Макала

«5+1» форматындагы дагы бир саммит

«5+1» форматындагы дагы бир саммит

Акыркы кездерде Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну айгинелеген «5+1» форматындагы саммиттер кеңири жайылып бара жатат. Себеби, дүйнөдө болуп жаткан орчундуу окуялар, геосаясий өзгөрүүлөр, кандуу жаңжалдар, экономикалык согуштар, санкциялар, маанилүү соода жолдорунун жабылышы Борбор Азиянын маанисин жогорулатып жатат. Башкача айтканда, Борбор Азия товар экспорттоо үчүн кошумча базар жана ресурстардын, өзгөчө сейрек кездешүүчү металлдардын булагы катары мааниси жогорулады. Ошондуктан, «5+1» форматындагы саммиттер өлкө башчылары катышкан деңгээлге өттү. Мындай саммиттер региондун ар бир өлкөсү менен эмес, бир эле учурда бардык өлкөлөрү менен кызматташууга жол ачат.

Ушул өңүттө Корея Республикасы да Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну жаңы дегээлге чыгарды. 16-сентябрда Сеулда Түштүк Корея жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары катышкан биринчи саммит болуп өттү. Бул «5+1» форматындагы кезектеги саммиттердин тизмегин толуктады.

Саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын башчылары катышып, үч күнгө созулган эки тараптуу жолугушуулар менен жыйынтыкталды. Анын алкагында энергетика, тоо-кен өнөр жайы, инфраструктура, технологиялар жана инвестициялар тармагында 70тен ашык келишимге жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Негизи бул кызматташуу жаңы нерсе эмес. «Корея Республикасы – Борбордук Азия» кызматташуу форуму 2007-жылы эле түзүлүп, алгач тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөрүлүп келген, кийинчерээк форум министрлердин деңгээлине көтөрүлгөн. Бирок буга чейин мамлекет башчыларынын жолугушуусу болгон эмес.

Корея Республикасынын кызматташууну мындай деңгээлге чыгарып жатканын бир канча себептери бар. Эң негизгилеринин бири – бул ресурстар. Себеби, бул өлкөнүн ресурстары чектелүү. Ошондуктан, Корея Республикасы чет элдик ресурстарды импорттоого көз каранды. Ал эми, бүгүнкү күндөгү геосаясий өзгөрүүлөр, жаңжалдар бул ресурстардын жеткирүү чынжырына таасир этип, тобокелчиликтерди жана кооп-коркунучтарды жаратууда. Ошондон улам ресурстарга жарды бул өлкө мунай, уран жана башка стратегиялык мааниге ээ минералдарды жеткирүү булактарын көбөйтүүгө умтулуп жатат.

Бул жаатта Түштүк Кореяны тынчсыздандырган дагы бир жагдай бар – бул Кытайдын бул тармактагы орду. Кытайдын негизги артыкчылыгы кен казууда гана эмес, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүүдө жана алардан жогорку технологиялык продукция өндүрүүдө. Бүгүнкү күндө Кытайда дүйнөдөгү чалгындалган сейрек кездешүүчү металлдардын запастарынын болжол менен 38–44%ы топтолгон (болжол менен 44 млн тонна). Дүйнөлүк жылдык өндүрүштүн 60–70%ы Кытайдын үлүшүнө туура келет. Чийки затты кайра иштетүү жана тазалоо тармагында Кытайдын позициясы андан да күчтүү, ал сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү боюнча дүйнөлүк рыноктун 90%ына чейин көзөмөлдөйт. Бул абал башка өлкөлөрдү, анын ичинде Корея Республикасын Кытайдын технологияларына көз каранды кылат. Кытай өз кызыкчылыгы үчүн бул абалдан пайдаланып таасир этиши мүмкүн.

Мунун мисалын вакыйлыкта көрүүгө болот. Маселен, Кытайдын атаандашы саналган Япония ушундай абалга туш болду. 2026-жылы Кытай Японияга сейрек кездешүүчү металлдар боюнча чектөөлөрдү киргизди. Айрыкча Тайвань маселесиндеги Япониянын позициясы жана Япониянын коргонуу тармагын күчөтүшү Кытайдын бул чектөөлөрдү киргизишине түрттү.

Ошондуктан Корея Республикасы Кытайдын сейрек кездешүүчү металлдар тармагында басымына кабылбоо үчүн башка булактарды да издөөгө өзгөчө көңүл бура баштады. Айрыкча, бүгүнкү күндө Кытай менен АКШ «экономикалык согушка» кирип жатышат. Ал эми Түштүк Корея АКШнын таасири астындагы өлкө экенин эсепке алсак, анда тобокелчиликтер дагы да көбөйөт.

Мындан тышкары, Россия Украинада согуш баштагандан тартып, Борбор Азиядагы таасири солгундап бара жатат. Анткени, учурда Россиянын бардык көңүлү, ресурсу, убактысы согушка багытталган. Санкциялар жана согуш Россиянын экономикасын алсыратты. Бул өз кезегинде анын Борбор Азиядагы таасирин кыскартууга алып келди. Батыш жана анын таасири астындагы өлкөлөр жаралып жаткан бул боштукту Кытай же башка өлкө монополия кылып алуусуна каршы жана Россиянын таасирин дагы да чектөө боюнча аракеттерди көрүп жатышат. «5+1» форматындагы саммиттер дал ушул максаттарды көздөйт. Андыктан, мындай форматтагы саммиттерди бир гана экономикалык тармакка байланыштыруу туура болбойт. Алардын артында аркандын экинчи башы Батышка барып такалган геосаясий максаттар жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү региондогу салттуу таасир ээси болгон Россия алсырагандыктан, бул сыяктуу саммиттерден пайдаланып көп векторлуу саясат алып барууга кызыкдар. Алар ресурстардын акысына технологияларды, инвестицияларды, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга үмүт кылып жатышат. Өзгөчө Казакстан менен Өзбекстан бир гана Россия же Кытайга көз карандылыктан четтеп, башка өлкөлөр менен да кызматташууну күчөтүп жатышат. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрү «5+1» фортматындагы бардык саммиттерге дилгир.

Бирок бүгүнкү күндө капиталисттик системада көз карандысыз өз алдынча саясат алып баруу мүмкүн эмес. Бир колонизатордун чеңгелинен чыксаң, экинчи колонизатордун чеңгелине түшөсүң. Башкача айтканда, кимдин таасири астында болсоң, базарыңды ошонун продукциясына ачып, ошонун колуна кен байлыктарыңды кош колдоп тапшырасың.

Колонизаторлор өз таасирин жаюу үчүн жогорудагыдай саммттерден пайдаланышууда, кээде ачык эле согуш аркылуу таасирин орнотушууда. Мына ушинтип дүйнөдө колонизаторлордун ач көз саясатынан улам согуштар, жаңжалдар чыгып, адамдар набыт болуп жатышат.

Ошондуктан, чыныгы азаттыкка жана өнүгүүгө жетүү үчүн мусулман өлкөлөрү биригиши зарыл. Бирикпестен, ар бири чектелүү улутчулдукка таянып өз кызыкчылыгын ойлой беришсе, колонизаторлордун «жеми» бойдон кала берет. Ал эми, улутчулдук биригүүнүн эң жаман жолу. Жада калса, ал биригүүгө тоскоолдук кылган идея. Биригүү толук кандуу туура идеология менен болот. Ал идеология болсо – Ислам!

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button