Басма сөз

Эрдоган яхудийлер Анкараны бомбалаганга чейин армиясын кыймылга келтирбей күтүп турабы?!

Басма сөз баянаты

Эрдоган яхудийлер Анкараны бомбалаганга чейин армиясын кыймылга келтирбей күтүп турабы?!

Түркиянын президенти Эрдоган Түркия парламентинин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: «Биз “Убадаланган жер” кыялдарынын акыркы максаты эмне экенин абдан жакшы билебиз жана Аллахтын уруксаты менен буга эч качан жол бербейбиз». Ал Түркиянын коопсуздугу Түркиянын түштүгүндөгү Хатай вилаятынан эмес, Алеппо, Дамаск жана Бейруттан башталарын айтты. Андан ары: «Эгерде Израилдин бейбаштыгына чек коюлбаса, анын баасын бир гана аймак эмес, бүтүндөй адамзат төлөйт», – деди. Эрдоган дүйнөлүк күчтөрдү яхудий түзүмүнө каршы дагы даана позиция кармоого чакырып: «(Израилди) мыйзам эрежелерин сактоого кайтаруу эми айрым мамлекеттердин гана жоопкерчилиги эмес, бүтүндөй адамзаттын жалпы жоопкерчилиги болуп калды», – деди.

Эрдоган яхудий түзүмү тууралуу сүйлөп жатып аны кичинекей түзүм деп сүрөттөйт. Бирок ошол эле учурда аны ооздуктоо жана ага каршы туруу үчүн дүйнөлүк күчтөр менен бүтүндөй адамзат керек деп ырастайт! Ал яхудий түзүмүнүн аймактагы аракеттерин көрүп, анын Тооратка негизделген кеңейүүчү кыялдарын түшүнүп турса да, байкоо жүргүзүү жана айыптоо менен гана чектелип, ага каршы эч кандай кадам жасабайт! Ошондой эле Алеппо, Дамаск жана Бейруттун коопсуздугун Анкаранын коопсуздугу деп эсептегенине карабастан, яхудийлердин Бейрутту, Дамаскты, Алеппону жана башка жерлерди бомбалап жатканын көрүп туруп эч кандай аракет кылган жок!

Чындыгында, Эрдогандын бул позициясы бизге көп жылдар бою яхудий түзүмүн картадан жок кылуу жана алар Иранга кол салса, анын бар болушун 8 мүнөттө бүтүрүү тууралуу сүйлөп келген Иран жетекчилеринин билдирүүлөрүн эске салат. Алар күтө беришти, аңдып турушту, коркутуп турушту. Акыры яхудий түзүмү батынды да, Иранга сокку урду, жетекчилерин өлтүрдү, кыйратты жана катуу чабуул жасады.

Эрдоган Ирандын башына түшкөн нерсе өз өлкөсүнүн да башына түшүшүн күтүп жатабы? Анан гана аны коргой баштайбы? Ал яхудийлердин пландарын жана алардын аймакка терең кирип, Ирандан кийин Түркия менен Мисирге кол салуу тууралуу тынымсыз коркутууларын көрбөй, укпай жатабы? Же болбосо, колонизатор каапырга таянып, өз үммөтүн жана өлкөлөрүн жардамсыз калтырганы үчүн башына келген балээлерге туш болгондордон өзүн акылдуураак жана кыраакыраакмын деп эсептейби?!

Чындыгында, яхудий түзүмү күч тилинен башка эч нерсени түшүнбөгөн рак шишиги сымал түзүм. Ал эч кандай келишимди да, убада-макулдашууну да сактабайт. Анын Эки дарыянын аралыгындагы жерлерге болгон көз артуусу жана Жакынкы Чыгышты кайрадан калыптандыруу максаттары ачык эле жарыяланып турат. Ошондуктан ага каршы согуш талааларында согушпастан, жөн гана коркутуу жана эскертүүлөр менен иш алып баруу жарабайт. Мындан тышкары, үммөттүн маселелерин бөлүп кароого болбойт жана аларга улутчулдук же мекенчилдик көз карашы менен кароо туура эмес. Ислам үммөтү – бир үммөт, анын согушу да бир, тынчтыгы да бир. Газада же Кудуста болгон нерсе Дамаскка, Анкарага, Каирге жана Исламабадга да тиешелүү. Негизи Түркиянын, Мисирдин, Сириянын жана бардык мусулмандардын армиялары кайсы жерде болбосун мусулмандардын жерлерине жардам берүү үчүн кыймылга келиши керек. Ал эми ар бир башкаруучу яхудийлер анын эшигин каккылап, тактысын кыйратканга чейин күтүп отура берсе, бул акылсыздыктын өзү болот.

Эй Эрдоган жетишет! Куру сөздөр жана билдирүүлөрдүн пайдасы жок! Эгер чынчыл болсоң, армияңды кыймылга келтирип, яхудий түзүмүн тамыры менен жулуп ташта жана үммөттү анын жамандыктарынан куткар. Болбосо, майданды ихластуу жетекчилерге жана алдыңкы инсандарга калтыр. Алар өз сөзүн айтып, аны ачык жарыялашсын: Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелешсин. Ошондо ал мусулман халифаларынын асыл жолун улантып, кайрадан иззаттын, кубаттын жана боштондуктун Халифалыгын орнотот.

﴿لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Абалкы – акыркы бардык иш Алланын (ыктыярында). Ошол күндө момундар Алла жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

14.06.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button