Эмне үчүн Кыргызстан менен Грузиянын мамилеси учурда жакындаша баштады?

Эмне үчүн Кыргызстан менен Грузиянын мамилеси учурда жакындаша баштады?
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон сапары катардагы иш сапарлардай эле өтүп, башка дипломатиялык иш-чаралардан анча айырмаланган жок. Расмий маалыматтар боюнча, жолугушуу жана талкууланган темалар соода-сатык, инвестиция, туризм жана маданий байланыштарга арналды. Бирок, маселеге кененирээк көз чаптырсак, Евразиянын экономикалык жана саясий картасын акырындап өзгөртүп жаткан процессти байкоого болот.
Сапардын өзү учурда болуп жатканы көңүл бурууга арзыйт. Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы отуз жылдан ашуун убакытты камтыган дипломатиялык мамилелердин тарыхында грузин өкмөт башчысынын Бишкекке болгон расмий сапары алгачкы ирет ишке ашты. Бул эки өлкөнүн бири-бирин өз аймактарынын четиндеги чакан өнөктөш катары гана эмес, андан да маанилүүрөөк деңгээлде көрүп жатканын, же болбосо алардын артында турган ири державалардын жана союздардын түрткүсү менен аракеттенип жатканын кабарлайт. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул көрүнүш Евразия мейкиндигинде жаңы логистикалык жана соода каттамдары кызуу изилденип жаткан учурга туш келүүдө.
Көмүскө себептер
Расмий түрдө тараптар кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз кылып жатышканы менен, иш жүзүндө негизги көңүл транспорттук коридорлор маселесине бурулууда. Бүгүнкү күндө Грузия Борбор Азияны Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу Европа менен байланыштырган “Ортоңку коридор” деп аталган каттамдын негизги тилкелеринин бири болуп саналат. Кыргызстан үчүн бул жол жаңы рынокторго чыгууга жана жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда, бул мүмкүнчүлүктөр чоң рынокторго жана чыгуу жолдоруна муктаж болгон башка ири мамлекеттерге көбүрөөк зарыл экенин унутпоо керек. Ал эми Грузия үчүн, бул жүк ташуу агымын көбөйтүү жана Европа менен Азиянын ортосундагы транзитттик түйүн катары өз макамын бекемдөө болуп саналат.
Кыскасы, бул жерде соода жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес болгон Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы өз ара соода-сатык тууралуу эмес, көбүнчө башкалардын долбоорлору үчүн инфраструктура даярдоо жөнүндө сөз болуп жатат. Ал эми Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө инвестиция, рынок, товарлар өтө турган стратегиялык каттамдардын бир бөлүгү болуп калуу үмүтү жана аларды тейлөө укугу үчүн күрөшүүдөн башка эч нерсе калбайт. Ошондуктан, бул контекстте Кыргызстан акыркы керектөөчү рынок катары эмес, Евразиянын чоң транспорттук чынжырынын бир элементи катары каралууда.
Долбоорлордун артында ким турат?
Кыргызстан бул жолугушуунун түздөн-түз демилгечиси болушу күмөндүү. Бул демилгенин артында алда канча ири оюнчулар турганы белгилүү. Кытай өз товарларын Европага жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун түзүүгө кызыкдар. Бээжин деңиз каттамдарынан да, Орусия аркылуу өткөн түндүк багытынан да көз карандылыкты азайтууга умтулууда. Ал үчүн Борбор Азия менен Кавказ маанилүү резервдик жана ошол эле учурда келечектүү багытка айланып баратат. Дал ошондуктан Кыргызстан барган сайын кытайлык инфраструктуралык долбоорлордо чоң мааниге ээ болуп барууда.
Европа Биримдиги да бул маселеге өзгөчө кызыкдар. Брюссель үчүн “Ортоңку коридор” салттуу каттамдардан көз карандылыкты азайтуу менен бирге, Азиянын рынокторуна жана чийки затына туруктуу жол ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну түшүндүрөт. Европалыктар бул регионду экономикалык коопсуздук боюнча өздөрүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү катары карап, Кавказдын жана Борбор Азиянын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө барган сайын жигердүү түрдө инвестиция салышууда.
Өзгөчө ролду Түркия ойнойт. Анкара илгертен Европа менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы башкы көпүрө болууга умтулуп келет. Ал үчүн Кавказ жана Борбор Азия аркылуу өткөн каттамды өнүктүрүү, экономикалык гана эмес, саясий дагы долбоор болуп саналат. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланыштардын бекемделиши Жер Ортолук деңизинен тартып Кытай чек арасына чейинки зор мейкиндикте Түркиянын таасирин күчөтөт.
Процесстин негизги катышуучулары катары Казакстан менен Азербайжан да чыгууда. Дал ушул мамлекеттер Каспий деңизи аркылуу өтүүчү бүтүндөй каттамдын өзөгүн түзүшөт. Алардын порттору, темир жолдору жана логистикалык борборлору болмоюн, коридордун толук кандуу иштеши жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Бишкек менен Тбилисинин учурдагы жакындашуусун алда канча кеңири аймактык кызматташтыктын бир бөлүгү катары кароо кажет.
Позицияларды кайра тартиптөө
Бул жагдайдан караганда, грузин премьер-министринин сапары геосаясий мааниге ээ болууда. Бирок, муну менен биз союздардын алмашуусу, же Кыргызстандын тышкы саясатынын кескин бурулушу жүз берүүдө деп айта албайбыз. Тескерисинче, байланыштарды диверсификациялоого болгон аракеттердин бекемделиши байкалууда. Борбор Азиянын башка алсыз мамлекеттериндей эле, Кыргызстан расмий түрдө экономикалык жактан бир багыттан көз каранды болбоо жана мүмкүн болушунча көбүрөөк кызматташуу каналдарын түзүү позициясын карманат. Экономика тармагында Кыргызстан Кытай, Түркия, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Европа Биримдиги менен мамилелерин өнүктүрүүдө, ошол эле учурда евразиялык интеграциялык түзүмдөгү катышуусун сактап калууга аракет кылууда. Грузия дагы европалык багыт менен аймактагы прагматикалык капиталисттик саясаттын ортосунда тең салмактуулукту сактап, ушуга окшош аракеттерди көрүүдө.
Ошол эле учурда, көмүскө геоэкономикалык өңүттү да көз жаздымда калтырууга болбойт. Кандай гана жаңы транспорттук коридор болбосун, ал кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сөзсүз түрдө өзгөртөт. Орусия, албетте, өзүнүн транзиттик маанисин сактап калууга кызыкдар жана альтернативдүү каттамдардын өнүгүшүнө кызгануу менен кароодо.
Иран болсо өзүнүн «Түндүк–Түштүк» коридорун алдыга сүрөп, транспорттук атаандаштыкты улуттук кызыкчылык маселеси катары карайт. Ошондуктан «Борбор Азия — Кавказ — Европа» байланышынын өнүгүшү, бара-бара келечектеги соода агымдары үчүн жүрүп жаткан ири атаандаштыктын элементтеринин бирине айланууда.
Жыйынтыктап айтканда, бул сапардын маанисин кол коюлган документтердин саны же бүгүнкү күндөгү соода-сатыктын көлөмү менен өлчөөгө болбойт. Анын чыныгы маңызы – Кыргызстан менен Грузиянын евразиялык жүк ташуулардын жаңыдан калыптанып жаткан логистикалык долбоордо өз ордун ээлөөгө умтулуп жатканында. Бул өңүттөн алганда, жолугушуунун расмий протоколу, бүтүндөй Евразия мейкиндигиндеги логистикалык каттамдарды жана таасир этүү чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүүгө байланышкан алда канча ири масштабдуу процесстин сырткы гана көрүнүшү болуп саналат.
Хужжат Жамиа




