3,4 МИЛЛИАРД АДАМ ЖАШООГО ЖАРАКСЫЗ ШАРТТА ЖАШООДО

3,4 МИЛЛИАРД АДАМ ЖАШООГО ЖАРАКСЫЗ ШАРТТА ЖАШООДО
Дүйнө жүзү масштабдуу турак жай кризисине туш болууда. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, болжол менен 3,4 миллиард адам талапка жооп бербеген турак жайларда жашайт. Алардын 1 миллиарддан ашыгы жакыр конуштарда жана мыйзамдаштырылбаган турак жайларда күн кечирип, көпчүлүгү негизги ыңгайлуулуктардан, коопсуз инфраструктурадан жана коммуналдык кызматтардан ажыраган.
Бул сандардын артында күн сайын тар, санитардык талаптарга жооп бербеген, эскирген жана авариялык абалдагы имараттарда жашоого аргасыз болгон миллиондогон үй-бүлөлөр турат. Көпчүлүк үчүн өз үйү да коопсуздуктун кепилдиги боло албай калды.
Кырдаалды турак жайдын баасынын кескин өсүшү, жеткиликтүү үйлөрдүн жетишсиздиги, имараттардын эскириши жана шаардык инфраструктуранын начарлашы ого бетер курчутууда. Айрыкча балдар, улгайган адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чоң коркунучта.
БУУнун эскертүүсүнө ылайык, начар турак жай шарттары жөн гана социалдык көйгөй эмес, миллиарддаган адамдардын ден соолугуна жана жашоо сапатына түздөн-түз коркунуч жараткан олуттуу маселе.
Ушундай абалда дүйнөдө миллиарддаган адам баш калкалай турган татыктуу жай таба албай жаткан учурда, турак жай барган сайын карапайым эл үчүн кол жеткис кыялга айланууда. Бул капиталисттик системанын негизги натыйжаларынын бири. Анткени мындай системада турак жай адамдын негизги муктаждыгы болуунун ордуна, пайда табуунун куралына айланды.




