Кызга кол салган Кытай жараны кармалды

Кызга кол салган Кытай жараны кармалды
Ысык-Көл облусунун ИИМи 1980-жылы туулган Кытай жараны Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургунун сабап, кол салган деген шек менен кармалганын билдирди.
Эске салсак, жабырлануучу кыз милицияга кайрылып, Кытай жараны аны ур-токмокко алып, бетине түкүргөнүн билдирген. Кыз Ысык-Көлдө «Асман шаары» курулуш объектисинде котормочу болуп иштейт.
Анын айтымында, алгач бул Кытай жараны сүйлөшүүгө жана жакындашууга такай аракет кылып, мамиле түзүүнү сунуштап жүргөн. Кыз анын баарын четке каккандан кийин ал тарабынан кемсинтүүлөр, басымдар жана орой мамиле башталган. А түгүл, 15-июнда Кытай жараны кыздын бетине түкүрүп, аны ур-токмокко алган. Андан кийин кыз жерге кулап жатып калганда аны тепкелеп кирген.
Комментарий: бул ачыкка чыккан бир гана учур. Жарандарыбыз, өзгөчө кыздарыбыз кытайлардан дагы кандай кемсинтүүлөрдү, ур-токмокторду көрүп жатканы белгисиз. Көп учурда мындай окуялар жапты-жапты болуп ачыкка чыкпай кала берет. Себеби Кытай үчүн да, анын кредиттерине малынган бийлик үчүн да мындай окуялар эл арасында резонанс жаратышына каршы. Себеби алар үчүн адамдын кол тийгистик укугу эмес, өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктары маанилүү.
Өкүнүчтүүсү, өлкөдө Кытайдын экономикалык таасири, аны менен кошо кытайлардын өлкөгө келүүсү күчөп баратат. Келген кытайлар кыздарыбызды акчасы менен алдап, алданбаса коркутуп-үркүтүп, басмырлап кыздарыбыздын намысына тийиштик кылбастыгына кепилдик жок.
Бийлик болсо келечек тагдырын Кытай менен байлап алды. Эртең бийлик кытайлар биздин боордоштор деп чыкса да таң калбай калчу абалга бара жатат. Андыктан, эже-карындаштарыбызды котормочу жана башка ушул сыяктуу кытайлар менен тыгыз иштөөгө алып келген иштерден оолак кылуу зарыл.
Бул окуя Исламдын махрам-намахрам маселеси канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө. Исламдын ижтима жаатындагы өкүмдөрү аялдын намысын коргоонун кепилдиги болуп эсептелет. Бүгүнкү күнүбүздө биз бул өкүмдөргө канчалык муктаж экенибиз дагы бир ирет ырасталып жатат.
Аял затына өзгөчө көңүл буруубуз тийиш. Себеби аял коомдун тиреги, келечек муундун башаты. Ошондуктан анын намысын коргоо – эң баштапкы милдеттердин бири болушу керек.
Харун Абдулхак




