Макала

Таң атуу түндүн эң караңгы көз ирмеминен кийин болот

Таң атуу түндүн эң караңгы көз ирмеминен кийин болот

Умм Билал – Палестина

Адамдарды Исламга даават кылып, алар менен тыгыз аралашып жүргөн киши Үммөттүн айрым катмарларында пайда болгон кайдыгерликти байкоосу үчүн көп күч жумшоонун кажети жок. Бул кайдыгерлик сөздөрдө гана эмес, режимдер өз калкына каршы жасап жаткан ачык-айкын зулумдуктарга карата реакциялардын жок болуп кетишинде да көрүнөт. Элди жакырланткан, ырыскысын тарыткан, укуктарын басмырлаган, кадыр-баркын тебелеген режимдер бул ыплас иштерин эч нерсе болбогондой улантып жатышат. Ошол эле учурда бул зулумдун көлөмүнө тете болгон реакцияга туш болушкан жок.

Бул абал табышмак да эмес, Үммөттөрдүн жолундагы өзгөчө көрүнүш да эмес. Тескерисинче, бул чоң жеңилүүлөрдөн кийин элдерге табигый түрдө келүүчү абал. “Араб жазынын” ийгиликсиз аякташы менен Үммөт терең жеңилүүнү сезди. Анткени үмүттөр эл аралык саясаттын “ашканаларында” даярдалган саясий вакыйлык аскасына урунуп, талкаланды. Андан кийин Газа элин оор абалда жалгыз калтыруу болду. Ал жерде жалпы алсыздык ачык-айкын көрүнүп калды. Бул болсо, айрыкча окуялардын алдыңкы сабында тургандардын арасында негизги суроону кайрадан көтөрдү. Алар: «Биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Бирок аларга берилген жооптордун көбү канааттандырарлык болбоду. Алар негизинен жеке аракеттердин айланасында болуп, же дүйнөдөн обочолонуп ибадат жана дуба менен алектенүү, же майда-чүйдө маселелерге киришип кетүүгө айланды. Негизги көйгөйдү дарылаган жана өзгөрүү үчүн так жолду көрсөткөн олуттуу чечимдер сунушталган жок. Натыйжада аларда мурункудан да көбүрөөк суроолор пайда болду!

Албетте, акыркы мезгилде калктардын абалы туруктуу болбогонун көрүп жатабыз. Алар толкундануу, шыктануу, жеңилүү, көңүл чөгүү жана ар бир чоң окуядан же саясий аракеттен кийин пайда болуучу башка психологиялык абалдардын арасында улам өзгөрүп турду. Мындай өзгөрүүлөр карапайым элдин жүрүм-турумунда түшүнүктүү көрүнүш. Анткени алар табиятынан үстөмдүк кылган саясий абалдын көтөрүлүшү же төмөндөшүнөн таасирленишет. Бирок ушул ар түрдүү абалдар ойгонуу үчүн аракет кылып жаткандарды өз иштеринен алаксытып, чалгытып коюшу – көңүл бурулушу керек болгон, ал тургай сак болуу зарыл болгон нерселерден. Анткени Үммөттүн өзгөрүп туруучу абалынын ойгонуунун жүзөгө ашышына негизинен эч кандай байланышы жок. Ойгонуу жалпы маанайдын үстүнө курулбайт жана элдин шыктануусун же кайдыгерлигин күтпөйт. Тескерисинче, ал Үммөттүн ичиндеги Аллахтын нусратына татыктуу болгон ихластуу бир катмардын аң-сезимдүү жана шаръий жактан жетиштүү болгон туура амалынын негизинде ишке ашат.

Ал эми карапайым эл болсо, көбүнчө таразалар өзгөрүп, саясий вакыйлык алмашкан кезде бул аракетке кошулат. Имам «Жихадга жана ийгиликке шашкыла!» деп чакырган учурда, алар топ-тобу менен катарга кошулушат. Анткени Үммөт ичинде акыйкаттын үстөм болушун эңсеген адамдардын туйгулары өтө күчтүү жана чечүүчү бурулуш учуру келгенде залимдер ага таң калышат. Ошондуктан Ислам үчүн иш алып барып жаткан адамдар Үммөттүн абалынан терс таасирленбеши керек. Ошондой эле алар карманган жолдорунун тууралыгын адамдардын учурдагы реакциялары менен өлчөбөшү керек. Тескерисинче, алар жүрүштү улантып, жолдо бекем турушу жана артка чегинбөөсү зарыл. Анткени артка чегинген адам максатына жетпейт. Жол узун жана тоскоолдуктарга толо, бирок өзгөрүүнүн тарыйкаты эч кимге өзгөчө мамиле кылбайт. Ким аларды карманып, бекем жолун улантса, натыйжасына кеч болсо да жетет.

Бүгүн Үммөттүн айрым катмарларында жайылган кайдыгерлик жолдун соңуна жеткенди билдирбейт. Балким, бул анын бир баскычы гана болушу мүмкүн. Андан кийинкиси күтүп отуруу же нааразы болуу менен эмес, толкундардын өзгөрүшү менен өзгөрбөгөн жана жагдайлардын алмашуусу менен алсырабаган, туруктуу, ачык-айкын жана жан аябас аракет менен ишке ашат. Ошондуктан биз Ислам Үммөтүнө ар дайым эскертип келебиз: Халифалык — бул Расулуллах ﷺ көрсөтүп берген саясий түзүм. Ал сахабалар (разияллаху анхум) колдонгон саясий түзүм. Ошондой эле ал Ислам Үммөтүнө тарых бою иззат тартуулаган түзүм болуп, Үммөт анын көлөкөсүндө гана улуулукка жеткен. Ошондуктан Үммөт азыр аны кайра тикелөө үчүн ишке аралашып, аны өзүнүн тагдырий маселесине айлантуусу зарыл.

Халифалык долбоору шаръий өкүм жана исламий жашоону кайра баштоонун амалий тарикаты катары сунушталган учурда, режимдер аны дароо жамандап, коркунучтуу нерсе катары көрсөтүүгө шашылышат. Анткени ал ошол агент режимдер курулган негизге сокку урууда. Халифалык — суверенитетти адам чыгарган конституцияга эмес, шариятка берген долбоор. Ал жалпы мүлктөрдү Үммөттүн умумий мүлкү деп эсептеп, аларды шарият өкүмдөрүнө ылайык башкарууну көздөйт. Ошондой эле ал эл аралык мамилелерди көз карандылык жана баш ийүү негизинде эмес, Исламды дүйнөгө даават жана жихад аркылуу жеткирүү негизинде жүргүзөт.

Режимдер корккон аң-сезим – күнүмдүк кризистерди түпкү системасы менен байланыштыра алган аң-сезим. Экономикалык кризис жөн гана башкаруудагы кемчилик эмес, тескерисинче капиталисттик түзүмдү кабыл алуунун натыйжасы болуп эсептелет. Саясий көз карандылык тактикалык ката эмес, эл аралык түзүмгө структуралык түрдө байланып калуунун акыбети. Ал эми мусулман жерлеринин бөлүнүп-жарылышы географиялык кокустук эмес, тескерисинче бириктирүүчү мамлекеттин кулатылып, анын ордуна улуттук мамлекеттердин орнотулушунун түздөн-түз натыйжасы. Эгер Үммөт Ислам негизиндеги саясий аң-сезимин кайра калыбына келтирсе, анда ал убактылуу пайдаларды издебейт. Тескерисинче, саясий түзүлүштү акыйда негизинде кайра курган түп-тамырынан өзгөрүүнү көздөйт. Бул өзгөрүү сезимдерге жетеленүү менен эмес, мабдаий жана уюшкан саясий иш аркылуу, сырттан кирген жалган түшүнүктөрдүн жүзүн ачып берген фикрий күрөш аркылуу жана режимдердин чет элдик долбоорлор менен байланышын ашкерелеген саясий күрөш аркылуу ишке ашат. Ошондуктан режимдер Халифалык идеясынан коркушат. Анткени алар Үммөт бир гана имамдын болушу жана ал Ислам өкүмдөрүн колдонушу фарз экенин, ошондой эле Ислам менен өкүм жүргүзбөгөн режимдердин астында бөлүнүп-жарылган абалда калуусу жалпы күнөө экенин түшүнүп калса, анда мабдаий альтернатива үчүн иштөөгө багыт аларын билишет. Ошондо идея күчкө, ишеним коомдук пикирге, ал эми коомдук пикир эркке жана өзгөрүүгө айланат.

Үммөттүн бүгүнкү күрөшү курал күрөшүнөн мурда фикрий жана аң-сезим күрөшү болуп саналат. Эгер фикр жана аң-сезим жеңишке жетсе, жалган легитимдүүлүктөр кулап, Ислам акыйдасынан келип чыккан чыныгы легитимдүүлүк көрүнөт. Эгер Үммөт өзүнүн мабдаий саясий долбооруна кайтып келсе, анда ал исламий жашоону кайра баштоонун жолуна биринчи кадамын койгон болот. Бул жөн гана туйгуга таянган ураан эмес, бул Үммөттүн биримдигин, кадыр-баркын жана жетекчилигин кайра кайтарып бере турган жалпы саясий вакыйлык болуп саналат. Ошондуктан дааватты көтөрүп чыккандар Ислам дүйнөсүндөгү окуялардын жүрүшүнө токтолуп, Үммөттү эки нерсеге көңүл бурдуруусу зарыл:

Биринчиси: агенттер тарабынан колонизатор кафир Батыштын зыянынан сактануу же ыраазычылыгына жетүү үчүн айтылып жаткан бардык баш ийүү чакырыктары саясий жактан өзүн-өзү өлтүрүү болуп саналат. Мындай жолдун аягы аны кармангандар үчүн кыйроо жана жоготуу менен гана бүтөт. Мындан тышкары, бул харам иш. Анткени ал Расулуллахтын ﷺ манхажына жана рошид халифалары карманган жолго каршы келет. Ошондой эле бул дүйнөдө жана акыретте Аллах Субханаху ва Тааланын каарына дуушар кылат.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِم بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُم مِّنَ الْحَقِّ﴾

«Эй момундар, Менин да душманым жана силердин да душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (тууралу кат-кабар) жибересиңер, акыйкатта болсо алар силерге келген Акыйкатка кафир болушкан! ». (Мумтахана: 1).

Экинчиси: Үммөт колонизатор кафир Батыштын жана анын агенттеринин «Үммөт өз бийлигин кайра кайтарып алууга кудуреттүү эмес» деген чакырыктарына алданып калбашы керек. Батыштагы мүмкүнчүлүктөр көзгө көрүнгөн нерседен ары өтпөйт. Мына, армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү аскерий күч катары таанылган Америка өзү дүйнөгө таңуулаган нерселерин ишке ашыра албай калды. Ал Иран менен болгон согуш Венесуэлада кылгандай жеңил жүрүш болот деп ойлогон эле. Бирок согуш созулуп, татаалдашып кетти. Трамп жана анын тарапташтары кыйын абалга кептелип, Ирандын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуудагы ийгиликтери тууралуу улам бир калпты айтууга өтүштү. Ошол эле учурда алар өздөрү туңгуюктан чыгуу жолун издеп жатышат.

Ушунун негизинде алдыдагы этап ар түрдүү ыктымалдуулуктарга ачык бойдон калууда. Алардын арасында АКШ учурдагы тең салмактуулукту бузууга аракет кылып, кеңири масштабдагы кескин кадамга барышы мүмкүн. Же болбосо ар бир тараптын формалдуу кызыкчылыктары сакталган саясий келишимге багыт алышы мүмкүн. Же дагы аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун тереңирээк өзгөртө турган узак мөөнөттүү чарчатуу согушуна сүрүлүп кириши мүмкүн.

Бул сценарийлердин кайсынысы болбосун, бир чындык өзгөрүүсүз бойдон калат – чоң өзгөрүүлөр белек катары берилбейт, алар аракет менен гана алынат. Тарыхый чечүүчү учурлар олку-солку болгондорду күтүп турбайт. Тескерисинче, аларды вакыйлыкты туура баамдай алган жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана билген аң-сезимдүү, эрктүү азаматтар жаратат.

Бул өзгөрүүлөрдүн чордонунда турган Ислам Үммөтү — өзүн көз карандылык жана алсыздык абалынан чыгара турган, түп-тамырынан өзгөрүүнү эңсеп жаткан Үммөт катары — бүгүн бул окуяларды аң-сезимдүү түрдө баамдоого милдеттүү. Аларды эл аралык күчтөрдүн ортосундагы убактылуу кагылышуу катары эмес, багытты өзүнүн хазарий долбооруна кайра буруу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары карашы керек.

Күчтөрдүн тең салмактуулугунун бузулушу жана абсолюттук үстөмдүктү таңуулоо мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү тарыхта көп кайталана бербеген бир терезени ачууда. Бул терезе аркылуу Ислам негизиндеги долбоорду алдыга чыгаруу мүмкүн. Ал адамзатты чарчаткан жана дүйнөнү улам-улам ар кандай кризистерге тарткан ач көз түзүмдөргө альтернатива сунуштай турган долбоор болуп саналат. Бул болсо жөн гана дубаларга байланып калган иш эмес, бул терең саясий аң-сезимди, бекем эркти жана уюшкан аракетти талап кылат. Мындай аракет учурдагы мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, аны текке кетирбеши керек. Ошондо Үммөт алдыдагы этаптын жыйынтыктарын гана кабыл алган тарап болбостон, өзгөчөлүктөрүн аныктаган таасирдүү тарапка айланат.

Аллах улуу күн үчүн тоскоолдуктарды жеңилдетип жатканына толук ишенебиз. Үммөттүн ихластуу уул-кыздары «Лаа илааха иллаллах, Мухаммад Расулуллах» роясы астында күчтөрүн бириктириши менен, Персиянын жана Румдун падышалары Аллахтын урматтуу Пайгамбары ﷺ жана анын сахабалары алдында аз жылдардын ичинде жеңилген болсо, бул роянын алдында да куфрдун жамааттары жеңилет. Биз акыйкаттын ээлери экенибизге бекем ишенебиз жана акыйкат Аллахтын уруксаты менен сөзсүз жеңет.

Чындыгында, Хизб ут-Тахрир бул улуу фарзды кайра тургузуу үчүн исламий сакофатты жана саясий аң-сезимди даярдап койгон. Ошондуктан Аллахтын нусратына сүйүнгүлө жана өзүңөрдү ошол улуу күнгө даярдагыла. Анткени батыл жука кабык сыяктуу, ал жакында талкаланып, акыйкат өз нуру менен жаркырайт. Ошол учурда жүрөктөр да, көздөр да толкуп жаш төгөт. Акыйкатка каршы турган батылды кулатуунун куралы болгон жана акыйкаттын имаратындагы бир кыш болгон адамдарга сүйүнчү болсун.

Акыркы дубабыз – бүткүл ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоолор болсун.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button