то ибн Халил Абу ар-Раштанын жалпы мусулмандарды курман айт майрамы менен куттуктоосу

Ато ибн Халил Абу ар-Раштанын жалпы мусулмандарды жана өзгөчө дааватчы жигиттерди 1447-хижрий, 2026-миладий жылдагы Курман айт майрамы менен куттуктоосу
Аллахка хамд, Расулуна ﷺ, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ага ээрчигендерге салават жана салам болсун.
Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах… Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд…
Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болгон, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган жана Азиз, Хаким болгон Аллахка ыйман келтирген жалпы Ислам үммөтүнө… Өзгөчө даават көтөрүүчүлөргө… Аллах алардын колдору аркылуу жеңиш берип, Өзүнүн жардамы менен аларды колдоп, Ислам мамлекетин – пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөсүн насип кылсын… Баракчанын урматтуу зыяратчыларына — жакшылыкка умтулган, акыйкаттын үстүндө турууга жана анын ээлерин колдоого бүт күчүн жумшаган адамдарга…
Баарыңарга ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух!
Сиздерди 1447-хижрий жылдагы ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаймын. Кудуреттүү жана Азиз болгон Аллахтан бул майрамды бардык мусулмандар үчүн жакшылыктын жана берекенин башталышы кылуусун сураймын…
Урматтуу бир туугандар!
Бул айт майрамы кирип келген учурда Американын курал–жарак аркылуу колдоосу менен яхудий түзүмү Газа Хашимге жана бүтүндөй Палестинага болгон агрессиясы уланууда… Мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар болсо болуп жаткан окуяларды карап турушат, шахиддерди санап, аларды “өлгөндөр” деп аташууда! Алардын эң “жакшылары” болсо ортомчу болуп көрүнүп, өздөрүн бейтарап көрсөтөт, бирок чындыгында алар яхудий түзүмүнө жакыныраак!
Бүгүн болсо алар бизге мындан да катуу жана зөөкүр жаңы агрессияны кошушту. Америка менен яхудий түзүмү Иранга каршы кеңири масштабдуу биргелешкен чабуул баштады жана ал 2026-жылдын 28-февралынан бери ушул күнгө чейин уланууда. Башкача айтканда, Иранга, Ливанга жана алардын айланасына каршы үч айдан бери тынымсыз чабуул болуп жатат!
Мына эми яхудий түзүмү Газа Хашимде кылганындай эле, Ливандын түштүгүндө “буфердик аймак” түзүүдө. Мунун баары мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулардын көз алдында болуп жатат, бирок эч кандай кыймыл жок!
Трамптын нормалдаштыруу поезди кайрадан ылдам жүрө баштады. Ал Ливанда да яхудийлер менен мамилени нормалдаштырып, башка өлкөлөргө жетип алууга шашып жатат. Чыккынчылык сүйлөшүүлөрү Аллахтан, Анын Расулунан ﷺ жана момундардан уялбастан жүргүзүлүүдө!
Алардын Ливан боюнча жарыяланган 10 күндүк же 3 апталык “тынчтык келишимдерин” яхудий түзүмү буттары менен тебелеп, чабуулдарын дагы күчөттү…
Ошондой эле Америка тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын 15-майы, жума күнү жарыялаган 45 күндүк элдешүү тууралуу билдирүүдө: «яхудий түзүмү менен Ливан ок атышууну токтотууну 45 күнгө узартууга макул болушту» деп айтылган. Бирок бул яхудий түзүмү үчүн кагаздагы сыядан башка эч нерсе эмес. Алардын чабуулдары ошол жалган элдешүүлөргө эч көңүл бурбастан уланууда.
“(израиль) бүгүн, 17/5/2026 жекшемби күнү, Ливандын чыгышындагы Батыш Бекаада жайгашкан Яхмар жана Сахмар кыштактарынын айланасына, ошондой эле Ливандын түштүгүндөгү Зоутар аш-Шаркия кыштагына абадан сокку урду…” “Ал-Жазира”, 17/5/2026).
Албетте, яхудий түзүмү Трамптын макулдугусуз мындай аба соккуларын жасабайт. Анткени “элдешүүнү” жарыялаган ошол эле Трамп болгон!
Мына ушундайча түнү да, күндүзү да бул жерде же тигил жерде агрессия токтобой жатат. Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар аларды тегеректеп турушса да, көрүстөндөгүдөй унчукпай калышты. Кудум бул кыргыздар башка планетада болуп жаткандай, аларга мунун эч тиешеси жоктой мамиле кылышууда. Алар кандай жаман өкүм чыгарышат!
Андан соң, Трамп Кытайга болгон сапарынан кайтып келгенден бери Ормуз кысыгын дагы эле курчоодо кармап, коркутуп-уркүтүп келүүдө:
“Америка президенти Трамп бүгүн, жекшемби күнү, Иран жетекчилери тез арада аракет кылбаса, оор кесепеттер болорун айтып коркутту… Трамп Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө: «Иран үчүн убакыт түгөнүп баратат. Алар тез аракет кылышы керек, болбосо аларда эч нерсе калбайт», — деп жазды. Ошондой эле ал: «Убакыт чечүүчү фактор!» — деп баса белгиледи…” (“Аль-Арабия”, 17/5/2026).
“Андан соң Америка президенти Иранга каршы аскерий сокку уруу тууралуу коркутууларын кайра жаңылады… Ал бүгүн, дүйшөмбү күнү, Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө Америка соккулары Иранга ар тараптан келиши мүмкүн экенин кыйытты…” “ВАА”, 18/5/2026).
Ал текеберлигин улантып дагы мындай деди:
“…Ушул эле абалда Трамп Америка күчтөрү Иран армиясын жана анын саясий жетекчилигин дээрлик жок кылганын баса белгилеп, Америка Кошмо Штаттары эч бир шартта Ирандын өзөктүк курал иштеп чыгуусуна жол бербесин айтты…” (“Middle East Online”, 20/5/2026.)
Ал эми Би-Би-Си 21–майда мындай деп жарыялады:
“Трамп Эндрюс авиабазасында журналисттерге сүйлөп жатып… Иран менен сүйлөшүүлөрдүн өнүгүшү тууралуу суроого жооп берип, алар чечүүчү бурулушта турганын айтты… Ал дагы мындай деди: «Эгер биз туура жоопторду албасак, абал өтө тез начарлайт. Жооптор 100% толук болушу керек”. (Би-Би-Си, акыркы жаңыртуу 21/5/2026).
Демек, ал сүйлөшүүлөр өзүнүн каалоосу боюнча жүрүшүн каалайт. Өзү дайыма айткандай:
“Иран менен сүйлөшүүлөр акыркы баскычка жетти. Бирок ошол эле учурда сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, дагы көп чабуулдар болорун эскертти.” (“Iran International”, 21/5/2026).
Ошентип, Трамп сүйлөшүүлөр өзүнүн текеберлигине ылайык, “күч аркылуу тынчтык” негизинде болушун каалайт! Ал өзүнүн жакын шериги Нетаньяхуну кыйратуу жана агрессияны улантууга түртүп жатат. Натыйжада яхудий түзүмү жогоруда айтылгандай, басып алган Ливан кыштактарында армиясы үчүн жаңы лагерлерди куруп, аларды “буфердик аймак” деп жарыялоодо. Башкача айтканда, Газадагы ХАМАС жана “сары сызык” менен болгон сценарийди кайра кайталоодо!
Көрүнүп тургандай, Трамптын “күч аркылуу тынчтык” деген жасалма тынчтык тууралуу текебер саясаты эки айга же андан да көпкө созула турган сүйлөшүүлөрдүн же талкуулардын киришүүсү катары мина коюлган келишим долбоорун пайда кылды. Бул тууралуу маалымат агенттиктери 24/5/2026 жекшемби күнү кабарлашты…
Трамп согушту өзү баштап, каалаган убакта токтотуп же аяктап жаткандыгы – бул чоң кырсыктардын бири. Ал төгүлгөн кандарга, кыйратылган үйлөргө жана талкаланган жашоо инфраструктурасына такыр карабайт… Мунун баары мусулмандардын колунда анын айласын өзүнө кайтара турган, ага сабак бере турган мамлекети болбогону үчүн болуп жатат. Илгери анын тарапташтары болгон фарстар менен румдар кандай сабак алышкан болсо, ошондой сабак берилбей калды. А түгүл анын жакын шериги Нетаньяху да Трамптын планы жана буйругу менен Палестинада, Ливанда жана алардын айланасында адамдарды, бак-дарактарды жана таштарды кыйратуу жолунда бара жатат!
Жыйынтыгында, мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар Ааламдардын Раббисин тасбих кылуунун ордуна, колонизатор каапырларды мактап жатышат… Палестинаны азат кылып, яхудий түзүмүн жок кылуунун ордуна, алар аны менен сүйлөшүүгө жана мамилени нормалдаштырууга аракет кылышууда… Бул башкаруучулар Трамп алардан ыраазы болушу үчүн, Америкага жана анын кол баласы яхудий түзүмүнө достук көрсөтүшүүдө! Ошентип, алар Трампты ыраазы кылуу үчүн Аллахтын каарына калышууда…
Алар Расулуллахтын ﷺ төмөнкү хадисин унутушту же унутумуш болуп жатышат:
عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ:
«مَنْ أَسْخَطَ اللَّهَ فِي رِضَا النَّاسِ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِ، وَأَسْخَطَ عَلَيْهِ مَنْ أَرْضَاهُ فِي سَخَطِهِ، وَمَنْ أَرْضَى اللَّهَ فِي سَخَطِ النَّاسِ رَضِيَ اللَّهُ تَعَالَى عَنْهُ وَأَرْضَى عَنْهُ مَنْ أَسْخَطَهُ فِي رِضَاهُ حَتَّى يُزَيِّنَهُ وَيُزَيِّنَ قَوْلَهُ وَعَمَلَهُ فِي عَيْنِهِ».
«Ким адамдарды ыраазы кылуу үчүн Аллахты каардантса, Аллах ага каарданат жана аны ыраазы кылган адамдарды да ага каршы коёт. Ал эми ким адамдардын каарына карабай Аллахты ыраазы кылса, Аллах андан ыраазы болот жана ага каарданган адамдарды да андан ыраазы кылат. А түгүл Аллах анын сөзүн жана амалын алардын көзүнө көркөм кылып көрсөтөт». (Табарони “ал-Муъжам ал-Кабирде” риваят кылган.)
Ошондой эле бул башкаруучулар каапырларга достук көрсөтүү кылмышынын коркунучун түшүнүшпөйт. Бул дүйнөдө кордук, акыретте болсо катуу азап алып келет:
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾
«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Алла алдында кордук жана катуу азап жетет». (Анъам: 124).
Бул башкаруучулардын колонизатор каапырларга болгон достугу ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, алардын кайсы бир өлкөсүнө кол салынса, башкалары жардам үчүн кыймылдап да койбойт. Алардын эң “жакшылары” болгону өлгөндөр менен жарадарларды санап коёт!
Негизи мусулмандар — бир үммөт. Алардын тынчтыгы бир, согушу бир. Үммөттүн кайсы бир бөлүгүнө жасалган кол салуу баарына жасалган кол салуу болуп эсептелет. Бирок мусулман өлкөлөрү бөлүнүп-жарылган, ал эми алардын башкаруучулары колонизатор каапырларга достук көрсөткөн абалда турганда, бул нерсе ишке ашпайт… Бул нерсе мусулмандарды кайрадан бир үммөт кылып бириктире турган рошид Халифалык менен гана ишке ашат… Ал Аллахка жардам берет жана Анын өкүмдөрүн колдонот. Ошондо Аллахтын уруксаты менен жеңишке жетет, өзүнүн адилеттиги жана жихады менен дүйнөнү нурландырат жана Аллах аны Өзүнүн нусраты менен урматтайт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).
Эй мусулмандар! Аллахтын чакырыгына жооп бергиле жана Аллах Субханаху ва Тааланын убадасын ишке ашыруу үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге аракет кылгыла:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).
Ошондой эле азыр биз жашап жаткан мына ушул жабыр көрсөтүүчү башкаруудан кийин боло турган нерсе тууралуу Расулуллахтын ﷺ сүйүнчүсү бар. Имам Ахмад Хузайфа ибн Ямандан риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ мындай деген:
«.. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»
«… Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Ушуну айтып бүтүп ал унчукпай калды.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).
Сөздүн соңунда Аллах Субханаху ва Тааладан бул айт майрамын Ислам жана мусулмандар үчүн жакшылыктын, берекенин жана улуулуктун башталышы кылуусун сураймын.
﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф: 21).
Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Бир тууганыңар,
Ата ибн Халил Абу ар-Рашта
1447-хижрий жыл, Зул-хижжа айынын онунчу күнү
27/05/2026-миладий




