан да курчуткан нерсе – жерди башаламан пландоо, айыл менен шаардын ортосундагы тең салмаксыз өнүгүү жана тездик менен жүрүп жаткан шаардык кеңейүү болду.
Исламий шаарлар неолибералдык жана секулярдык капиталисттик өнүгүү моделдерин кабыл алууну уланткан сайын, Жакартанын миллиондогон тургундары, анын ичинде көптөгөн балдар да бул шаардык тозокто азап тартууну уланта беришет. Алар айылдагы жакырчылыктын жана Аллахтын шаар курууга байланыштуу өкүмдөрүн четке кагуудан келип чыккан шаардык экономикалык эксплуатациянын курмандыктары бойдон калышат.
Индонезия элин жана үммөт элдерин бул кайгылуу абалдан алып чыга турган жалгыз жол – нубувват минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө. Башкача айтканда, өз жарандарына камкордук кылган, Ислам шариатынын өкүмдөрүн толук колдонгон жана өзүнүн исламий милдетин түшүнүп, жарандарына татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоону жана аларды ар кандай зыяндан жана эксплуатациядан коргоону милдет деп билген халифа башкарган мамлекетти тикелөө.
Аллах Таала мындай дейт:
﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللّهِ حُكْماً لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾
«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучуким бар?!» (Маида: 50).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
15.06.26




