Кабар

Саудияда тату-студия ачылды

Саудияда тату-студия ачылды

Сауд Арабиясында Ибн Салман бийликке келгенден тартып өлкөдө коомду Батыштын жашоо образына өзгөртүү аракети ылдамдык менен алып барылууда. Бул үчүн «Vision 2030» долбоору кабыл алынып, анын негизинде Батыштын ар кандай бузукулуктары өлкөдө кеңири жайылтылууда. Мисалы, Батыштын ырчы-бийчилери катышкан концерттер, дискотекалар жана Исламга тескери келген оюн-зооктор кадыресе көрүнүшкө айланды.

Ошондой эле, эркек менен аялдар аралашкан пляждар улам көбөйүп жатат, бул пляждарда аялдардын жарым жылаңач жүрүүсүнө уруксат берилген. Ал эми, былтыр борбор калаа Эр-Риядда арак саткан дүкөндөр ачылган. Элдин нааразылыгын жаратпаш үчүн бул дүкөндөр дипломаттарды тейлейт деп айтылды. Бирок, бул мусулмандар арасында ичкиликти жайып, аларды бузуунун баштапкы кадамы болуп эсептелет.

Эми болсо, денеге сүрөт түшүргөн татуировкага уруксат берилип жатат. Өлкөнүн чыгышындагы Аль-Хабур шаарында бийликтен расмий уруксат алган биринчи тату-студия ачылды. Мурун татуировка кылдырууга расмий түрдө катуу тыюу салынып келген эле. Ошентип, мындай дымак менен «таухид» өлкөсү деп таанылган Саудия дагы көптөгөн бузукулуктарга уруксат бериши шексиз.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button