Роя гезити

Нетаньяхунун Америкага сапарынын себептери жана натыйжалары

Нетаньяхунун Америкага сапарынын себептери жана натыйжалары

Яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяху 2026-жылдын 27-июлунда Америкага барып, яхудий түзүмүн жана анын кылмыштарын эң катуу колдогондордун бири америкалык сенатор Линдси Грэмдин жаназасына катышты. Эртеси күнү ал Американын президенти Трамп менен жолугушту. Трамп 2025-жылдын башында Америка бийлигин колго алгандан бери экөөнүн сегизинчи жолугушуусу болду. Анткени экөөнү туруктуу ыплас мамилелер байланыштырып турат.

Нетаньяху Трамптан жана анын Демократиялык партияга атаандаш болгон Республикалык партиясынан колдоо алды. Бирок негизинен эки партия тең яхудий түзүмүн чексиз колдоодо бири-бири менен жарышып келет. Себеби ал Американын Ислам өлкөлөрүнүн жүрөгүндөгү алдыңкы базасы жана аймактагы кызыкчылыктарын кайтарган кутурган ити. Ошондуктан Американын мурдагы президенти, демократ Жо Байден 2023-жылдын 18-октябрында яхудий түзүмүнө барып, анын Газага каршы агрессиясын колдоп: «Эгер (израиль) болбогондо, биз аны түзүүгө аракет кылмакпыз», – деген.

Яхудий жетекчилери Американын максаттарын жакшы түшүнүшөт. Бирок алар Американын колдоосун өз түзүмдөрүн бекемдөө жана кеңейтүү, аймакты көзөмөлгө алуу, «Улуу израилди» түзүү, ошондой эле Халифалыктын тикеленишине бөгөт коюу үчүн пайдаланууга аракет кылышууда. Анткени Халифалык бар болгон жерде алардын түзүмүнө орун жок. Ушундайча алар Америкага болгон муктаждыктан арылып, өз алдынчалыкка жетүүнү көздөшөт. Нетаньяху бул тууралуу ар кандай учурларда жасаган көптөгөн билдирүүлөрүндө айтып келген.

Нетаньяху Трамптын өзүнө болгон ишенимин жана аны менен болгон мамилесин пайдаланууга аракет кылып, өзүн Американын саясатына кийлигишип жаткандай же анын президентине таасир эткендей көрсөтүүнү каалады. Бирок Трамп аны бир жолу Сирия маселесинде Түркияга жана анын президенти Эрдоганга каршы позициясы үчүн урушуп: «Мен Эрдоганды жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт. Ал биз үчүн Сирияда эч ким жасай албаган ишти жасады», – деди.

Дагы бир жолу Нетаньяху Түркияга F-35 учактарын сатпоону талап кылганда, Трамп аны жемелеп: «Мен эмнени кимге сатарымды мага эч ким таңуулай албайт», – деди.

Ошондой эле 2026-жылдын 16-июнунда Францияда Катар амири менен өткөргөн маалымат жыйынында аны ачык эле урушуп: «Мен (израилге) анын Бейрутка жасаган чабуулу мага жакпай турганын айттым. Нетаньяху эми Ливанга карата көбүрөөк жоопкерчиликтүү болушу керек. Америка болбогондо (израиль) болмок эмес, мен болбогондо да (израиль) болмок эмес», – деди.

Американын Axios сайты 2026-жылдын 1-июнунда америкалык эки булакка таянып, Трамп Нетаньяхуга мындай дегенин кабарлады: «Сени куткарып жаткан менмин. Мен болбогондо сен түрмөдө болмоксуң. Сен жинди болуп калгансың. Азыр баары сени жек көрөт, ошонун айынан (израилди) да жек көрүп калышты».

Мындан Трамптын Нетаньяхуга нааразы экендигин түшүнүүгө болот. Себеби Трамп кимдир бирөөнүн өзүнөн үстөм көрүнүшүнө же өзүнө каршы сөз айтышына чыдай албайт. Ал ар дайым өзүн башкалардан жогору коюп, башкаларга өзү көрсөтмө беришин, бирок ага эч ким көрсөтмө бербешин каалайт. Болбосо, ал эң жакын адамдарынын бири болсо да аны талкалайт.

Яхудий жана америкалык булактардын маалыматына ылайык, Нетаньяху акыркы эки айдан бери Трамп менен жолугушууга тынымсыз аракет кылып келген, бирок Трамп буга макул болгон эмес. Акыры кылмыштарды колдоочу Грэмдин өлүмү ага мындай жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

«Маариф» иврит гезити 2026-жылдын 31-июлунда мындай деп жазды: «Нетаньяхунун Америкага сапары адаттагыдай салтанаттуу тосуп алуусуз өттү. Аны аэропорттон эч ким тосуп алган жок, кызыл килем төшөлгөн жок, камералар, журналисттер, маалымат жыйыны жана сүрөткө түшүү болгон жок. Ал Ак үйгө түндө ууру сыяктуу кирип, арткы эшиктен чыгып кетти. Трамп аны менен өзүнчө жолуккан жок, жолугушууга башка жооптуу адамдар, анын ичинде Нетаньяхуну сындагандар да катышты. Вашингтондо ал буга чейин болуп көрбөгөндөй басынтууга дуушар болду. Мындай көрүнүш Обаманын тушундагы эң оор күндөрүндө да болгон эмес. Газа, Ливан жана Иран маселелериндеги пикир келишпестиктерден улам алардын ортосундагы координация да начарлады. Трампта Нетаньяхуну алсыз абалда көрсөтүүгө бир нече мүмкүнчүлүк болду жана алардын бирин да колдон чыгарган жок».

Мунун баары Нетаньяхунун Америка алдындагы канчалык төмөн абалда экенин, ошондой эле яхудий түзүмүнүн Америка үчүн канчалык баркы төмөн экенин жана алардын Американын башкаруучуларына тийгизген таасири канчалык аз экенин баалоого жетиштүү.

Америка өзүнүн кызыкчылыктарын жана үстөмдүгүнөн башка эч нерсени билбейт. Ошондуктан яхудийлердин да, башкалардын да ага таасири анын колониялык максаттарына шайкеш келген өлчөмдө гана болот. Американы яхудийлер да, башкалар да башкарбайт. Аны ири капитал ээлери өздөрү дайындаган президент аркылуу башкарат. Андан соң эл аны шайлагандай кылып көрсөтүшөт. Ушундай жол менен «президентти эл шайлады» деген көрүнүштү жаратып, Американы чындыгында ким башкарып жатканын жашырып, адамдарды анын демократиялык жана эркин өлкө экенине ишендиришет.

Мурда алар жөнөкөй мусулмандарды яхудийлер Америкадагы чечим кабыл алууга үстөмдүк кылат деп ишендирүүгө аракет кылышкан. Бирок Трамп яхудийлердин чыныгы жүзүн ачып берип, алардын эч нерсе эмес экенин, болгону Американын жырткыч колониялык саясатынын куралы экенин көрсөттү.

Белгилей кетүүчү нерсе, Америка бул саясатты Ислам өлкөлөрүнө карата колдонордон мурда эле аны өзүнүн жергиликтүү калкына каршы колдонгон. Алардан он миллиондогон адамдарды өлтүрүп, жерлерин тартып алышкан. Ошондой эле Түштүк Америка өлкөлөрүнүн элдерине, Венесуэлага жана Панамага каршы да ушундай саясат жүргүзгөн. Ошондой эле ал Мексика аймагынын 55%ын басып алган, Кореяда жана Вьетнамда да ушул эле саясатты жүргүзгөн. Ал учурда яхудийлер жана алардын таасири тууралуу эч кандай сөз болгон эмес.

Нетаньяху Америкага барып, Иранга каршы согушту күчөтүүгө аракет кылып келет. Ал Америка менен Ирандын ортосунда келишим түзүлүшүн каалабайт жана муну жашырбастан ачык айтып жүрөт. Ошондой эле ал Ирандагы азыркы режимди кулатып, анын ордуна өз түзүмүнө коркунуч жаратпай турган, андан үстөмдүк кылбай турган жана яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштыра турган жаңы режимдин келишин каалайт. Бул үчүн ал оппозицияны колдоп, алар менен байланыш түзүп келет. Ал тургай, 2023-жылы шахтын уулун яхудий түзүмүнө чакырып, коопсуздук жетекчилери менен Ирандагы режимге каршы иш алып барууну, аны бийликке алып келүүнү жана атасынын доорундагыдай яхудий түзүмү менен мамилелерди кайра калыбына келтирүүнү координациялоо үчүн жолугушууга үндөгөн. Бирок ушунун баарына карабастан, Нетаньяхунун чыныгы салмагы баары бир өтө төмөн бойдон калууда.

Бул жолу Нетаньяху Америкага башка максат менен баргандай көрүнөт. Ал Трамп менен мамилесин оңдоого жана анын колдоосуна кайрадан ээ болууга аракет кылды. Анткени алдыдагы октябрь айында Кнессетке шайлоо өтөт. Трамптын аны эл алдында жемелеп, мурдагыдай колдоо көрсөтпөй калышынан кийин анын ички саясий абалы кыйла солгундап кетти. Бирок яхудий түзүмүнүн чыныгы жырткыч жүзү Газада жасаган кыргындары, ачарчылык саясаты жана балдарды, аялдарды, оорулууларды жана туткундарды өлтүргөнү себептүү көптөгөн америкалыктарга айкын көрүнүп калды. Атүгүл айрымдар Иранга каршы согуш Американын эмес, яхудий түзүмүнүн согушу болгонун жана Трампты ошол согушка Нетаньяху түрткөнүн айтып жатышат.

Нетаньяхунун акыркы Америка сапары болгон күнү жүргүзүлгөн сурамжылоо америкалыктардын 49%, анын ичинде Трамптын шайлоочуларынын 23%ы жана демократтардын 74%ы Нетаньяхуну камакка алып, соттоону колдой турганын көрсөткөн. Алар яхудий түзүмүн Газада геноцид жасап жатат деп айыпташууда. Мындай көрсөткүч Американын тарыхында биринчи жолу катталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлү 2026-жылдын 29-июлунда мамлекеттерди Батыш Жээктеги Палестина элин коргоо үчүн чара көрүүгө чакырды. Ал буга чейин да яхудий түзүмүнө каршы аскерий чара көрүүгө үндөп, БУУнун Уставы Газадагы геноцидди токтотуу үчүн мамлекеттерге мындай укук берерин билдирген. Бирок мусулмандардын башкаруучуларында кыпындай да намыс жок. Тескерисинче, алар аскерий аракетке чакыргандарга каршы күрөшүп, яхудий түзүмү менен болгон мамилелерин улантышты. Ошондуктан алар менен Нетаньяхунун ортосунда айырма жок, анын кылмыштарына алар да шерик.

Эгер аймактагы мамлекеттер аскерий жактан аракет кылышканда, Нетаньяху жана анын түзүмү мындай иштерди жасай алышмак эмес. Бирок бул өлкөлөрдүн башкаруучулары өтө жаман адамдар жана туура жолдон эң көп адашкандар. Ошондуктан кутулуу алардын өздөрүнөн жана алардын режимдеринен арылып, яхудийлерге карата Аллахтын шариятын өкүм кылуучу ихластуу адамдарды бийликке алып келүү менен гана мүмкүн.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button