Роя гезити

Триполи шаары көңүл чордонунда: Аль-Кулайат аэропортунун ачылышы артында эмне турат?

Триполи шаары көңүл чордонунда: Аль-Кулайат аэропортунун ачылышы артында эмне турат?

Акыркы жылдары Триполи шаарында маалымат каражаттарындагы маалыматтар жана ага байланыштуу саясий, экономикалык чечимдерде олуттуу өзгөрүүлөр болду. Узак жылдар бою атайылап четке кагылып, адилетсиз түрдө «Ливандын Кандагары», экстремизм менен терроризмдин чеби деп сыпатталып келген бул шаар күтүүсүздөн эле «революциянын келинине», ынтымак менен тынчтыктын шаарына айланды.

Муну менен эле токтоп калбастан, биринин артынан экинчи ири демилгелер жана долбоорлор жарыяланды. Алардын катарында коңшу Аккар аймагындагы Аль-Кулайат аэропортунун келерки сентябрь айынан тартып ишке киргизилери тууралуу жарыя, Триполи портун өнүктүрүү долбоорлору жана эл аралык темир жол линиясын кайра жандандыруу долбоору бар. Бул көңүл бурдурган көрүнүштүн алдында негизги суроо жаралат: биз Ливанды башкарып жаткан режимдин кечиккен гуманитардык ойгонушуна күбө болуп жатабызбы же чындыгында Триполи өзүнүн географиялык чегинен алда канча кеңири болгон геосаясий жана инвестициялык картага киргизилип жатабы?

Экономикалык жандандыруу: жергиликтүү ойгонуу эмес, тышкы күн тартип

Бул өзгөрүүлөр Ливандын түндүгүнө, айрыкча Триполиге жана анын географиялык, демографиялык аймагына карата тарыхый адилетсиздикти жоюуну көздөгөн көз карандысыз ливандык эрктин натыйжасы деп ойлоо – саясий жактан аңкоолук болот. Анткени, Ливан кыйроого учурап, бир миллионго жакын адам өз үйлөрүнөн көчүрүлүп жаткан учурда, мындай деңгээлдеги ири инфраструктуралык долбоорлордун башталышы таң калычтуу көрүнөт. Чындыгында болуп жаткан иштер Американын саясий чечиминин жемиши. Бул чечим Триполини бүтүндөй Шам өлкөлөрүн камтыган инвестициялык жана экономикалык картанын борборуна жайгаштырууда. Бул болсо мындан бир нече жыл мурда эле «Жаңы Шам долбоору» деп аталып келген долбоордун алкагына кирет. Ал Мисирден башталып, Шам өлкөлөрү аркылуу Иракка чейин созулат. Ошондой эле бул долбоор Перс булуңундагы мамлекеттерден Европага энергия жеткирүү боюнча аймактык жана эл аралык инвестициялар менен да тыгыз байланыштуу.

Аль-Кулайат аэропортунун ачылыш аземине Америка элчисинин эрте келип, өзгөчө катышуусу көңүл бурдурду. Ал бул кадамдар Ливанды кайра өнүгүү жолуна түшүрөрүн билдирди. Албетте, бул долбоорлор аймактагы жаңжалды токтотуу аракеттеринин ылдамдашы жана «Ибрахим келишимдери» аркылуу яхудий түзүмүн ушул жаңы экономикалык картага интеграциялоо процесси менен катар ишке ашырылууда.

Инфраструктуралык долбоорлор: көңүл Сирияны кайра курууга бурулган

Бул долбоорлордун борбору катары дал Триполинин тандалышы кокустук эмес. Анткени, Триполи порту өзүнүн терең суулары менен айырмаланып, аны Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги эң маанилүү порттордун бирине айлантат. Ал башка порттор токтой албаган ири контейнер ташуучу соода кемелерин кабыл алууга жөндөмдүү. Бул порт ага жакын жайгашкан Аль-Кулайат аэропорту менен, экөөнүн ортосунда жайгашкан жана Ирактын Киркук шаарынан келген мунай түтүктөрүнө туташкан мунайды кайра иштетүүчү завод, ошондой эле шаардагы ири эл аралык көргөзмө борбору менен бирге Сирияга жакын жайгашканы үчүн күтүлүп жаткан Сирияны кайра куруу иштерине, айрыкча жээк аймактарын, Хомс шаарын жана Аль-Габ түздүгүн кайра курууга идеалдуу аянтчаны түзөт. Ошондой эле Ливандын түндүк жээгиндеги деңиз сууларында ири газ запастары бар деген үмүт чоң болуп, бул мунай-газ компанияларынын кызыгуусун арттырууда. Мындан улам да Борбордук Европадагы Берлинден башталып, Түркия жана Сирия аймактары аркылуу өтүп, Триполиге чейин жетчү ири темир жол долбоору тууралуу сөздөр көбөйүүдө.

Бул өз ара байланышкан инфраструктуралык түзүм чет өлкөлүк, айрыкча америкалык инвестициялар менен компаниялардын агымын жеңилдетүүгө багытталган. Максат – кайра куруу иштеринде жаткан зор байлыкты өз көзөмөлүнө алуу. Бул иштерди каржылоо Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жана жергиликтүү мунай каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылары күтүлүүдө. Анткени, колонизаторлордун «кыйраткан соң кайра кур» саясаты салттуу ыкмалардын бири болуп саналат. Анын негизинде өлкөлөр жана алардын инфраструктурасы талкаланып, андан кийин капитал ээлеринин ири компаниялары кайра куруу аркылуу эбегейсиз киреше табуу үчүн кирип келишет.

Балким, Триполи (Аль-Кулайат) аэропортун ишке киргизүү чечиминин тездетилишине азыркы учурда Ливанда иштеп жаткан жалгыз аэропорт жайгашкан жана Иранга таандык болгон партия үстөмдүк кылган аймактарды обочолонтуу планы да таасир эткендир. Бул абал партия Ливан боюнча Американын формуласына баш ийгенге чейин улантылышы көздөлүүдө.

Жумшак согуш: исламий өздүктү жок кылуу

Батыштын инвестициялары жана Батыштан келе турган ишкерлер үчүн Триполиде жана анын демографиялык аймагында ылайыктуу шарт түзүү максатында, шаардын сакофий жана диний жүзүн өзгөртүү зарыл эле. Анткени бул шаар ар дайым динге бекемдиги жана үммөттүн маселелери менен терең байланышы менен белгилүү болгон. Ошондуктан акыркы жылдары шаардын коомдук түзүлүшүнө акырындык менен кирип барууга багытталган аракеттерди байкадык.

Бул аракеттердин эң көрүнүктүүсү – 2023-жылы Триполиде 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында Аль-Азхар шейхи менен Ватикандын папасы кол койгон «Адамзат бир туугандыгы жөнүндө декларациянын» жергиликтүү нускасы жарыяланышы болду. Ал «Триполи шаарынын адамзат бир туугандыгы жөнүндө билдирүүсү» деп аталды. Бул ишке шектүү европалык уюмдар жергиликтүү шектүү уюмдар менен биргеликте демөөрчүлүк кылышты. Бул декларациянын максаты – шаарды исламий өздүгүнөн ажыратып, анын ордуна батышчыл, секулярдык «инсаний» өздүктү орнотуу.

Бул декларациянын жарыялоо аземинде азан менен чиркөөнүн диний ырларын аралаштырган оркестр көрсөтүлдү. Андан да коркунучтуусу – жаңы баатырды жарыялоо болду. Ал боштондукка чыгаруучу Салахуддин Аль-Айюбинин ордуна Мисирдин падышасы Аль-Камил Аль-Айюбини коюу болду. Анткени ал Салахуддин азат кылган Кудусту кайрадан кресттүүлөргө өткөрүп берген.

Мындан тышкары, Триполи коомун эл аралык уюмдар аркылуу өзгөртүү аракеттери да күчөдү. Алардын бири – Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар бөлүмү болуп, ал Триполи муниципалитети менен феминизм жана гендер идеяларын жайылтуу боюнча кызматташтык келишимине кол койгон. Бирок, Аллах Тааланын жардамы менен Триполиден чыккан аң-сезим ээлери бул келишимди жокко чыгара алышты.

Азыр Америка администрациясы Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги мусулмандарга карата жаңы стратегияны колдонуп жатканы ачык көрүнүүдө. Түздөн-түз согуш жүргүзүү саясаты каршылык рухун күчөтүп жибергенин түшүнгөндөн кийин, эми аймак элин экономикалык жандануулар, инвестициялар жана каржылык молчулугу менен алаксытууга аракет кылууда. Бул пландын маңызы – мусулман жаштарын жумуш орундарын сунуштоо менен алек кылып, материалдык жыргалчылык аларды жихадий иштерден, исламий саясий ишмердүүлүктөн жана курмандыкка даяр болуудан баш тартуусуна алып келе турган чөйрөнү түзүү.

Албетте, жаштардын жашоо деңгээлин көтөрө турган жана турмуштун оорчулуктарын жеңүүгө көмөктөшө турган жумуш орундарына ээ болушу бизди капа кылбайт. Бирок, жаштар ушул долбоорлорду жалгыз куткаруучу жол катары көрүп, мас абалында жана жалган үмүттө калгандыгы башкы коркунуч болуп саналат. Анткени алар батыштын капиталисттик машинасы бул аймакты өз кызыкчылыктарына гана кызмат кылуу үчүн убактылуу жана салыштырмалуу түрдө жандандырып жатканын унутуп жатышат. Бул аракеттер өлкөнү экономикалык жана саясий жактан коргой турган, туруктуу жана эгемендүү экономиканы куруу эмес экенин аңдабай жатышат.

Жыйынтык: аң-сезим – коргонуунун биринчи чеби

Жалпысынан аймакка каршы түзүлүп жаткан мындай татаал пландардын шартында мусулмандардын алдында тарыхый жоопкерчилик турат. Геосаясий өзгөрүүлөр, бөлүп-жаруу аракеттери жана экономикалык өнүгүүнү саясий моюн сундуруунун куралы катары колдонуу жогорку деңгээлдеги аң-сезимди талап кылат.

Бүгүн кварталдарга, көчөлөргө, мектептерге жана мекемелерге чейин акырындык менен кирип жаткан өздүктү жок кылуу пландарын ашкерелөө, сакофат жактан басып кирүү жана адамдын табигый фитратын бузуу аракеттеринин баарына каршы туруу шарт. Ошондой эле үммөттү экономикалык, саясий жана хазарий жактан коргой турган исламий экономикалык түзүмдүн жана эгемендүү экономикалык саясаттын табиятын түшүндүрүү эң алгачкы милдет болуп эсептелет. Анткени биздин кризистерибиздин түпкү чечими шарт коюлган чет элдик инвестициялардын күкүмүн күтүп отурууда эмес, тескерисинче, үммөт өзүнүн эгемендүү чечимин кайра колуна алышында, колонизатордун таасирин кууп чыгышында жана бизге чыныгы кадыр-баркты жана чыныгы эгемендүү экономиканы камсыз кыла турган исламий жашоону кайра баштоосунда жатат.

Роя гезити

Ахмад Аль-Касас

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button